Шамалды-Сай же Шамалдуу-СайКыргызстандын Жалал-Абад облусундагы шаарча. Таш-Көмүр шаарынын администрациясына баш ийет.

Шаарча
Шамалды-Сай
Өлкө Кыргызстан
Облус Жалал-Абад облусу
Шаардык аймак Таш-Көмүр
Координаттар 41°11′50″ с. ш. 72°10′49″ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү 1957
Убакыт аралыгы UTC+6
Калкы
Расмий тили Кыргыз тили
Калкы 12308[1] адам (2021)
Жыштыгы 580 адам/км²
Улуттук курамы Кыргыздар, Орустар, Өзбектер
Диний курамы Ислам
Сандык идентификаторлор
Телефон коду +996
Автоунаа коду 04, D
Шамалды-Сай (Кыргызстан)

ААББТ коду — 41703 420 520 01 0[2].

Тарыхы түзөтүү

Шамалды-Сай шаарчасы 1957-жылы аймакта Үч-Коргон ГЭСи курулуп жатканда шаар тибиндеги поселок катары түптөлгөн. Ошол учурдан тартып Таш-Көмүр шаарынын карамагында турат. 2009-жылы шаар тибиндеги поселок статусу жоюлуп, шаарчалык өкмөт болуп өзгөртүлгөн.

2017-жылдын башында Жалал-Абад облусунун ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамга ылайык шаар ичинде шаарчанын жайгашуусу мыйзамга каршы келерин билдирип, шаарча макамын алууну сунушташкан[3]. 2017-жылы 25-мартта Шамалды-Сай шаарчасында 200гө жакын жашоочу катышкан жыйын өтүп, анда айыл макамын берүүгө каршылык көрсөтүшкөн. Таш-Көмүр шаарынын вице-мэри Өмүрбек Бабатаев элдин талабы орундуу деп эсептеген.

Географиясы түзөтүү

Таш-Көмүр шаарынан 20 км түш. тарапта, Нарын дарыясынын боюнан орун алган. Калкы 12790 (2002). Жалпы аянты 2293 га. Карамагына «Теңдик» коомдук комитети (мурдагы «Ташкөмүр» совхозу да кирет (2002).

Инфратүзүмү түзөтүү

Шамалды-Сайда 4 өнөр жай ишканасы, бир курулуш мекемеси, 3 транспорт жана байланыш ишканасы бар. Электр энергиясын, металл кон-струкцияларын, сүт азыктарын, темир-бетон, жыгач буюмдарын, кислород, асфальт-бетон жана башка элге керектөөчү товарларды чыгарган КГСК, «Үчкоргон ГЭСи», «Жеразык» акционердик коомдору, «Сүт» менчик ишканасы, №2 АТПО, Шамалды-Сай ГЭСи ишканалары бар. 6 окуу жайы анын ичинде 3 кесиптик лицей, 4 медициналык мекеме, 5 маданий агартуу мекемеси иштейт[4].

Калкы түзөтүү

жылы 1959[5] 1970[6] 1979[7] 1989[8] 2009 2011 2019 2020 2021[1]
адам. 4511 5538 6103 8813 9550 9800 11746 12047 12308

Булактар түзөтүү