Башбаракты ачуу

Токтогул Сатылганов

Кыргыз совет эл акыны, төкмө акын
(Сатылганов Токтогул барагынан багытталды)

Токтогул Сатылганов (25-октябрь, 1864, Күшчү-Суу, Кокон хандыгы17-февраль, 1933) — Кыргыз төкмө акыны, обончу, комузчу, аткаруучу, куудул, дастанчы

Токтогул Сатылганов
KG035-14.jpg
Туулган датасы:

25 -октябрь 1864(1864-10-25)

Туулган жери:

Күшчү-Суу, Кокон хандыгы

Өлгөн датасы:

17 -февраль 1933(1933-02-17) (68 жаш)

Жарандыгы:

Flag of Russia.svg Орусия империясы
СССР желеги СССР

Ишмердүүлүгү:

Акын , обончу, комузчу

Жанр:

Дастан

Өмүр баяныОңдоо

Токтогул Сатылганов Жалал-Абад облусунун Кетмен-Төбөсүндө туулган. Он үч жашынан эле айыл арасында ырдай баштаган. Акындын лирикалык жанрдагы "Алымкан", "Насылкан", "Кызыл жоолук" аттуу ырлары күнү бүгүнкүгө чейин өзүнүн баасын жоготпой ырдалып келет. Өз заманынын аң-сезимдүү, кыраакы, терең ой жүгүртө билген инсаны катары Токтогул элдин кайгы-муң, ой-санаасына себепкер социалдык калыссыздыкты, курч маселелерди көз жаздымында калтыра алган эмес. Мисалы, атактуу "Беш каман" аттуу ыры менен элди эзип, күн көрсөтпөгөн беш бир туугандарды сынга алган. Токтогул өз чыгармаларында жашоо-турмуш жөнүндө философиялык көз караштарын да чагылдырган.

Токтогул элдик оозеки чыгармачылыкта салттуу болуп эсептелген санат, арман ырларын ирилетип, чоң чыгармаларга айланткан. Анын ырчы-төкмөлүк жактан калыптанышына улуу курактагы акын-ырчы, комузчулардын устаттыгы чоң таасир берген. Алардын катарында атактуу Эсенаман, Ниязаалы комузчу, Сары Ырчылар бар.

1882-жылы Токтогул Дыйканбай аттуу манаптын Арзымат деген ырчысы менен айтышка чыгат. Бул айтыш эл арасында азыркыга чейин айтылып калган. Анда 18 жаштагы өткүр, сөзү курч Токтогул өзүнөн бир топ жаш улуу дасыккан ырчыны жеңип кетет. Акындын өмүр баянын изилдөөчүлөр бир ооздон белгилегендей, ошол айтыш кайсы бир деңгээлде анын тагдырын чечип, төкмө акын терең ойлуу, курч сөзгө да, комузга да шыктуу, үнү да мукам ырчы эле эмес, эл таламын талашып, кедей-кембагалдын мүдөөсүн бий менен байларга жар салган акын катары таанылат. Ал ошонусу менен эл башкаруучуларга жагалданып, аларды мактап күн көргөн "ырчы" аттуулардын көздөрүн далай кызыткан.

1884-жылы Токтогул үйлөнүп, Топчубай аттуу уулдуу болот. Уулу төрөлгөн соң акын энесинин туугандарынын айылы Ийри-Суу деген жерге көчүп келип, 1898-жылы Андижан көтөрүлүшүнө катышты деген жалаа менен камакка алынып, Сибирге сүргүнгө айдалып кеткенге чейин жашап калат.

Ошол кездеги салт боюнча ар бир болуш-бийдин жан-жөкөрлөрүнүн катарында аны мактап, эл чогулган жерде жар салып турган ырчысы болгон. Токтогулдун талантына тамшанган далай бай-манаптар аны өзүнө ырчы кылгысы келген деп айтылат элде. Бирок Токтогул эч кимисине баш берген эмес. Аларга башын ийип жагынып, же алардын кокту толгон малын, сандыгы толгон дүнүйөсүн мактап ырдап кошоматтык кылган эмес. Акындын өмүрүн изилдөөчүлөрдүн пикиринде, анын сүргүнгө жалган жалаа менен айдалышына дал ушулар себеп болгон.

