Колдонуучу:Tamchy Bayan/Өнөкөт жөтөл

Узакка созулган жөтөл кантип айыгат? Өнөкөт жөтөл деген эмне?

Инфекция айыгып кеткенден кийин 3-8 жума бою улана берген бул абал өнөкөт жөтөл деп аталат. "Canadian Medical Association Journal" журналында жарыяланган макалага ылайык, дем алуу жолдорунун жогорку бөлүгүнүн инфекциясынан кийин пайда болгон жөтөл көбүнчө эч кандай дары-дармек колдонбостон, убакыттын өтүшү менен өзүнөн өзү басылат.

Өтө кеңири таралган бул көйгөй дем алуу жолдорунун инфекциясын жуктурган чоң кишилердин 11-25%нда кездешет. Дем алуу жолдорунун инфекциясы учурунда организмдин патогендерге каршы берген бир катар реакцияларынын натыйжасында былжырлуу заттын бөлүнүшү күчөйт, бронхтордун аллергендерге, химиялык заттарга, чаң сыяктуу дүүлүктүрүүчү факторлорго сезгичтиги жогорулайт.

Адабияттагы изилдөөлөрдү карап чыккан окумуштуулар, дем алуу жолдорунун инфекциясынан кийин пайда болгон жөтөлдү дарылоодо дары-дармектердин пайдасы бар экени тууралуу далил таба алышкан эмес. Изилдөөлөр бул көйгөйдүн көбүнчө дары ичпей туруп, убакыттын өтүшү менен айыгып кетерин көрсөтүүдө. Бирок дем алуу жолдорунун инфекциясынан кийин пайда болгон өнөкөт жөтөл окшош белгилери бар астма, ӨОБ (өнөкөт обструктивдүү өпкө оорусу) сыяктуу дем алуу жолдорунун ооруларынан айырмаланышы абдан маанилүү. Бул үчүн башка белгилердин жана адамдын мурунку ооруларынын тарыхын баалоо жана зарыл болсо өпкөнү рентгенге тартуу, дем алуу тести сыяктуу башка диагностикалык ыкмалар менен кененирээк текшерүүлөрдү жүргүзүү керек. Ошондой эле, жөтөл сегиз жумадан ашык созулса, анда адис доктурга кайрылуу сунушталат.


Булактар: