Йост Гипперт (нем. Jost Gippert; 1956-жылдын 12-март күнү мурунку Винц-Нидервенигерн, азыркы Хаттинген шаарында дүйнөгө келген) - Aл немис лингвисти, кавказтаануучусу, Франкфурт шаарындагы Гете атындагы Франкфурт университетинин эмпирикалык лингвистика институтунун салыштырмалуу тил илими кафедрасынын профессору.[1]

Йост Гипперт

Кесиби, чыгармачылыгы түзөтүү

 
Бернард Утые, Йост Гипперт, Винфрид Бөдер

Гипперт 1972-жылы Германиядагы Эссен шаарындагы Лейбниц гимназиясын аяктаган. 1972-1977 жылдары Марбург менен Берлин эркин университеттеринде окуп, индология, японтаaну, кытайтaану жана салыштырмалуу тил илими тармактарын аяктап, 1977-жылы индоевропа тилдеринин инфинитивдик калыптандыруу синтаксиси боюнча эмгеги үчүн философия илиминин доктору болду.[2] 1977-1990 жылдары Берлин, Вена жана Зальцбург шаарларындагы университеттерде илимий кызметкер катары лекцияларды окуган.

Чыгыш Компьютер Тил билиминин илимий ассистенти катары 1991-жылы Бамберг университетинде армян жана грузин тилдериндеги иран тилинен кирген сөздөрү тууралуу доктордук диссертацияларын жүргузгөн. 1994-жылдан баштап Франкфурт шаарында Гете атындагы Франкфурт университетинде салыштырмалуу тил илиминен сабак бере баштады. Ал 1996-жылдан бери Геллат Илимдер Академиясынын (Грузия) жана 2007-жылдан бери Берлин-Бранденбург Илимдер жана гуманитария Академиясындагы «Тил» бөлүмүнүн мүчөсү.

1997-жылы Грузиянын Тбилиси шаарындагы Сулхан Саба Орбелиани университетинде ардактуу профессору, 2009-жылы Тбилисидеги Иванэ Джавахишвили атындагы университеттин ардактуу доктору жана 2013-жылы Грузия, Батумидеги Шота Руставели атындагы жогорку окуу жайынын ардактуу доктору атактары берилди. 1994–жылы Й. Гипперт салыштырмалуу тил илиминин профессору болгондон соң, индоевропа тилдери, алардын тарыхы жана этимологиясы менен катары кавказ тилине жана жалпы лингвистикалык типологиясынa багыт алды. Учурда Й. Гипперт Компютердик лингвист да катарында 1987-жылы түзүлгөн байыркы индоевропа жана кавказ тилдеринин биринчи булактары камтылган ТИТУС проектин жетектөөдө.

 
Йост Гипперт, Батуми шаарындагы университетинде, 2013

Сандык гуманитардык илими түзөтүү

 
Синайдагы Палимсест изилдөө иштери

TITUS, ARMAZI, GNC жана LOEWE түзөтүү

Гипперт 1987-жылдан бери, байыркы индогерман тилдерин жана аларга коңшу идиомаларды өткөрүү каражаттарынын толукталган сандык (дигиталдык) даярдоосу үчүн негизделген TITUS проектинин негиздөөчүсү жана жетекчиси.[3] 1999-жылы ал Кавказ тилдери тууралуу толук маалыматтарды чогултууга багытталган ARMAZI проектин (Кавказ тилдери жана маданияты: электрондук документация) колгo алды.[4] Бул проект Грузия Улуттук Корпусуна берилди.

2010-жылдан бери Гессен жеринде Сандык гуманитардык илимий орчундуу жеринин оңдоо жана пайда болуусуна умтулган бөлүмүнүн жетекчиси болуп кызмат аткарады, бул: илим менен экономика артыкчылыгын өнүкүтүрүү максатында түзүлгөн проектин (LOEWE) жетектеген (Гете атындагы жана Дармштадт Техникалык университеттеринин Франкфурттагы Гете музеи менен бирге курулган проекти).

Электрондук колжазмалар анализи түзөтүү

1990-жылы Гипперт чыгыштык колжазмалардын сандык проектин жургузду. Анын мисалы катары Берлин Турфан жыйнагынын Тохарлар колжазмасы менен Синайда табылган кавказ-албан колжазмаларын редакциялаганын атап кетүүгө болот. Ушундай эмгектери учун 2009-жылы Гамбург университетинин «Колжазмалар маданияты» илимий тобуна чакырылган. Ал «Азия жана Африка колжазмаларынын маданиятынын энциклопедиясы» менен «Чыгыштык колжазмаларынын салыштырмалуу изилдөөсү» иштеринин катышуучусу катары болгон Петра Капперт Фэллоу иретинде 2013-жылы жазда Гамбург университетине да барган.


