Анталья
Анталья (түрк. Antalya) — Түркиянын түштүк-батышындагы шаар. Анталья илинин (административдик-аймактык бирдик) административдик борбору. Калкы 759 миң (2005). Жер Ортолук деңиздеги Анталья булуңунун жээгинде, Батыш Тавр кырка тоосунун этегинен баштап, тектирчеленип жайгашкан. Өлкөдөгү ири порт; Жер Ортолук деңиз жээгиндеги эң ири эл аралык аэропорт. Деңиздик климаттык курорт. 1990-жылдан эл аралык туризм жана эс алуу борбору катары ургалдуу өнүгүүдө. Музей (баалуу археологиялык коллекциялары менен), текстиль, тамак-аш өнөр жайы бар. Айыл чарба продуктыларын (негизинен цитрус өсүмдүктөрүн) иштетүү борбору. Биздин заманга чейинки 159-138-жылы пергама падышасы Аттал II негиздеген, анын урматына Атталия аталган. 1207-жылы селжуктар басып алган. 13-кылымда Анадолу кербен соода жолунун акыркы чеги. 1391-жылдан Осмон империясынын курамында. Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин Италияга берилип, 1921-жылы түрк аскерлери бошоткон. Үч аркалуу Адриан дарбазасы, минарет (13-кылым), Оттоман эстеликтери сакталган[1].
Анталья | |
түрк. Antalya | |
Өлкө |
Түркия |
---|---|
{{:if:Түркиянын административдик бөлүнүшү|Ил|Түркиянын административдик бөлүнүшү|Ил|Коом}}Айыл аймагы |
Анталья |
Мэр | |
Тарыхы жана Географиясы | |
Аянты |
1417 |
Бийиктиктиги |
30 |
Калкы | |
Расмий тили |
Түрк тили |
Калкынын саны |
2.288.456 (2015) |
Жыштыгы |
478 адам/км2 |
Этнохроним |
Антальялык, Антальялыктар |
Сандык идентификаторлор | |
Убакыт аралыгы |
+2 |
Телефон коду |
+90 242 |
Почта индекси |
07x xx |
Автоунаа коду |
07 |
http://www.antalya.bel.tr/?l=ru |
Колдонулган адабияттар түзөтүү
- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967-14-046-1