Алике уулу Малик (Талас облусу, Кыргыз ССР 6 июнь 1969 — 17 январь 2023 Бишкек, Кыргызстан — акын-импровизатор жана комузчу. Биринчи жолу Малик тууралуу коом 1986 жылы уккан, ал «Мөлмөлүм» ырын ырдап, ага жаңы жашоо берген.

Алике уулу Малик
Туулган жылы:

6-июнь 1969

Туулган жери:

Көпүрө-Базар, Талас облусу, Кыргыз ССР

Каза болгон жылы:

17-январь 2023[1]

Каза болгон жери:

Бишкек, Кыргызстан

Ишмердүүлүгү:

Акын-импровизатор, Ойчул

Жарандыгы:

СССР желеги СССР
 Кыргызстан

Өмүр-баяны түзөтүү

Малик Аликеев 1969-жылы 6-июлда Талас облусунун Талас районундагы Көпүрө-Базар айылында туулган. Кичинесинен комуз чертип, «Курманбек», «Жаныш-Байыш» сыяктуу чакан дастандарын айткан. Ал эми К.Алмазбековдун “Ал үч жашар баланын арманы” аттуу ырын аткарып, мектепте жана айылда таанылган.

1985-жылы СССРдин Эл артисти, Эл акыны Эстебес Турсуналиев Талас шаарында гастролдо жүргөндө жаш талантка жолугуп, анын аткаруучулук өнөрүн жогору баалап, Малик Аликеевди Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияга чакырат. Ошол эле маалда Эстебес Турсуналиев аны эки жылдык студияга жаздырып, Малик Аликеевдин “Эл ырчысы Эстебес” тобунда чыгармачылыгынын башталышына себеп болгон. Аликеев бул коллективде 16 жашында иштей баштап, отуз жылдан ашык эмгектенген. Анын аткаруусунда “Мөлмөлүм”, “Арзыкан”, “Таласым”, “Сардал кыз”, “Жалжалым” ырлары көпчүлүктүн жүрөгүнөн түнөк тапкан.

Токтосун Тыныбековдун обонуна, сөзү Барпы Алыкуловго таандык “Мөлмөлүм” ыры Малик Аликеевге чоң популярдуулук алып келген. Бул ырды биринчи жолу 1986-жылы 17 жашында ырдаган. Ошол күндөн бери Аликеевдин репертуарында “Мөлмөлүм” ыры дайыма бар.

Малик Аликеев өмүрүнүн дээрлик 40 жылын музыка дүйнөсүнө арнаган. Акыркы жылдары узакка созулган оорудан кийин Малик Аликеев чыгармачылыкка кайтып келип, Кыргыз улуттук “Манас” театрында эмгектенген.

Өзүнүн 53 жашында, оорусу боюнча каза болгон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  1. https://kaktus.media/doc/473997_skonchalsia_zaslyjennyy_artist_malik_alikeev.html#:~:text=%D0%9C%D0%B0%D0%BB%D0%B8%D0%BA%20%D0%90%D0%BB%D0%B8%D0%BA%D0%B5%D0%B5%D0%B2%20%2D%20%D0%B0%D0%BA%D1%8B%D0%BD%2D%D0%B8%D0%BC%D0%BF%D1%80%D0%BE%D0%B2%D0%B8%D0%B7%D0%B0%D1%82%D0%BE%D1%80%20%D0%B8,%D0%B8%D1%81%D0%BF%D0%BE%D0%BB%D0%BD%D0%B5%D0%BD%D0%B8%D0%B5%20%22%D0%9C%D0%BE%D0%BB%D0%BC%D0%BE%D0%BB%D1%83%D0%BC%22%20%D1%81%D1%82%D0%B0%D0%BB%D0%BE%20%D0%B8%D0%B7%D0%B2%D0%B5%D1%81%D1%82%D0%BD%D1%8B%D0%BC.