Эл аралык айылдык аялдар күнү

Эл аралык айылдык аялдар күнүжыл сайын 15-октябрда белгиленет. Бул күн айылдык аялдар үчүн маанилүү болгон ар кандай ураандардын астында майрамдалат (насыяларды алуу мүмкүнчүлүгү, маалыматтык-коммуникациялык технологияларга жана таза сууга жетүү мүмкүнчүлүгү).

Тарыхы түзөтүү

Бүткүл дүйнө жүзү боюнча айылдык аялдардын күнүн белгилөө идеясы БУУнун Пекин шаарында 1995-жылы болуп өткөн аялдар конференциясында сунушталган. 2007-жылдын 18-декабрындагы БУУнун Башкы Ассамблеясынын 62/136-резолюциясы айылдык аялдар күнүн расмий түрдө негиздеп, "айылдык аялдардын, ошондой эле жергиликтүү элдердин аялдарынын айыл-чарбаны жана айыл жергесин тезирээк өнүктүрүүдө, айыл жергесинин азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөдө жана жакырчылыкты жоюуда ойногон ролу менен кошкон салымын" жогору баалайт. Пекин иш-аракеттер платформасындагы бардык стартегиялык максаттарында айылдык аялдардын абалына өзгөчө көңүл бурулат[1].

Дүйнөдөгү эл аралык айылдык аялдар күнүн майрамдоо иш-чаралары түзөтүү

1994-жылы Аялдардын дүйнөлүк саммити айыл жергелерин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн бүткүл дүйнө жүзүндөгү айылдык аялдар менен уюмдар сыйлана турган "Айыл турмушундагы чыгармачылык" деген сыйлыкты негиздеди. Бул сыйлык айылдык коомчулуктардын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган чыгармачыл аракеттерге, чечкиндүүлүккө жана бүткүл жан дили менен берилгендикке ыйгарылат. Мындан тышкары, бул сыйлык аркылуу жакырчылыкты жана гендердик басмырлоону жоюу, ошондой эле айыл жергесиндеги аялдардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жаатында ийгиликтүү иш алып барган лауреаттардын чыгармачыл үлгүлөрүн жайылтуу ыкмасы болуп саналат.

2015-жылы бүткүл дүйнө жүзү боюнча "Айыл турмушундагы чыгармачылык" сыйлыгы 413 лауреатка берилген. Кыргызстандагы айылдык аялдардын уюмдары, лидер аялдар да Аялдардын бүткүл дүйнөлүк саммитинде сыйлыктарга ээ болушкан:

Аты-жөнү Уюму Алган сыйлыгы Кылган эмгеги Жыл
Мейманбү Ташиева «Ата Журт» бейөкмөт уюму (БӨУ) «Өз ара жардамдашуу топторунун талыкпас насаатчысы» Айыл коомчулуктарын мобилизациялап, 15 өзара жардамдашуу тобун түзүп, микронасыялар менен ийгиликтүү иш алып барганы үчүн 2001
Ольга Джанаева «Алга» коомдук бирикмеси «Биздин жашоо өзүбүздүн колубузда» Айылдык аялдардын жана алардын үй-бүлөлөрүн туруктуу өнүгүүсү үчүн айылдык аялдардын дараметин арттыруу боюнча ар тараптуу программаны ийгиликтүү жүзөгө ашырып келе жаткандыгы үчүн 2003
Майрам Өмүрзакова «Алтын Кол» БӨУ «Көчмөн туризм жана туруктуу өнүгүү» Нарын дубанында туризмди өнүктүрүп, жаңы жумуш орундарын ачып, айыл жергесиндеги үй-бүлөлөрдүн кирешелерин көбөйтүүгө кошкон салымы үчүн 2005
Шайырбүбү Абдылдаева «Умай Эне» БӨУ «Аялдын колунан баары келет» Туулуп-өскөн айылына инвестицияларды тартып келип, айылдын инфратүзүмүн калыбына келтиргендиги, ошондой эле айылдаштарынын жашоо шарттарын жакшыртуу үчүн жаңы жумуш орундарын ачып, чакан ишканаларды өнүктүргөнү үчүн 2011

