Кытай кыргыздары

Кытайлык кыргыздар‎»‎ барагынан багытталды)

Кытай кыргыздары - Чыгыш Түркстан (Батыш Кытай, Ички Азия) деп аталган аймакты, ага чектеш жерлерди кыргыздар эзелтеден мекендеп келишет. Учурда Чыгыш Түркстан аймагы түндүгүнөн Теңир-Тоо, түштүгүнөн Куэн-Лун, батышынан Алай тоолору, Ооганстан, Памир тоолору менен чектешет. 1949-ж. 1-октябрда Кытай Эл Республикасы түзүлгөндүгү жарыялангандан соң, бул жерлер аталган өлкөнүн юрисдикциясына өткөн. Кошуна өлкөнүн кыргыздары - «кытай кыргыздары» же «кытайлык кыргыздар» деп аталат. Аталган кенен аймактарда кыргыздардын эл болуп калыптануусунун негизги, өзөккү этаптары жүргөн. Бул өлкөдөгү кыргыздар жалпысынан компакттуу жашашат.

Чыгыш Түркстандын кыргыздары аймактагы жашаган 13 тилде сүйлөгөн калктардын эң ирилеринин бири. Кыргыздар өз алдынча Кызылсуу Кыргыз автоном облусу статусуна ээ. Эне тилде жарык көргөн гезит-журналдар, илимий басылмалар, китептер, мектептер жана башка маданий-агартуу очоктору кытайлык кыргыз калкынын муктаждыктарын камсыз кылып турат. Бул багытта кытай өкмөтүнүн улуттук азчылыктар боюнча жүргүзгөн саясаты, кам көрүүсүн белгилөөгө татыырлык. Учурда Кытай Эл Республикасында 170,000 кыргыз болсо, алардын 150,000 Кызылсууда жашашат. Мындан сырткары, Түндүк Шинжаңда (Шинжаң - «Жаңы чек, ээлик»), Иле Казак автоном обласунун Текес ооданын Көк-Терек айылында миңдей, Шаты айылында 2 миңдей, Жамансуу айылында миндей, Таш-Коргон Тажик автоном ооданын Көкжар, Уйгурлардын Гума ооданын Кең-Кыя айылдарында да кыргыздар бар. Кыргыздардын айрым бөлүктөрү Үрүмчү жана башка шаарларда, райондордо жашашат.

Кыргыздардын географиялык жайгашуусу түндүктөгү Куча шаарынан түштүктөгү Каралаш дарыясынын өрөөндөрүн кучагына камтыйт. 20-к. баш чендеринде Куэн-Лун тоолорунун ичинде кыргыздардын негизги бөлүгүнөн ыраак жайгашкан, өздөрүн кыргыз-кыпчактар же кыргыздын кыпчак уруусуна таандыкпыз деген көчмөндөрдүн тобу катталган. Айрым информаторлор Тибет аймагында да кыргыздар бар экендигин белгилешет. Бул маалыматтар А.В.Станишевскийдин Ладакта (Тибетте) 1000 чамалуу (20-к 50-ж.) кыргыздар жашайт деген фактысы менен бекемделет. Тибетке ыктаган сары уйгурлардын, Лоп көлүнүн (Лоб-Нор) айланасын байырлаган лоптуктардын байыркы кыргыздардын бир бөлүгү экендиги да соңку иликтөөлөрдө далилденүүдө. Мындан сырткары, Ички Азия аймагында кыргыздар эзелтеден байырлап келишкендигин көптөгөн илимий тыянактар да ырастаары анык. Изилдөөчүлөр кыргыздар этностук составы боюнча бүгүнкү күнү да өткөн кездеги уруулук бөлүнүү тартиби менен жайгашып, аларда уруу-уруу же «бир атанын балдары» деген ата салты толук өкүм сүрөрүн белгилешет. Чыгыш Түркстандагы кыргыздардын уруулук курамы теңиртоолук кыргыз урууларынын генеалогиялык түзүлүшү менен толук дал келет. «Эгерде Чыгыш Түркстанда жашаган кыргыздарды этностук составы боюнча бөлөк жердеги жашаган кыргыздар менен салыштырсак, анда алар эки чоң топко бөлүнгөндүгүн байкайбыз. Биринчи топко Ак-Суу өрөөнүндөгү жашаган кыргыздар, Текестеги кыргыздар жана Кашкар аймагдагы чоң багыш менен кушчулар (кутчулар) кирип, алар Кыргызстандын түндүк бөлүгүндө жашаган кыргыздар менен бир этностук уруу бөлүктөрүн түзгөндүгүн көрөбүз. Экинчи топко: Кашкар, Хотан аймагдагы кыргыздар, негизинен, Тажикстандагы Тоолуу Бадакшан аймагындагы (Чыгыш Памир) кыргыздар, Түндүк Ооганстан жана Кыргызстандын түштүгүндөгү айрым уруулар менен этностук биримдикти түзгөн. Бул аймактарда кыргыздардын оң, сол, ичкилик (Булгачы) же кыргыздын үч канатына тең таандык уруулардын өкүлдөрү жашашат. Оң канат уруулары: адыгине, бугу, мунгуш, черик, сары багыш, солто; сол канат: басыз, кушчу, саруу, мундуз, чоң багыш; ичкиликтер (булгачылар): найман, кыпчак, тейит, кесек, бостон. Мындан сырткары, кыргыздар менен этностук жалпылыгы илимде далилденип келе жаткан лобнорлуктар, Долондор, калмак-кыргыздар, катагандар, уйгурлашкан кыргыздардын топтору, алардын этностук башаты, теги өз алдынча иликтөөлөргө арзыйт.