Токтогул Сибирде да өз өнөрүн таштабай, токойдо дарак кыйып жүрүп, кайыңдан комуз чаап кыргыздын ырлары менен кошо орус ырларын да чертип, өзүнө окшоп эркинен ажырагандардын көңүлүн көтөрөт. Токтогул Иркутскинин түрмөсүндө жети жылдай жатат. Бир нече жолку аракеттен кийин ал өзүнүн түрмөлөштөрүнүн жардамы менен качып чыгып, жөө-жалаңдап бир топ жыл дегенде өз мекенине жетет. Жолдо казак жеринде эле Токтогул деген атты уккан карапайым эл ага жардам кылып, курсагын тойгузуп, баш паана берип, колунан келгени атын миңгизип, ал эптеп айылына келет. Бирок азып-тозуп эптеп элине жеткен Токтогулду үйүндө да кайгы күтүп алат. Кичинекей уулу Топчубай каза болуп, жубайы башка менен турмуш куруп кетет. Аны эки көзү тең күйүттөн көрбөй, жаман алачыкта жалгыз калган энеси тосуп алат. Бирок эрки күчтүү, кайраттуу, сабырын колдон чыгарбаган Токтогул баарына туруштук берет. Элине, жашоого, акындыкка болгон сүйүүсү жеңип чыгат.

1910-жылы алыскы сүргүндөн качып чыккан Токтогул мекенине совет бийлиги менен тең чамалаш жеткен деп айтылат анын өмүр баяны жөнүндө түрдүү булактарда. Эл үмүтүн жандырган жаңы замандын келишин даңазалаган ырлар ошол кездеги Токтогулдун чыгармачылыгынын өзөгүн түзүп, анын ырлары элдин добушуна айланат.

Токтогул Сатылгановдун алгачкы "Кедейкан" аттуу китеби 1938-жылы Казань шаарында басылып чыккан. Ага чейин 1928-жылы Кыргыз автономиялык Республикасынын Агартуу боюнча элдик комиссариаты Токтогулду Фрунзеге чакыртып, комуз менен аткарган 18 чыгармасын жаздырып алган.

Ырлары ар кандай тематикада болгон. Алгачкы ырлары "Алымкан", "Чакырбай сүткор", "Беш каман", "Эшен-калпа" аттуу жана башка көптөгөн ырларды аткарган. Кийинчерээк акын "Эмне кызык", "Гүлдөп ал", "Санат", "Терме" сыяктуу нускалуу ырларды ырдаган. Бай-манаптарды, эшен калпаларды сындаган көп ырлары бар. 1898-жылы Сибирге сүргүнгө айдалган, анда жүргөндө: "Туткун ыры", "Ушундайбы сурагын", "Качып келе жатканда" жана башка ырларды чыгарган. 1903-жылы сүргүндөн келгенден кийин "Энсеген элим аманбы", "Апакем аман барсыңбы" жана башка ырларды ырдаган. Октябрь революциясынан кийин жаны түзүлүштү даңазалаган. Токтогул айтыш жанрындагы ырлардын чоң устаты. "Манас" эпосун, кенже эпосторду да айткан. 1938-жылы алгачкы ырлар жыйнагы жарык көргөн. Кийин ырларынын эки томдугу кыргызча, эки томдугу орусча, бир томдугу французча чыгарылган. 1933-жылы 69-жаш курагында туулган жеринде дүйнөдөн кайткан.

ЧыгармачылыгыОңдоо

Токтогулдун "Эмне кызык?", "Гүлдөп ал" сыяктуу лирикалык ырлары, жакшы жүрүм-турум, улуу-кичүүнү сыйлоо сыяктуу таалим-тарбиялык маанидеги "Үлгү ыры" сыяктуу санат, насыят ырлары эл оозунда калган. Айтылуу "Алымканды" да Токтогул жараткан. Айылдын сулуусу, ажарлуу Алымканга болгон акындын аруу сезими, экөөнүн тең күйүттүү тагдыры тууралуу 1965-жылы да көркөм тасма тартылган.

Акын "Элиме качан жетемин?", "Туткундагы арман", "Айланган тоонун бүркүтү", "Ушундайбы сурагың?", "Азапка түштү өмүрүм" сыяктуу сүргүндө жүрүп кайгыга, өз жерине болгон кусалыкка, акыйкаттын жоктугунан өкүнүчкө толгон ырларын чыгарган.

Сибирден кайтып келгенден кийинки ырларынын ичинде уулу Топчубай каза болгонун уккандан кийинки чыгарган кошок түрүндөгү "Балам жок" аттуу ыры бар. Бул ырды Токтогулдун замандаштары жана шакирттери Эшмамбет, Калык, Коргоол, Алымкулдар көп кайталап ырдашкан.

Совет доорунун башталышы менен Токтогул "Жашасын совет өкмөт!", "Кандай аял тууду экен Лениндей уулду" сыяктуу салтанаттуу мактоо ырларын жаңы заманга арнап ырдаган.

Токтогулдун өмүрүнүн акыркы жылдарында жаралган "Бала элем", "Карылык" сыяктуу арман ырлары анын шакирти Атай Огомбаевдин аткаруусунда жазылып калган. Аларда акын үнү булдбулдай таңшыган жаштыгын эскерип, арман кылганы менен акылман карыя катары жаштарга өз насаатын да айткан.

ШилтемелерОңдоо