Бекабад – Ташкент облусундагы шаар (1954-жылдан)[1]. Аянты 0,03 миң км2, калкы 102,0 миң адам (2023).

Шаар
Бекабад
Өлкө Өзбекстан
Статус Ташкент облусу
Координаттар 40°13′13″ с. ш. 69°16′04″ в. д.HGЯO
Аким Nasrullo Babayev
Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү 1899
Мурунку аталышы Хилково, Бегават
Климатынын түрү кескин континентал
Убакыт аралыгы UTC+5
Калкы
Расмий тили өзбек
Калкы 102 000 адам (2023)
Улуттук курамы өзбектер, казактар, тажиктер
Диний курамы Мусулмандар, Христиандар
Сандык идентификаторлор
Телефон коду +99870
Почта индекси 110516
Бекабад (ташкент) (Өзбекстан)
Бекабаддын жанындагы "Кызыл мүрзө" күмбөзү

Бекабад – Өзбекстандын маанилүү өнөр-жай шаары. Бул жерде ири болот жана цемент заводдору жайгашкан. Ошондой эле кирпич заводу, эт комбинаты, пахта заводу, көптөгөн чакан жана орто ишканалар бар[2]. Фархад дамбасы (плотинасы) жана Фархад ГЭСи шаардын жогорку бөлүгүндө жайгашкан.

Шаар 1899-жылы "Хилков" темир жол станциясынын курулушу учурунда конуш катары пайда болгон. Хилков аталышы – темир жолдун курулуш жетекчилеринин бири болгон М.И.Хилковдун атына ушундай аталган.

Кийинчерээк айыл жакын жердеги Беговат айылын өзүнө кошуп алган.

Совет мезгилинде шаар цемент заводуна байланыштуу жаңыдан төрөлгөн. Себеби1942-1944-жылдары шаарда болот заводу курулган.1943-1948-жылдары Бекабаддын жанына Фархад дамбасы жана Фархад ГЭСи курулган. ГЭС Өзбекстан үчүн электр энергиясынын жана сугат суунун негизги булагы болуп саналат.

Бекабад 1945-жылы шаар статусун алган.1964-жылга чейин шаар Беговат наамы менен белгилүү болгон[3].

Географиясы

түзөтүү

Ташкенттен 189км түштүктө (шоссе аркылуу 140км), Далварзин чөлүнүн түштүк-чыгышында, Тажикстан Республикасы чек арасына жакын жайгашкан.

Бекабад шаарында темир жол станциясы бар, ал аркылуу Ховос-Кокон темир жол линиясы өтөт. Көптөгөн каналдар, автомобиль жолдору жана темир жолдор шаарды өзүнчө аймактарга бөлүп турат. Сырдариянын эки жээгинде түндүк-чыгыш жана түштүк-чыгыш тоо кыркалары менен курчалган. Климаты кескин континенталдуу. Июль айынын орточо температурасы 28 –30° январьда болсо −2, −3°. Жылына 300 ммден ашык жаан жаайт.

2023-жылдын 1-январына карата Бекабаддын калкы 102 000 адамды түзгөн[4]. Калкы негизинен өзбектерден турат, ошондой эле орустар, татарлар, корейлер, казактар, тажиктер жана башкалар жашайт.

Экономика жана өнөр жай

түзөтүү

Бекабад – Өзбекстандын маанилүү өнөр-жай шаары. Бул жерде ири болот жана цемент заводдору жайгашкан. Ошондой эле кирпич заводу, эт комбинаты, пахта заводу, көптөгөн чакан жана орто ишканалар бар. Фархад дамбасы (плотинасы0 жана Фархад ГЭСи шаардын жогорку бөлүгүндө жайгашкан.

1929-жылы 26-июньда Бекабад цемент комбинаты курулган. Учурда "Бекободцемент" АКга таандык Завод цемент жана шифер чыгарат. Завод жылына 700 000 тонна цемент чыгарат.

1942-жылы металлургиялык заводдун курулушу башталган[5]. Борбордук Азиядагы бул жалгыз кара металлургия борбору. 1944-жылы биринчи болотту жана 1946-жылы биринчи прокатты берген. Азыркы учурда "Озметкомбинат" наамы менен аталып калган компания жылына 750 000 тонна болот иштеп чыгаруу кубатына ээ.

Объектилер

түзөтүү

Шаарда 2 футбол клубу – "Металлург" жана "Цементчи" бар. 2015-жылдын сентябрында сыйымдуулугу 15 000 күйөрманды өзүнө батыра алган Металлург стадиону ачылган.

Маданият

түзөтүү

2000-жылга карата Бекабадда индустриалдык техникум, медициналык окуу жайы,17 жалпы билим берүүчү мектеп, 2 музыкалык жана спорттук мектеп, 11 коомдук китепкана, 1 клуб, 4 маданият үйү, металлургия маданият сарайы, музей жана 7 оорукана бар.

Булактар

түзөтүү
  1. https://uz.wikipedia.org/ Өзбекстан улуттук энциклопедиясы Мамлекеттик илимий басмасы, 2000-2005 - 201 - б.
  2. Бекабад, Өзбекстан улуттук энциклопедиясы
  3. Bekabad (орусча).
  4. Райондор боюнча шаар жана айыл калкынын саны. Ташкент областынын статистика башкармасы. Текшерилген күнү 25-ноябрь, 2023-жыл.
  5. "Бекабад". Энциклопедиялык сөздүк (in өзбекче). 1. Ташкент: Өзбек Совет Энциклопедиясы. 1988. p. 89. 5-89890-002-0.