Кытайдагы жашаган кыргыздардын басымдуу бөлүгүн кыпчак уруусунун өкүлдөрү түзөт. Алар тогуз кыпчак, товур кыпчак, кан кыпчак деген ири уруктардын курамына киришет. Кыпчактар Кашкар шаарынан батышты көздөй созулуп жаткан Айыгарт, Арча- Бел, Чимген, Бостон-Теректе, Жаңы Гиссар шаарынан түштүккө карай Чумбус, Кенкол, Чаарлын, Кароол, Гыджек деген жерлерде турушат. Ал эми наймандар болсо, Жаңы Гиссар шаарынан түштүк тараптагы Кызыл-Тоодо, Тоюнлук, Чымген, Там, Арпалык, Сөгөт, Капка, Сарай, Кайыз деп аталган өрөөндүү жерлерди, Ой-Таг, Гез деген жерлерди мекендешери маалым. Наймандардын бир бөлүгү Сарыкол ашуусуна туташ жерлерди (Чыгыш Памири) байырлашат. Ошону менен бирге, найман уруусунун өкүлдөрү Жай-Терек, Жайылган деген айылдарды негиздешип, отурукташууга өтүшкөн, дыйканчылык менен кесиптенишет. Тейиттер да көп сандуу кыргыз урууларынын бирине киришет. Кыпчак, кесек, найман, канды, оргу, ават, жоокесек, бостон жана башка ичкилик (Булгачы) уруулардын таралып, жайгашуу абалы өтө зор, кеңири географиялык ал- какты кучагына камтыйт. Тейиттер жана аталган уруулардын өкүлдөрү бир эле учурда Чыгыш Түркстан, Кыргызстандын түштүгү, Өзбекстан (Фергана өрөөнү, Ташкент, Сыр-Дарыя, анын ичинде Заамин, Бакмал райондору), Тажикстан (Жерге-Тал, Шаартуз, Нау, Исфара, Мургаб), Түндүк-Чыгыш, Афганистандын аймактарын байырлап келишет. Тейиттер Кашкар шаарынан батышка карай Бөрү- Токой, Кызыл-Суу капчыгайларын, Жаңы Гиссардан батышка Кара- Таш жана Кызыл-Суу дарыяларынын оң Жак жээктерин байырлашат, Жаңы Гиссарды түштүкө Кан-Терек, Чимген, Чумбус дарыясынын агымына карай Созусай, айрым бөлүктөрү болсо Сарыколдогу Таш-Коргон, Кара-Кол, Суу-Башы деген жерлерди мекендешери аныкталган. Изилдөөчүлөр тейиттерди эң байыркы уруулардын бири катары эсептешип, 8-к. эле Чыгыш Түркстанга отурук- ташышкан деген пикирди айтышат. Айрым маалыматтарда тейиттер ошол арабдардан (8-к.) бөлүнүп чыккан «таит» деген уруулардын урпактары болушат. Кесек уруусунун өкүлдөрү Пас-Рабат, Кен- Кол, Тагарма капчыгайларын байырлашат. Жогорудагы аталган уруулардын өкүлдөрү өздөрүн ичкиликтер уруулук тобуна кошушат- Анвар Байтур Карашардын түндүк тарабындагы Чоң Жылдыз деген жайлоолорду кыргыз уруулары мурдатан эле ээлеп, Уйгур хандыгы менен Чагатай хандыгын байланыштырып турган деп белгилеген. Кыргыз уламыштары боюнча Эсенбуканын доорунда Р топ кыргыз уруулары Жылдыз жайлоосуна көчүп келген.

