ОктябрьНоябрьДекабрь
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30  

20-ноябрь — жылдын 324-чү күнү (толук жылда 325-чи күн), Григорий календары боюнча жылдын аягына чейин 41 күн бар.

  • БУУ желеги ЮНИСЕФ: Эл аралык балдар күнү
  • БУУ желеги Эл аралык тамеки чегүүдөн баш тартуу күнү

Кыргызстан түзөтүү

  • 1916-жылы: Жети-Суу облустук аскер-губернаторлугу Пржевальскидеги көтөрүлүштүн айынан талкаланган коммуникацияны оңдоо туурасындагы жергиликтүү бийлик иштеп чыккан сунушту жактырган.
  • 2003-жылы: Кыргызстандын Жогорку Соту бир катар диний-саясий уюмдарды экстремисттик жана террористтик бирикме катары таануу туурасында токтом кабыл алган.
  • 2008-жылы: БШКнын башчысы Клара Кабилованын дүрбөлөңдүү видео кайрылуусунан кийин башталган кылмыш ишинин иликтөөсүн Башкы прокуратура токтотуп салды.
  • 2008-жылы: Мамлекет башчы Курманбек Бакиев Германиядагы дарылануусунан кайтып келген. Ага чейин эл ичинде “президент о дүйнө салыптыр” деген имиштер таркап кеткен.
  • 2009-жылы: Жогорку Кеңеш 70 жылдыгын белгиледи.

Дүйнө түзөтүү

  • 1889-жылы: Аалам деген түшүнүктү негиздүү өзгөртүп, биз жашаган Саманчы жолунан башка да галактикалар бар экенин далилдеген америкалык астроном Эдвин Хаббл жарык дүйнөгө келген. Анын урматына 1990-жылы орбитага чыгарылган космостук телескопко ысымы ыйгарылган.
  • 1910-жылы: Орус жазуучусу Лев Толстой каза болгон.
  • 1925-жылы: Орус балеринасы Майя Плисецкая жарык дүйнөгө келген.
  • 1945-жылы: Үчүнчү рейхтин аскердик кылмышкерлеринин үстүнөн сот иши башталып, ал Нюрнберг процесси деп аталып калган.
  • 1962-жылы: Кариб кризиси аяктаган.
  • 1985-жылы: Microsoft Windows 1.0 иштеп чыгарылып, кардарларга таратыла башталган.
  • 1990-жылы: Белгилүү сериялык адам өлтүрүүчү Андрей Чикатило колго түшүрүлгөн. өзү 56 адамды өлтүргөнүн мойнуна алса, сот процессинде 53 кылмыш иши тастыкталган. Колунан каза тапкандардын дээрлик баардыгы 7-16 жаш курагында болгон.
  • 2009-жылы: Орусиялык шоумен, алып баруучу, жазуучу Роман Трахтенберг радиоэфирден кийин жүрөгү токтоп калган.