Кыргызстандагы айылдык аялдар күнү түзөтүү

1999-жылдан бери "Алга" коомдук бирикмеси ар кандай иш-чараларды өткөрүп келет. Эл аралык уюмдардын жардамы менен жана жеке каражаттарынын эсебинен "Алга" Чүй дубанында жана Бишкек шаарында Кыргызстандагы айылдык аялдар күнүн өткөрүү демилгесин көтөрүп чыккан. Бул демилгени көптөгөн уюмдар колдоп, Нарын, Ысык-Көл, Баткен, Ош жана Жалал-Абад дубандарындагы айылдык аялдар өз күнүн майрамдай алышты. Бул күнү ар кандай конференциялар, семинарлар, тегерек столдор уюштурулуп, аларда айылдык аялдардын абалына байланыштуу маселелер менен көйгөйлөр көтөрүлүп, аларды чечүү жолдору талкууланды. Коомдук талкуулар айыл-чарба өндүрүмдөрүнүн көргөзмө-жарманкелери менен коштолуп, айылдардагы өздүк көркөм чыгармачылык топтор концерт коюп беришти.

Айылдык аялдардын эл аралык күнүнө арналган улуттук деңгээлдеги биринчи жолугушуу 2012-жылдын 16-октябрында болуп өттү. Бул иш-чараны өткөрүү демилгесин КРнын Өкмөтү, Гендердик теңчилик жана аялдардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маселелери боюнча БУУнун UN-Women түзүмү, жана Кыргызстандагы бир катар аялдардын бейөкмөт уюмдары көтөрүп чыгышты.

Башталган иштин уландысы катарында 2013-жылдын 17-октябрында Баткен шаарында "Айылдык эмгекчил аялдардын ийгилиги - бүтүндөй коомдун ийгиликтүү өнүгүүсү" деген аталыштагы Айылдык аялдардын биринчи республикалык конференциясы болду. Конференцияда Кыргызстандын бардык чөлкөмдөрүнөн 100 жакын аял катышты. Конференциянын катышуучулары 18-июнду Кыргыз Республикасындагы айылдык аялдардын күнү деп негиздеген Резолюцияны кабыл алышкан. Бул майрам күнүн белгилөө менен, конференциянын катышуучулары айылдык аялдардын, б.а. өлкөдөгү бардык аялдардын 65% муктаждыктарын, ошондой эле алардын коомду өнүктүрүүгө кошкон салымын таанууда эң маанилүү кадамдардын бири деп эсептешет.

18-июнда Кыргызстандын тарыхында көрүнүктүү аялдардын бири Зууракан Кайназарова төрөлгөн. Легендага айланган З.Кайназарованы кыргызстандыктардын көптөгөн муундары ата-мекенине жана элине чын жүрөгү менен кызмат кылган чыныгы патриот жана эмгекчил инсан катары билип, урматташат. Анын карапайым эмгекчил аял, ошол эле маалда өз мезгилинин алдыңкы лидери катарындагы образы көптөгөн жылдар бою кийинки муундарга үлгү болуп келет.

Аялдар кыймылынын активисттери бир нече жыл бою КРнын Өкмөтүнүн чечимин күтүп келишкен. 2014-жылдын 17-июлунда Нарын шаарында айылдык ишкер аялдарды өнүктүрүүгө арналган айылдык аялдардын Экинчи республикалык конференциясы болуп өткөн. Конференцияда Кыргызстандын бардык чөлкөмдөрүнөн 150 жакын аял катышкан.

Активисттердин аракетинин натыйжасында, КРнын Өкмөтү айылдык аялдардын коомдун өнүгүүсүндө ойногон ролу жана салымын эске алуу менен, айылдык аялдардын социалдык статусун жогорулатуучу экономикалык, социалдык жана укуктук шарттарды жакшыртуу максатында 2015-жылдын 15-июнунда "18-июнду Кыргыз Республикасындагы айылдык аялдардын жыл сайын майрамдалчу күнү деп белгилөө жөнүндө" Токтомду кабыл алган. 2015-жылдын 18-июнунда Бишкек шаары жана Сокулук айылында болуп өткөн "Үй-бүлөлүк баалуулуктарды орнотууда айылдык аялдардын ролу" деген аталыштагы айылдык аялдардын Үчүнчү республикалык конференциясында бул окуя салтанаттуу жарыяланды.

Ушундай жол менен мамлекет аялдардын айыл-чарбаны бекемдөөдө, азык-түлүк коопсуздугун чыңдоодо, жакырчылыкты жоюуда жана айыл райондорун өнүктүрүүдө ойногон ролу менен салымын жогору баалады.

Эскертмелер түзөтүү

  1. Пекин иш-аракеттер платформасы. [Электрондук ресурс]: URL: http://www.un.org/.../pdf/BDPfA%20R.pdf(жеткиликсиз шилтеме)

Колдонулган маалымат булактарынын тизмеси түзөтүү