Түндүк Мариана аралдары

океаниядагы мамлекет.
Түндүк мариана аралдары‎»‎ барагынан багытталды)

Түндүк Мариана Аралдары (англ. Northern Mariana Islands) расмий аталышы Түндүк Мариана аралдарынын шериктештиги (англ. Commonwealth of the Northern Mariana Islands) — Тынч океанынын түндүк-батышындагы 14 аралдан турган Америка Кошмо Штаттарынын инкорпорацияланбаган (курамына кирбеген) уюшулган аймагы болуп саналат[1].

Түндүк Мариана аралдары
англ. Commonwealth of Northern Mariana Islands

Герб
Туу Герб
Гимн: ««Gi Talo Gi Halom Tasi» («Деңиздин ортосунда»)
»
Расмий тили чаморро тили, каролин тили жана англис тили
Борбор шаары Сайпан
Ири шаарлар Сайпан
Башкаруу формасы Инкорпорацияланбаган (курамына кирбеген) уюшулган аймак
Президент
Губернатор
Жо Байден
Арнольд Паласиос
Мам. дини Динден тышкары мамлекет
Аянты
• Жалпы

464 км²
Калкы
• Бааланган (2022)
Жыштыгы

55,560 адам (209-орун)
113 ад./км²
ИДӨ (САМ)
  • Бардыгы (2016)
  • Ар бир жанга

1,24 млрд $
25,516 $
ИДӨ (номинал)
  • Бардыгы
  • Ар бир жанга

1,18 млрд $
21,239 $
Акча бирдиги АКШ доллары
Домени .mp
ISO коду MP
Телефон коду +1-670
Убакыт аралыгы UTC +10:00

Түндүк Мариана Аралдары Мариана аралдарынын эң түндүккү 14 аралын камтыйт. Бул архипелактын эң түштүккү Гуам аралы АКШнын өзүнчө аймагы болуп саналат. Түндүк Мариана аралдары Бириккен Улуттар Уюму тарабынан 1990-жылга чейин өзүн-өзү башкарбаган аймак катары саналып келген[2].

Колониялык мезгилинде Түндүк Мариана аралдары Испания, Германия жана Жапония империяларынын көзөмөлү астында болгон. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин, аралдар АКШ башкаруусу астындагы Бириккен Улуттар Уюмунун мандаттуу аймактарынын бир бөлүгү болгон. 1986-жылы расмий түрдө Америка Кошмо Штаттарынын курамына кошулуп, аралдардын калкы Америка Кошмо Штаттарынын жарандыгын алышкан.

АКШнын Ички иштер министрлиги аралдардын аянтын 475,26 км² деп белгилейт[3]. 2020-жылдагы Америка Кошмо Штаттарынын эл каттоосу боюнча малыматтарга ылайык бул аралдарда 47,329 адам жашаган[4]. Калктын басымдуу бөлүгү Сайпан, Тиниан жана Рота аралдарында отурукташкан. Түндүк Мариана аралдарындагы башка аралдарында адамдар сейрек отурукташкан, жанар тоонун атылышынын жыйынтыгында кээ бир аралдардан адамдар толугу менен көчүп кетишкен[5].

География

түзөтүү
 
Сайпан аралынын Эл аралык космос станциясынан тартылган сүрөтү

Түндүк Мариана аралдары түштүгүндөгү Гуам менен бирге Мариана архипелагын түзөт. Түштүк аралдары акиташ заттынан туруп, тегиз тектирлүү келет жана коралл рифтери менен курчалган. Түндүк аралдары вулкандык, бир нече аралдарда, анын ичинде Анатахан, Паган жана Агриханда активдүү жанар тоолор бар. Агрихандагы жанар тоонун бийиктиги 965 метр[6]. 2018-жылдын 1-июнунда Жон Митчелл жана Рид Ларссон уюштурган экспедициянын катышуучулары бул жанар тоонун чокусуна биринчи жолу чыгышкан[7].

Климат

түзөтүү

Климаты пассат-муссон тибиндеги тропиктик. Температуранын өзгөрүүсү анча кескин эмес. Марианадагы орточо айлык температура 24—29 °С, кургакчыл мезгил декабрдан июнга чейин, жаан-чачындуу мезгил июлдан октябрга чейин созулат. Августтан ноябрга чейин тайфундар болуп турат[8].

Аралдар

түзөтүү
Арал Аянты,

км²

Калкы,

адам (2010)

Бийик чекити Чоку Координаттар
Түндүк аралдар
1 Фаральон-де-Пахарос (Urracas) 2,55 319 20°33′ түн. к. 144°54′ ч. у.
2 Мауг 2,13 227 (Түндүк аралы) 20°02′ түн. к. 145°19′ ч. у.
3 Асунсьон 7,31 891 19°43′ түн. к. 145°41′ ч. у.
4 Агрихан (Agrigan) 43,51 965 Агрихан тоосу 18°46′ түн. к. 145°40′ ч. у.
5 Паган 47,24 579 Паган тоосу 18°08′36″ түн. к. 145°47′39″ ч. у.
6 Аламаган 11,11 744 Аламаган 17°35′ түн. к. 145°50′ ч. у.
7 Гугуан 3,87 301 17°20′ түн. к. 145°51′ ч. у.
8 Банка Зеландия >0 >0 16°45′ түн. к. 145°42′ ч. у.
9 Сариган 4,97 549 16°43′ түн. к. 145°47′ ч. у.
10 Анатахан 31,21 787 16°22′ түн. к. 145°40′ ч. у.
11 Фаральон-де-Мединилья 0,85 81 16°01′ түн. к. 146°04′ ч. у.
Түштүк аралдар
12 Сайпан 115,38 48 220 474 Тапочау тоосу 15°11′06″ түн. к. 145°44′28″ ч. у.
13 Тиниан 101,01 3136 170 Кастию (Lasso Hill) 14°57′12″ түн. к. 145°38′54″ ч. у.
14 Агихан (Agiguan) 7,10 157 Алутом 14°42′ түн. к. 145°18′ ч. у.
15 Рота 85,39 2527 491 Манира тоосу 14°08′37″ түн. к. 145°11′08″ ч. у.
Түндүк Мариана Аралдары 463,63 53 883 965 Агрихан тоосу 14°08' to 20°33’N,

144°54° to 146°04’E

Административдик-аймактык түзүлүшү

түзөтүү
 
Картада Түндүк Мариана аралдарынын төрт муниципалитети көрсөтүлгөн

Түндүк Мариана аралдары 4 муниципалитетке бөлүнөт:

Муниципалитет Административдик борбору Аянты,

км²

Калкы,

адам (2010)

Калкынын жыштыгы,

адам/км²

1 Түндүк аралдар 154,75
2 Сайпан Капитал-Хилл 115,38 48 220 417,92
3 Тиниан Сан-Хосе 108,11 3136 29,01
4 Рота Сонгсонг 85,39 2527 29,59
Жалпы 463,63 53 883 116,22

Колдонулган адабияттар

түзөтүү
  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4

Булактар

түзөтүү

Тышкы шилтемелер

түзөтүү