Социалдык тармак

Социалдык тармактар‎»‎ барагынан багытталды)



Өзгөчөлүктөрү түзөтүү

Социалдык тармактын мүнөздүү өзгөчөлүктөрү болуп төмөнкүлөр саналат:

  • жеке профилдерди түзүү (жалпыга көрүнгүдөй же жарым-жартылай көрүнгүдөй), мында өзү жөнүндөгү реалдуу жеке маалыматтарды (окуган жана иштеген жери, хоббиси, жашоодогу принциптери жана башка) жазуу ар дайым талап кылынат.
  • маалыматтар менен алмашуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдүн толук спектрин түзөт (сүрөттөрдү, видеожазууларды, тексттерди жайгаштыруу (блог же микроблог режиминде), тематикалык топторду уюштуруу, жеке каттар менен алмашуу жана башка ушундай сыяктуу)
  • өзү менен мурдатан байланышта болгон башка колдонуучулардын тизмесин сактоого жана берүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт (мисалы, достошуулар, тууганын көрсөтүү, кызматтык байланыштар жана башка).

LiveJournal (блогдордун аянтчасы), foursquare, Twitter (микроблогдордун аянтчасы) кызматтарын социалдык тармактар деп эсептөөгө болбойт. Анткени аларда мүмкүнчүлүктөр чектелүү.

Түрчөлөрү түзөтүү

Саналган социалдык тармактардан башка дагы Веб 2.0 форматындагы төмөнкүдөй ресурстардын түрлөрү бар:

  • Социалдык закладкалар (англ. social bookmarking). Кээ бир веб-сайттар колдонуучуларга башка закладкалардын же популярдуу веб-сайттардын тизмесин тескемеге кошууга мүмкүндүк берет. Мындай сайттар бирдей кызыкчылыкты көздөгөн колдонуучуларды издөө үчүн да колдонулат. Мисалы: Delicious.
  • Социалдык каталогдор (англ. social cataloging) социалдык закладкалар сыяктуу, бирок академиялык сферада колдонууга багытталган, башкача айтканда, колдонуучуларга илимий макалалардан алынган цитаталардын маалымат базасы менен иштөөгө мүмкүндүк берет. Мисалы, Academic Search Premier (Издөөнүн академиялык премьер-министри – Академический премьер-министр поиска), LexisNexis Academic University (LexisNexis академиялык университети – Академический университет LexisNexis), CiteULike, Connotea.
  • Социалдык китепканалар өзүнө тиркемени (приложения) камтыйт. Анда колдонуучуларга китептерди, аудиожазууларды, шилтеме жана алардын жыйындысын жана башкаларды калтырууга мүмкүндүк берилет. Рейтингдерди, сунуштардын системин сактоо каралган. Мисалы, discogs.com, IMDb.com.
  • Социалдык медиасактагыч бул – медиафайлдарды биргелешип сактоо кызматы.

Аларды ушул эс-тутумдагы (сервер) жайгаштырылган файлдардын түрлөрү боюнча классификациялоого болот.

  • Адистештирилген социалдык тармактар – адамдарды белгилүү критерийлердин негизинде бириктирет. Мисалы, жашы, жынысы, тутунган дини, кызыкчылыктары жана башка.
  • Профессионалдык социалдык тармактар кесиптик темаларды, маалымат жана тажрыйба алмашууну, бош кызмат орундарын издөөнү жана сунуштоону, ишкерлик байланыштарды өнүктүрүү, сүйлөшүү үчүн түзүлөт.

Мисалы, LinkedIn, Мой Круг, Профессионалы.ру.

  • Корпоративдик социалдык тармактар компаниянын иш-аракетин карап чыгуудагы жана уюштуруудагы маселелерди чечет[2].
  • Документтер менен биргелешип иштөө үчүн кызматтар
  • Геосоциалдык тармактар колдонуучунун географиялык турган ордуна карап социалдык байланыштарды жөнгө салууга мүмкүндүк берет. Ушуну менен бирге геолокациянын (интернет колдонуучунун географиялык жайгашкан ордун аныктоо) ар кандай шаймандары (мисалы, GPS же AlterGeo технологиясы сыяктуу гибриддик системдер) колдонулат. Ал тигил же бул колдонуучунун учурдагы турган ордун аныктоого мүмкүндүк берет жана кайсы жерде турганына жана чөйрөсүнө жараша жайгаштырат.

Тарыхы түзөтүү

1995-жылдан тартып Classmates.com («Одноклассники» анын орусча үлгүсү болуп эсептелет) деп аталган америкалык порталдын жаралышы менен интернетте социалдык тармактар кеңири жайыла баштаган. Долбоор ийгиликтүү болуп, ушундан баштап буга окшогон ондогон кызматтардын үлгүсү пайда болду. Бирок социалдык тармактардын официалдуу түрдө өсүшү катары 2003-2004-жылдарды, тагыраагы, LinkedIn, MySpace жана Facebook тармактары чыккан жылдарды айта алабыз.

