Кулбаев Солтобай Нурбаевич

Кулбаев Солтобай Нурбаевич

Аты Солтобай Кулбаев
Сүрөт
Ош Улуттук драма театры
Туулган датасы 11.08.1963
Туулган жери Жалал-Абад облусту, Аксы району, Жерге-Тал айылы
Кесиби Театралдык режиссер жана актер
Иштеген жылдары 1984 жылдан азыркы күнгө чейин
Наамдары Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти,

М.Рыскулов атындагы Эл аралык сыйлыктын лауреаты, медалы,

Маданияттын мыкты кызматкери, төш белги,

Кыргызстан театр ишмерлер союзунун театр искусствосу коомдук академиясынын Академиги диплому,

Түрк маданиятынын эл аралык уюмунун "ТҮРКСОЙ" медалы,

"Саякбай Каралаев" төш белгиси,

Улуттук театрдын "Эргүү" сыйлыгынын лауреаты

Кыскача өмүр таржымакалы

түзөтүү

1963-жылы 11-августта Жаңы-Жол районундагы (азыркы Аксы району) Жерге-Тал айылында төрөлгөн. Атасы Кулбаев Нурбай ветеринардык врач, апасы Шайдиева Тургун мугалим болуп иштеген.

1980-жылы орто мектепти аяктаары менен айылдык маданият үйүндө иштеген. Ошол эле жылы Кыргыз улуттук академиялык Т.Абдумомунов атындагы драма театрынын 2 жылдык студиясына тапшырган. 1982-жылы Ош улуттук драма театрына актер болуп кабыл алынган. 2018-жылы Ош Мамлекеттик Университетинин драмалык режиссер, педагог адистигине окуган.

Билими

түзөтүү

Актёрдук ишмердиги

түзөтүү

Т.Абдымомуновдун "Ашырбай" - спектаклинде Солтобайдын; Б.Жакиевдин "Атанын тагдырында" - Бошкойдун; "Саадак кактысында" - Калдыркандын; М.Байжиевдин "Күтүлбөгөн окуясында" - лейтенанттын; М.Гапаровдун "Темир коргунда" - Тайырдын; Софоклдын "Падыша Эдибинде" - Эдиптин; С.Жетимишовдун "Алымдек даткасында" - Алымбек датканын; Г.Фигейредонун "Эзоп" спетаклинде Агностос (2001), Ксанов (2023); Володиндин "Кескелдиригинде" - Ала качкан адам; Ч.Айтматовдун "Гүлсаратында" - Танабай жана Гүлсараттын; "Кыяматында" - Эдигейдин; "Көздөн учкан көк жээгинде" - Эмрайндын; К.Калыковдун "Өрнөктүү өмүрүндө" - С.Ибраимовдун; С.Раевдин "Кашарында" - Устанын; "О кыздарында" - Коменданттын; "Илек-илегинде" - Абышканын; Омар Хаямдын "Рубайилеринде" - Омар Хаямдын; Т.Апыевдин "Айчүрөгүндө" - Семетейдин; С.Жусуевдин "Курманжан даткасында" - Алымбек датканын; Ж.Кулманбетовдун "Жазасында" - Адыл мергендин; М.Мамазаированын "Кымкуут түшкөн бир кечтесинде" - Кубаттын; С.Жетимишовдун "Кыянат" спекталинде - А.Орозбековдун; Т.Кенжеевдин "Биз нес болдукта" - Акиштин; Асылбек уулу Сериктин "Күзгү романсында" - Алибектин; С.Раевдин "Барсбек" спектаклинде - Сокур адам; Б.Жакиев "Жүрөлүчү жүрөк оорутпай" - Дүлөй чалды; Х.Хурсантов "Ата, кемпир алып берейинби?" - Хамиддин; Б.Жакиев "Күттүргөн жаз да келээр" - Абсаматтын; А.Цагарели "Ханума" - Мекитичтин; С.Жетимишов "Кубат Бий" - Эл аксакалы жана Ажы бийдин, А.Масылбекова "Кулан" - Ормон хандын; Ч.Айтматов "Кайып эреен, кайып кыз" - Бектур Саманчиндин; Ж.Кулманбетов "Мекенимдин ташы" - Эсен хан; Ч.Айтматов "Кыямат" - Обер Кандаловду; Н.В.Гоголь "Текшерүүчү" - Көпөстөрдүн башчысы болуп ойногон

Режиссердук ишмердиги

түзөтүү

2005 - С.Жетимишов "Курманжан датка жана уулу Абдылдабек"

2016 - Омар Хаямдын "Рубайилери"

2021 - М.Байжиев "Кыз-күйөө"

2024 - Ч.Айтматов "Ширин менен Элдардын жомогу"

"Байтерек" жомогу

Тасмаграфиясы

түзөтүү

2008 - "Арман" - Прокурор Болоттун ролу

2010 - "Багынбас махабат" - Элизанын атасынын ролу

2011 - "Сүйүү бийи" - Биснесмен

2012 - "Айылдан айга"- айылдык адам

2015 - " Ош-Бишкек жолунда" - куда

2016 - " Эртең апамдын туулган күнү" - дүкөндүн ээси

2022 - " Эфир" телесериалында Азиз Мурзаевич

2023 - " Шайлоо" - шаардын мэри

2023 - " Таш" фильми - айылдык аксакал

Жеке жашоосу

түзөтүү

Үй-бүлөлүү, эки кыздын атасы Жубайы - Гүлчач Исакова (Стамкулова)


Булактар

түзөтүү

[1] https://nagrada.srs.kg/Site/Awarded/10474

[2] https://nazarnews.org/posts/surot-soltobai-kulbaev-apachini-kumir-tutup-aktior-boldum