Энтерит
Энтерит (байыркы грек тилинен ἔντερον — ичеги) — ичке ичегинин сезгенүүсү.
Ал көбүнчө гастрит (гастроэнтерит), колит (гастроэнтероколит, энтероколит) менен коштолот.
Энтериттин катуу кармаган түрү ар кандай жугуштуу оорулардан (ич келте, паратиф, холера жана башкалар), тамак-аштан ууланганда, дары-дармек же тамак-аш аллергиясында жана башкалар пайда болот. Мында ичке ичегинин былжыр чели көөп, кан тамырларына кан көп келип, секрециясы күчөйт; оор учурунда кан куюлуп, жараланат.
Белгилери:
түзөтүүич капысынан ооруп, көп учурда кусат, ич өтөт, эт ысыйт. Оору катуу болгондо организм жалпы ууланып, жүрөк-кан тамыр системасы начарлайт, организмден суу көп кетип, тырышат. Энтериттин жеңил түрүндө оорулуу бир нече күндө же жумада сакайып кетет.
- Катуу кармаган түрүн ооруканада, жеңил түрүн үйдө дарыласа болот. Дарылоодо тазалоочу клизма жасалат, сульфаниламиддер, антибиотиктер, спазмга каршы, куруштуруучу жана башкалар заттар пайдаланылат, ошондой эле таттуу салынбаган, коюу чайды көп берүү сунуш кылынат. Өнөкөт энтерит адам көбүнчө иретсиз тамактануудан (тамактануу режимин такай бузуудан, өткүр тамак-аш жана спирт ичимдиктерин көп ичүүдөн), гельминтоздордон, лямблиоздон жана өндүрүштүк уу заттар (мисалы, коргошундун кошулмалары) организмге көпкө таасир этүүдөн, дарыны (антибиотик, ич алдырма туздарды) көп ичүүдөн, ичегидеги айрым ферменттердин синтезделиши бузулган тубаса оорулардан жана башкалар болот. Мында ичегинин былжыр чели акырындан жукарып (атрофия), андагы ферменттер азайып, тамак сиңирүү бузулат. Оорулуунун ичи курулдап, киндик тушу ооруйт, жүрөгү айланып, алы кетет, ичи өтөт.
Дарылоо
түзөтүүДарылоодо мүнөздөп тамактануу, витаминдер, ич өтсө ич катыруучу дары, тамак сиңирүүгө жардам берүүчү ферменттер, ооруган учурда спазмга каршы дары, физиотерапия колдонулат. Оору кармаган учурда ооруканада, кармабай турганда санаторий-курорттук дарылоо сунуш кылынат.
Колдонулган адабият
түзөтүүКыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8