Социалдык тармактардын таржымалы түзөтүү

Facebook түзөтүү

  Facebook (фейсбук) дүйнөдөгү эӊ ири социалдык тармактардын бири. «кырг. Китептин бети» деген маанини берет. Аталган тармак 2004-жылы 4-февралда Марк Цукерберг тарабынан ачылган. Ошол учурда Марк Гарвард университетинде окучу. Алгач бул веб-сайт «The Facebook» деп аталып, Гарвард университетинин студенттери гана колдоно алышса, аз убакыт өтпөй катталуу Бостондун башка окуу жайларында да уланып, андан соӊ АКШнын бардык студенттерине тараган. 2005-жылы компания «The» деген белгини алып, «Facebook.com» деген аталышты калтырган. 2006-жылдын сентябрь айынан тарта 13 жаштан өйдө, электрондук почтасы бар интернет колдонуучуларына бул тармак менен пайдаланууга мүмкүнчүлүк ачылган. Бүгүнкү күндө активдүү колдонуучулардын саны күнүнө 936 миллиондон ашса, айына 1,44 миллиардга жетет. Жарнама берүүчүлөрдүн саны 2 миллион.

Күнүнө жиберилген каттардын эсеби 45 миллиард болсо, видео көргөндөрдүн саны 4 миллиард. Бир күндөгү «жакты» (нравится, like) белгиси 7 миллиарддан ашуун жолу басылса, жарыяланган сүрөттөр 2 миллиардга жеткен. 2013-жылы сайттын кирешеси 2,804 миллиард долларды түзгөн. Анын 73 пайызы жарнамадан түшөт. Мына ушундай олчойгон кирешенин артынан Марк Цукерберг 23 жашында планетанын эӊ жаш миллиардери болгон. 2014-жылы Фейсбуктун колдонуучуларынын саны 1 миллиард, 200 миллион адамга жетсе, анын 170 миӊден ашууну кыргызстандыктар. Күн сайын 80 миӊдей мекендештерибиз бул тармакка баш багышат.

Кызыктуу фактылар

  • 2011-жылы болгон Мисирдеги революциянын катышуучусу өзүнүн кызына Фейсбук Жамаль Ибрагим деген ысымды берген. Себеби ошол учурдагы революцияда бул социалдык тармак маанилүү ролду ойногон.
  • Америкалык Дэвид Киркпатрик аттуу жазуучу «Социалдык тармак. Кантип Фейсбуктун негиздөөчүсү 4 миллиард доллар таап, 500 миллион адам менен достошту?» деген китеп жазган.
  • 2010-жылы Фейсбуктун түзүлүшүнө арналган «Социалдык тармак» аттуу фильм тартылган.
  • Фейсбукту колдонууга тыюу салынган өлкөлөр:
  1.   Иран
  2.   Кытай
  3.   Пакистан
  4.   Сирия
  5.   Бангладеш
  6.   Түркмөнстан
  7.   Тажикстан

Instagram түзөтүү

  Инстаграм (Instagram) мактанганды жакшы көргөндөр үчүн эӊ жакшы кызмат десек болчудай. Анткени колдонуучулар чөнтөк телефонуна же фотоаппараттын «чыйк» этмесинен калган сүрөттөрүн достору менен бөлүшүп, кандай ой-пикирлер жазыларын теше тиктеп отурушат. Статистикалык маалыматтарга караганда, бул тармактын колдонуучуларынын 68 пайызын аялзаты түзөт. Аталган тармакты америкалык Кевин Систром менен Майк Кригер түзүп чыгышкан. Колдонууга берилген күнү 2010-жылдын 6-октябры. Бул тармакты 2012-жылы 9-апрелде «Facebook» компаниясы 1 миллиард долларга сатып алган. Мындан улам аталган социалдык тармакка жүктөлгөн видео жана сүрөттөрдү Facebook , Twitter өӊдүү тармактардан көрүүгө болот. Бүгүнкү күндө Инстаграм дүйнөдөгү эӊ белгилүү веб-сайттардын катарын толуктады. Тактап айтканда, 41 дүйнөлүк сайттын ичинен 21-орунда турат. Байкоолор боюнча, 2014-жылдын январь айында Инстаграмга 150 миллион адам катталган. Бир секунд ичинде сайттын колдонуучулары 8500 «жакты» белгисин басып, 1000ден ашуун сын-пикирлерди калтырышат.