Эмгектери түзөтүү

Тандалган (сырткы) проекттери түзөтүү

  • 1995-1998 (DFG): Авеста жана Ригведа: Электрондук Анализ.
  • 1995-1999 (INTAS): Грузия улуттук корпусу
  • 1999-2002 (Фольксваген фонду, 117,900 евро): Кавказ тили жана маданияты
  • 2000-ж. баштап (DFG): ЖОГОРКУ ОКУУ: "Types of Clauses: Variation and Interpretation"
  • 2002-2006 (Фольксваген фонду, 167,800 евро): Грузиядагы жоюлуп бара жаткан кавказ тилдери
  • 2003-2007 (Фольксваген фонду): Кавказдыктардын чыгуу теги туралуу Палимпсест колжазмалары
  • 2005-2009 (INTAS): Грузиндик Евангелий
  • 2005-2007 (Фольксваген фонду, 189,000 евро): Азыркы кездеги Грузиядагы тилдик жагдай[5]
  • 2008-2014 (DFG, 240,000 евро): Эски немис корпусунун шилтемеси
  • 2008-ж. баштап (BMBF): Германияда: Немис тилинин инфракурамы
  • 2009 (Фольксваген фонду, 400,000 евро): Aché Documentation Project
  • 2009-ж. баштап (DFG), 96,000 евро): RELISH
  • 2009-ж. баштап (Фольксваген фонду): Грузиндик Палимпсест колжазмасы
  • 2010 (Google Inc., 49,600 доллар): Кавказдык корпус
  • 2011-ж. баштап (HMWK, 3,792,000 евро): LOEWE проекти: кайра оңдоо корпустарын талдоо туралуу сандык гуманитардык илим.
  • 2011-ж. баштап (Фольксваген фонду, 299,600 евро): Хиналуг киргизуу проекти.
  • 2011-ж. баштап (DFG): Relative Clauses in a Typological View
  • 2012-ж. баштап (Фольксваген фонду, 390,400 евро): Грузиндик улуттук корпус.

Басмалары түзөтүү

  • 1977: Индоевропа тилиндеги инфинитивдик синтаксистин калыптанышы. (Europäische Hochschulschriften, 21/3), 360 б.; Франкфурт, Берн, Лас-Вегас: Лан 1978. Диссертация.
  • 1990: Ирандык- Армяндык-Iberica. Армян жана грузин тилдериндеги ирандык кирме сөздөру , и451+389 б.; Вена: Австрия Илимдер Академиясы,1993. Алгачкы диссертация.
  • 2007: Эски грузиндик Палимпсест кодекси Vindobonensis georgicus / Йост Гипперттин редакциялыгы жана Зураб Сарджвеладзе менен Ламара Кажаяндын шериктештиги аркасында, 368 б.; Тюрнхаут: Brepols 2007.
  • 2008: Гипперт, Йост / Шульце, Вольфганг / Алексидзе, Заза / Маэ, Жан-Пьер: Синайдагы кавказдык албан палимпсестери, 2 тт., XXIV+530 б.; Трюнхаут: Brepols 2009.
  • 2010: Гипперт, Йост / Шульце, Вольфганг / Алексидзе, Заза / Маэ, Жан-Пьер: Синайдагы кавказдык албан палимпсестери, 3 басым: армяндык кабат. Йост Гипперт редакциялыгы менен 220 б.; Трюнхаут: Brepols 2010

Эскертүүлөр түзөтүү

  1. "Франкфурт университетиндеги Гипперт лекциялары" 2-март 2016 ж. биринчи басымынан оңдолгон
  2. "Jost Gippert's curriculum vitae" 2-март 2016 ж. биринчи басымынан оңдолгон
  3. "TITUS проекти" 2-март 2016 ж. биринчи басымынан оңдолгон
  4. "ARMAZI проекти" Archived 2016-07-08 at the Wayback Machine 2-март 2016 ж. биринчи басымынан оңдолгон
  5. "Die Sprachliche Situation im gegenwärtigen Georgien (немис)" Archived 2016-03-25 at the Wayback Machine 2-март 2016 ж. биринчи басымынан оңдолгон

Шилтемелер түзөтүү