23-ноябрь
Октябрь – Ноябрь – Декабрь | ||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 |
8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 |
15 | 16 | 17 | 18 | 19 | 20 | 21 |
22 | 23 | 24 | 25 | 26 | 27 | 28 |
29 | 30 |
Жылдын - 327 күнү. Жыл аягына чейин 38 күн бар
Кыргызстан
түзөтүү- 1930-жылы: Кыргыз АССР Элдик комиссарлар кеңешинин чечими менен Чөлкөм таануу жана билим берүү боюнча Кыргыз илим изилдөө институту кайра уюшулуп, анын базасында мал чарбачылык секциясы ачылган.
- 1964-жылы: КРнын Эмгек менен камсыз кылуу жана миграция министри Айгүл Рыскулова жарык дүйнөгө келген.
- 2004-жылы: Аялдарга зордук-зомбулук көрсөтүүнү токтотуунун улуттук механизмдерин өркүндөтүүгө арналган улуттук форум Бишкекте салтанат менен ачылган.
- 2009-жылы: Бишкек шаарында баардык мектептер бир апталык карантинге жабылды. Анткени окуучулардын сабакка катышуусу сасык тумоодон улам эки эсеге чейин төмөндөп кеткен.
- 2009-жылы: Баш прокурор Элмурза Сатыбалдиев жумуштан кетип, президенттин Коргоо, коопсуздук жана укук тартиби маселелери боюнча кеңешчиси болуп дайындалган.
Дүйнө
түзөтүү- 912-жылы: Рим империясынын императору Улуу Оттон I төрөлгөн.
- 1852-жылы: Англияда биринчи жолу почта ящиктери колдонула баштаган.
- 1875-жылы: Орусиялык жана советтик адабият сынчысы, саясий ишмер Анатолий Луначарский төрөлгөн.
- 1887-жылы: Англиялык актёр, ужас фильмдеринин падышасы эсептелген Борис Карлофф төрөлгөн. Ал Франкенштейндин ролун аткаруусу менен таанылган.
- 1889-жылы: Орус медицинасынын классиги Сергей Боткин каза болгон.
- 1936-жылы: Америкалык “Лайф” журналынын биринчи номуру чыккан.
- 1955-жылы: СССРде супербомба сыноо түрүндө жардырылган. Анын энергиясы “300 Хиросиманы” түзгөн эле.
- 1971-жылы: Кытай БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөсүнө айланган.
- 1981-жылы: Кытайда жеке ишкердик жүргүзүүгө уруксат берилген.
- 1990-жылы: Парадоксалдуу аңгемелердин чебери, “Чарли жана шоколад фабрикасы” менен “Матильда” чыгармаларынын автору Роальд Даль көз жумган.
- 1992-жылы: Америкалык актриса, сахнада Ханна Монтана деген лакап аты менен таанымал ырчы Майли Сайрус жарык дүйнөгө келген.
- ↑ [http://www.calend.ru/holidays/0/0/896/ Казакстандан жол полициясынын күнү — 23-Ноябрь (Жетинин айы).