Вконтакте түзөтүү

  В Контакте – (кырг. «байланышта») деген маанини билдирет. Аталган социалдык тармак 2006-жылы 10-октябрдан тарта колдонулуп келет. Негиз салуучусу Павел Дуров. Алгач бул тармак Орусиянын жогорку окуу жайларында колдонулуп баштаган. Жыл өткөн сайын аудиториясы артып, бүгүнкү күндө колдонуучулардын саны 219 миллионду чамалап, күнүнө 70 миллион адам бул тармактагы баракчасына баш бакмайын тура албайт. Негизги акционери «Mail.Ru Group» компаниясы. Башкы директорлору – Борис Добродеев, Олег Добродеев. Кыргызстанда В Контакте социалдык тармагынын колдонуучуларынын саны 2013-жылдагы көрсөткүч боюнча 319 миӊден ашкан.

Odnoklassniki.ru түзөтүү

  Одноклассники (OK.ru) социалдык тармагы «Mail.Ru Group» компаниясына таандык.

Бул тармак 2006-жылы Альберт Михайлович Попков тарабынан түзүлүп, 4-мартта ишке кирген. Ошол эле жылдын ноябрь айында сайттын колдонуучуларынын саны 1,5 миллион болсо, 2013-жылы 205 миллиондон ашкан. Ал эми күн сайын колдонгондордун саны 44 миллионго жеткен. Бул тармакта ар түрдүү жаш курактагы колдонуучулар болгону менен, көпчүлүк аудиторияны 25-44 жаштагылар түзөт. Кыргызстанда дагы интернет илдети менен ооругандарды бул тармактан таба аласыз. 2015-жылы Кыргызстанда Одноклассники социалдык тармагын колдонгондордун эсеби 2 миллиондон ашкан.

Twitter түзөтүү

  Twitter англис тилинен түзмө-түз которгондо (кырг. «быдылдоо, көп сүйлөө») деген маанини берет. Бул тармак 2006-жылы АКШнын «Odeo» компаниясынын кызматкери Жек Дорси тарабынан түзүлгөн. Долбоор 2006-жылдын 21-мартында саат 8:50дө ишке киришкен. Ошондо Дорси Твиттерге биринчи катын «мен азыр Твиттерди орнотуп жатам» деп жазган. Бул социалдык тармакты алгачкылардан болуп аталган компаниянын кызматкерлери колдонушкан. 2006-жылдын 26-июлунда толук версиясы элге көрсөтүлгөн. Компаниянын башкы кеӊсеси Сан-Франциско калаасында жайгашкан. Твиттерден 140 символго (тамга) чейин СМС жана кыска сөздөрдү жөнөтүүгө болот. 2010-жылы онлайн жарнама аркылуу түшкөн каражаты 45 миллион доллар болсо, 2011-жылы жалпы кирешеси 150 миллион долларга жеткен. Ал эми 2013-жылдагы «Forbes» журналынын жыйынтыгы боюнча, сайттын бюджети 168,6 миллион долларды чапчыган. Колдонуучуларынын саны 500 миллион болсо, активдүү колдонгондор анын 140 миллионун түзөт.

Соцтармактардагы жарнама түзөтүү

Колдонуучулар көз караштарын, кызыкчылыктарын, артыкчылыктарын жана башка өзү жөнүндөгү маалыматтарды өз каалоосу менен жарыялагандыктан, социалдык тармактар маркетингдик изилдөөлөрдүн күчтүү куралы болуп эсептелет. Ошондуктан жарнама берүүчүлөр алардын жарнамасы кандай колдонуучуларды кызыктырарын так аныктай алышат жана профилиндеги маалыматтарга карап конкреттүү бир колдонуучуга өзүнүн жарнамасын жөнөтө алышат (жашы, жынысы, жашаган жери жана башкалар боюнча). Жарнаманын мындай түрү таргетинг деген аталышка ээ болгон (англ. «Target» - максат, башкача айтканда, аудиториянын берилген критерийлерге канааттанган бөлүгүн бөлүп алып, ошого гана жарнаманы көрсөтүүчү механизм).

Социалдык тармактардагы жарнамалардын көлөмү токтоосуз өсүүдө. Ал 2007-жылы eMarketer аналитикалык компаниясынын баасында 1,225 миллиард долларлык баага жеткен. Бул eMarketer`дин эксперттеринин түзгөн отчётуна жарнаманын бардык түрү – медиа, контексттик жана видеожарнамалардын баары кирген, ошондой эле маркетологдор соцтармактарда өздөрүнүн товарлары жана бренддери үчүн профилдерди түзүүдө маркетингдик долбоорлорго кеткен чыгымдар да кирген. Мындан тышкары болжолдоолордо виджеттерди жана тиркемелерди (приложение) түзүүгө кеткен чыгымдар биринчилерден болуп эсепке кирет. 2011-жылы соцтармактардагы жарнамалардан түшкөн кирешелер 5 миллиард долларга чейин жеткен.

Кардарларды чакыруунун дагы бир жолу болуп соцтармактардагы компаниялар тарабынан ачылган топторду түзүү болуп саналат. Мындай топторду түзүү компанияларга тиешелүү өндүрүмдөрдү жана жаңылыктарды колдонуучуларга жеткирип турат.

Соцтармактардын кооптуулугу түзөтүү

Көпчүлүк адамдар соцтармактарда жайгаштырган маалыматтарын башкалар таап, өз пайдасына колдоно берерин түшүнө беришпейт. Соцтармактардын колдонуучулары жөнүндөгү маалыматтарды туугандары, аларга жумуш берүүчүлөр, кылмышкерлер жана башкалар таба алышат. Сот аткаруучулар салык төлөбөгөндөрдү же алардын байлыктарын билүү үчүн соцтармактарды колдонушат.

Социалдык тармактардан баарлашууга көз карандылыктын айынан психосоматикалык оорунун (кайгыруу) пайда болгондугу жөнүндө окуя бар. Белградда Снежана Павлович (Snezhana Pavlović) аттуу колдонуучу Facebook`ка жарыялаган билдирүүсү досторунун кызыгуусун жаратпагандыктан психикалык клиникага түшүп калган. Клиниканын дарыгерлери бейтаптын жүрүм-турумун азыркы замандагы индивидуумдун коомдук талаптары канааттандырарлык болбогондугунан келип чыккан кадимки эле стресс катары түшүндүрүшүп, муну “Снежананын синдрому” деп аташкан. Кээ бир жумуш берүүчүлөр чыгымды үнөмдөө үчүн гана эмес, маалыматтардын таралып кетишине жол бербөө үчүн да социалдык тармактарды колдонууга тыюу салат.

Д. Бойд АКШнын 16 штатында жүргүзүлгөн сурамжылоонун негизинде соцтармактарда эки негизги “коркунуч” бар деген жыйынтыкка келген: сексуалдык зомбулук жана жашыруун маалыматтардын таралып кетиши. М.Ларсен Даниядагы мезгилдүү контент-анализ басмасында соцтармактарга байланыштуу дайым эскертилчү сексуалдык зомбулук жана педофилия, коркутуу жана куугунтуктоо, опузалоо жана басмырлоо, улутчулдук идеяларды таратуу боюнча маселелердин тизмесин түзүүгө мүмкүндүк берген. К.Фукс немис жана австриялык студенттерден онлайн сурамжылоо жүргүзүп, төмөнкүдөй тобокелдиктердин тизмесин алган: жашыруун маалыматтардын тарап кетүүсү, спам таркатуу, жеке маалыматтардын жоголуп кетиши, жагымсыз келбет түзүү, интернетке көз карандылык.

С. В. Бондаренко Орусиянын түштүгүндө виртуалдуу тармактардагы топтор жөнүндөгү жүргүзгөн изилдөөсүндө девианттык (оолукма) жүрүм-турумдун төмөнкүдөй формалары бар деген жыйынтыкка келген: хакерлик (башка бирөөнүн компьютердик тармагына кирүү менен, андан маалыматтарды алуу, программалык өнүм коргоосун мыйзамсыз алып салып, аны көчүрүп алуу, компьютердик вирустарды жасоо жана аны таратуу жана башка), жашыруун түзүлүштү бузуу, диффамация (бирөөнү шылдыңдаган маалыматтарды жарыялоо), кибертерроризм, компьютердик педофилия.

ГУ-ВШЭ порталында жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча, респонденттердин айтымында, социалдык тармактар өтө көп убакытты алат, реалдуу баарлашуудан сыртта калтырат, “маалыматтардын жана баарлашуунун ашыкчалыгын” камсыз кылат.

Отчётто «конфиденциалдуулуктун талаптары социалдык тармактын колдонуучуларын аз тынчсыздандырары” айтылат. Негизинен, бул коркунучтар байланыш маалыматтарынын спамчылар үчүн оңой, эрте жеткендигине байланыштуу.

«Интернет мейкиндигинде социалдык тармактардын аутопойезисинин» ишинде соцтармактардын кандайча бөлүштүрүлөрү, интеграцияланары жана психологиялык рекурстарга чек коюлары иллюстрацияланган: Алар жеке жашоодогу элементтердин көбүн, адамдардын сыр белгилеринин үлгүлөрүн көчүрүп барып, байланыштын жалпы талаачаларына жайгаштырууга чыгымдайт.