Кыргыздын сол канатына кирген чоң багыштардын салыштырмалуу саны башка урууларга караганда бир кыйла көптүк кылат. Чоң багыштар Теңир-Тоонун түштүк тоо кыркалары тарабында, Тоюн дарыясына туташ өрөөндөрдө, Чакмак, Терек, Майдаң капчыгайларында, Кашкар шаарынан түндүк-батыш тараптагы Кызыл-ой, Канжуган, Жыгач-Арт, Кавагатты Оксалыр деген жерлерди мекендешет. Чоң багыштар менен мундуз, сары багыш, дөөлөс, чериктер аралаш турушары малым. Кыргыз уруулары жайгашкан жана ага чектеш аймактарда кыргыз тилиндеги жер-суу аттарынын жыш учурашы кыргыздардын бул чөлкөмдөгү түптүү эл экендигин дагы бир ирет чагылдырары бышык. Чагатай урпактарынын дооруна таандык маалыматтарга караганда, Кашкар, Жаңысар, азыркы Ак-Тоо району жана Жаркен тараптарда тогуз кыпчак, сарт калмак, найман, чоң багыш, балыкчы, итарчы, мунгуш, сары багыш, кесек, тейит уруулары; Ак-Суу, Үчтүрпан, Акчий тараптарда - сары багыш, төөлөс, черик, бугу, мундуз, кушчу, Иле өзөнүнүн баш агымындагы райондордо - бугу, мундуз, адыгине, сары багыш уруулары жашашат.

Кашкар округундагы кыргыздардын бир кыйла бөлүгүн кушчу уруусу түзөт. Кушчулар Жай-Дөбө, Бычан, Инген, Шейит, Жейрен-Булак жана башка жерлерде турушат. Кыргызстандын чек арасын туташ чөлкөмдөрдөгү Кызыл-Суу дарыясына туташ өрөөндөрдө, капчыгайларда, аталган дарыялардын куймаларында (Сымкана, Сары- Булак, Токой-Башы, Эттик, Сакал, Жыгын, Жойулган-Суу, Улуу- Чат деген жерлерде) Мунгуш уруусунун курамына кирген жоош уруктарынын өкүлдөрү байырлашат. Жооштордун негизги бөлүгү Ош облусунун Карасуу районунун аймагында турушары маалым. Кара-Терек (Чыгыш Түркстан) дарыясынын өрөөндөрүндө адыгене уруулук тобуна кирген Жору уруусунун өкүлдөрү жашашат. Жору уруусунун өкүлдөрүнүн басымдуу бөлүгү Каракулжа, Алай, Өзгөн райондорунда жашашат. Ак-Суу округунда Черик жана Кушчу уруу- ларынын өкүлдөрү байырлап келишет. Чериктер Акчий, КараЧий, Жалаң-Чий, Кара-Булак, Сары-Булак, Кызыл Күмбөз, Ак-Бейит, Кызыл-Аң, Кулан-Сарык, Үч, Ак-Өтөк, Жаман-Суу деген жерлерде турушат. Кушчулардын басымдуу бөлүгү чериктер менен, айрымдары Баш-Чакма, Сапарбай, Кара-Теке капчыгайларын байырлашат. Боз-Дөң деген жерде бугулар, дөөлөс, саяк урууларынын өкүлдөрү жашашат. Кушчулардын негизги бөлүгү Талас, Жалалабаддын Ноокен, Базаркоргон, Сузак райондорун байырлашары маалым. Дөөлөстөр Ноокат, Жетиөгүз райондорун, саяктар Тогузторо, Нарын, Кочкор, Суусамыр жана башка аймактарда турушат.

Кара-Теке деген жерде мундуздар турушат. Мундуздардын негизги бөлүгү Сузак, Базаркоргон, Жалалкудук (Өзбекстан), Нарындын айрым жерлеринде, Ысыккөлдү байырлашат. Ушул эле Ак-Суу округунда сары багыш, чоң багыш, кара багыш, кыпчак урууларынын өкүлдөрү жашашат. Бая тоосунан түндүккө карай сары багыштардын «калмак» уруусу турат. Чоң багыштар Карашаар, кыпчактар Карабак жана Жаңы-Арыкты мекен кылышат. Сол канатка кирген чоң багыштардын көпчүлүк бөлүгү Кытайда, ал эми кыпчактардын негизги бөлүгү, тескерисинче Кыргызстан (Баткен, Жалалабад, Ош, Чүй), Өзбекстан (Анжиян, Наманган, Фергана), Тажикстан (Жергетал, Мургаб), Афганистанды (Чоң Памир, Кичи Памир) мекендеп келишери маалым. Или округунда кыргыздар басымдуу бөлүгү Текес дарыясынын жана ага куйган суулардын өрөөндөрүндө турушат. Бугулар көпчүлүктү түзүшөт, мындан сырткары, солто, сарыбагыш урууларын өкүлдөрү да байкалган. Бугулар Көк-Суу, Ак-Ыяз, Көк-Терек, Ак-Терек, жана башка жерлерде турушат. Айрым маалыматтарда Чоң жана Кичи Жылдыз өрөөндөрүндө (Күнөс-Суу) да кыргыздар жашашат, бирок алар дээрлик уйгурлашып калышкан. Хотан округуна караштуу Куэн-Лундун тоо этектериндеги Кулан-Арык, Санжу жана башка жерлерде найман, тейит, кесек, бостондор бир аздап жашашат.

