ОктябрьНоябрьДекабрь
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30  

16-ноябрь — жылдын 320-чү күнү (толук жылда 321-чи күн), Григорий календары боюнча жылдын аягына чейин 45 күн бар.

Майрамдар түзөтүү

Окуялар түзөтүү

Кыргызстан түзөтүү

  • 1905-жылы: Пишпек шаарындагы почта-телеграф кызматкерлеринин козголоңу башталган.
  • 1934-жылы: Кыргызстан сүрөтчүлөр союзу уюшулуп, анын алгачкы төрагалыгына Семён Чуйков шайланган.
  • 1941-жылы: Улуу Ата Мекендик согуш: Жердешибиз Иван Панфиловдун командачылыгы алдында 316-аткычтар дивизиясынын 28 баатыры Москванын алдындагы Дубосеководо болгон салгылашууда чоң эрдик көрсөтүшкөн. Ошондо алар 4 саатта фашисттердин 4 танкасын талкалашып, бардыгы курман болушкан. Советтер Союзунун 28 Баатырынын ичинде 7 кыргызстандык бар эле – И.Панфилов, Д.Шопоков, Н.Ананьев, Г.Конкин, И.Москаленко, Г.Петренко жана Г.Шемякин.
  • 1976-жылы: Панкратион боюнча Азия чемпиондугунун сыйлык ээси, ЖКнын депутаты Санжарбек Кыдыралиев төрөлгөн.
  • 2006-жылы: Бишкек шаарынын микрорайонунда жашаган тургундардын жүрөгүн алган маньяк колго түшүрүлгөн. Ага чейин милиция кызматкерлери “ал жети кишини өлтүрүүгө шектүү” деп билдирген.
  • 2007-жылы: БУУнун өлүм жазасын жоюу боюнча дүйнөлүк резолюциясына Кыргызстан да кошулду.
  • 2011-жылы: Ошто СПИД оорусуна, дарыгерлердин айынан жабыркаган кыз-уландардын ата-жнелери, Бишкекке митингге чыгышкан

Дүйнө түзөтүү

  • Б.З.Ч 1942-жылы: Байыркы Рим императору Тиберий туулган.
  • 1824-жылы: Изилдөөчү Гамильтон Хьюм Австралиядагы эң узун дарыя Мюррейди дүйнө коомчулугуна кабарлаган.
  • 1918-жылы: Венгрия Австро-Венгрия империясынан бөлүнүп, республика деп жарыяланган.
  • 1934-жылы: Жазуучу Льюис Кэролл “Укмуштар дүйнөсүндөгү Алиса” чыгармасын арнаган Алиса Лидделл 82 жашында көз жумган.
  • 1945-жылы: Илим, билим жана маданият боюнча Бириккен Улуттар Уюму ЮНЕСКО (UNESCO — United Nations Educational, Scientific and Cultural Organization) түзүлгөн.
  • 1958-жылы: Орус ырчысы Александр Малинин жарык дүйнөгө келген. (53 жыл мурун.)
  • 1964-жылы: Үч жолку “Грэмминин” кожойкеси, канадалык ырчы жана пианист Дайана Кролл жарык дүйнөгө келген. (47 жыл мурун.)
  • 1965-жылы: Венера планетасына биринчи болуп жеткен СССРдин учкучу жок “Венера-3” кемеси космоско учурулган. (46 жыл мурун.)
  • 1981-жылы: Америкалык актёр, «Оскар» сыйлыгынын ээси Уильям Холден каза болгон. (30 жыл мурун.)
  • 1989-жылы: Чехословакияда Баркыт революциясы башталган. (22 жыл мурун.)
  • 1996-жылы: Каспийскте террористтик акт катталып, 67 адам каза болгон. (15 жыл мурун.)
  • 2006-жылы: Америкалык экономист, “Нобель” сыйлыгынын лауреаты Милтон Фридман каза болгон.

Төрөлгөндөр түзөтүү

Каза болгондор түзөтүү