Чыгыштан батышка карай узундугу 500, түндүктөн түштүккө карай 140 чакырым келген Шинжаң аймагы кыргыз этносунун калыптануусунун негизги этаптары жүргөн этностук аймак. Мисалы, атактуу эпикалык баатыр Жаңыл Мырза чыккан Нойгут уруусу XIX к. чейин эле Лопнур кыргыздары аймагында көчүп- конуп жүрүшкөн. Жазма маалыматтар, фольклор, топонимикалык жана башка этнографиялык материалдар кыргыздардын Батыш Кытайдагы ээлеген ареалы бүгүнкү жашап жаткан аймактан алда канча кенен болгондугун чагылдырат. Кыргыздардын байыркы Ата Журту болгон Үч Куштай, Жылдыз, Күнөс, Манас шаары жана башка жерлерде учурда кыргыздар жашабайт. Бирок аймактагы отурукташкан калктын олуттуу бөлүгү өздөрүнүн тегинин кыргыз болгондугун эскеришет. Бүгүнкү күндөгү Ават, Кула, Меркит, Актачы, Бостон, Терек, Оргу, Кызыл Аң, Кулан Сарык, Кара-Теке, Сакал, Сарай, Сөгөт, Гыджек, Кароол, Товур жана башка топонимдер теңиртоолук кыргыздарда уруу (урук) аттары катары маалым. Каңды уруусунун курамында «алашан» аттуу ири урук бар. Этностук аталыш Батыш Кытайдагы жердин аталышына байланыштуу келип чыккан. Алашан - батыш Кытайдагы тоо кыркаларынын аталышы катары белгилүү». Кагазды кушчу уруусундагы ири уруктардын биринин аталышы катары маалым. Этноним бир эле учурда Чыгыш Түркстандагы, Жалал-Абаддагы (Ноокен, Сузак) жана Таластагы кушчулардын курамында эскерилиши аталган уруунун өткөн доорлордогу өтө кенен аймактагы миграциясын чагылдырат. Кушчулар (кытайча - «гэшу») жана азыктар (кытайча - «ассиги») 7- к. Батыш Түрк каганатынын Нушиби аймагына киргендигин кытай жыл баяндары тастыктайт. Чыгыш Түркстан Батыш Түрк каганатынын курамында болгондугу белгилүү. Адигине уруулук тобуна кирген жору уруусунда сөгөттүк жору, шарттык жору деп аталган уруктар бар. Топонимикалык аталыштар Лоб-Норго жакын аймактардан кездешет.

Сол канат кыргыз урууларынын аскердик урааны «Каратал» деп чакырылганы маалым. Чыгыш Түркстанда сол канат кыргыз уруулары байырлаган аймакта Каратал (Кытайча - Ха-ла-та-лэ) топонимии белгилүү. Изилдөөчүлөр байыркы доорлордон туруктуу сакталып келе жаткан аскердик ураандар негизинен ата-бабалардын эрдиктерин даңазалап, уруулук символдорду, сыйынуучу ыйык жерлерди чагылдырарын белгилешет. Эзелки кыргыз жана башка түрк- монгол элдеринде ыйык туткан (тотем) жаныбары, канаттуу кушу, сыйынган тоосу, жер менен Көк Теңирди байланыштырган дүйнөлүк дарак жөнүндөгү шамандык түшүнүк кенен таралганы маалым. Каракалпактардын ичинде «караталшы» аттуу ири урук бар. Каратал топоними байыркы жана орто кылымдардагы кыргыз урууларынын (уруулук бирикмелеринин) жалпы курултайдан соң бириктирүүчү маанисин туюнткан, ыйык деп эсептелген, шамандык ритуал өткөрүүчү тоо, чоку, ашуу же бийик тоонун бели болуусу толук ыктымал. Тал (Каратал), Терек (бай терек) дүйнөлүк дарак жөнүндөгү шамандык идеяны чагылдырат.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү