(Эрназар уулу Нияз; 1823-жылы Кызыл-Булак айылында дуйного келген, Кадамжай району (азыркы Баткен областы), ошол кездеги Кокон хандыгы – 1896 Орусия империясы, кыргыздын чыгаан жазмачы акыны, ойчулу, философу, агартуучу жана кыргыз тилинде эң алгач кагазга түшүрүлгөн поэтикалык жазылмалардын — «Санат дигарасттар» аттуу кол китептердин жазуучусу.

Молдо Нияз өз доорунда кыргыз, араб, фарс жана эски түрк тилдеринжакшы билген, мударис инсан болгон. Изилдөөчүлөрдүн айтымына таянсак, Нияз бала кезинен исламий адабияттарды окуп, кийин Каратегинге (азыркы Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусу) барып медреседен билим алган. Андан кийин Кашкардан (азыркы Кытай Эл Республикасынын Шыңжан аймагы), кийинчерээк кайра Фергана өрөөнүнө кайтып, Маргалан (азыркы Өзбекстандын Фергана облусу) медресесинде окуусун уланткан. Үч жерде (Каратегин, Кашкар, Маргалаң) окуу, үч тилди – фарсы, араб, чагатай (эски түрк тилдери) үйрөнүү анын өз мезгилинин өтө илим-билимдүү инсан болуусуна шарт түзгөн.[1]


Маалыматтарга караганда акын, атайын медресе ачып, балдарга ислам окуусун жайылткан, Фергана өрөөнүндө диний билим берүүнү уюштуруп, жаш балдарды араб тамгасы менен кыргызча окуткан. Кысык деген жерде Чоң-Кара-Дабанда үңкүрдө (азыр да "Молдо Нияздын үңкүрү" деп аталат) медресе ачканы маалым. Анын дарстары кызыктуу экендигин, чыгыш акындарынын, өзүнүн ырларын окуп бергендигин, ыр үйрөткөндүгүн айтуу менен Молдо Нияздын медресесинин окуткан сабактарынын мазмунун аңдоого болот, алар: араб тили, чыгыш поэзиясы жана акындын өзүнүн ырлары.

Көп жерди, көп элди кыдырып көргөн, ошол барган жерлеринен географиялык-климаттык, этнографиялык, фольклордук маалыматтарды, чыгармаларды жыйнаган, өз жазгандарын кол китеп таризине салып элге тараткан. Кашкар, Бухара, Самаркан, Ат-Башы, Жумгал, Каратегин, Өзгөн, Жалал-Абад, азыркыча айтканда, Өзбекстандын, Тажикстандын, Кыргызстандын, Кытайдын көп жерлерин көргөн.

Тарыхчылар Т. Акматжанов Адыл Урстанбековдун «Кыргыз тарыхы» деп аталган чакан энциклопедиялык сөздүктө жазышынча, Молдо Нияз «кыргыздын алгычкы жазгыч акындарынын бири» жана «Кашкар шаарындагы медреседен билим алган».

Адабиятчы Садык Алахандын айтымында, Совет доорунда Молдо Нияз жөнүндө академик Болот Юнусалиевдин бир чакан макаласын айтпаганда, башка бир да эмгек жазылбаган.

Акындын араб арибинде жазылган ырларын кирилицага көчүрүп, өзүнчө жыйнак кылып чыгарууга илимпоз ирети чоң эмгегин үрөгөн Омор Соороновдун «Молдо Нияздын өз колу менен жазып, түптөп жана китеп кылып жасаган 7 колкитеби болгондугун» белгилейт.

Молдо Нияздын дагы бир изилдөөчүсү жана жердеши акын Эгемберди Эрматов эл оозунан угушунча, анын ондон ашуун ыр китеби болгон.

Акын өз чыгармаларында өмүр-өлүм, адеп-ахлак, бейадепсиздик, жаманчылык-жакшылыкка байланыштуу турмуштук-философиялык темаларга, Кокон хандыгынын аймагындагы кыргыздар баштан кечирген тарыхый окуяларды чагылдырып, Алымкул аталык, Курманжан датка, Полот хан сыяктуу журт башчыларынын ишмердиги тууралуу маалымат берет.

«Молдо Нияз: Санат дигарасттар» деген аталышта 1993-жылы жарык көргөн жыйнактагы ырлары тастыктагандай, акын Түндүк жана Түштүк кыргыздары байырлаган жерлерди, Кашкар, Бухара, Самарканд тарапты кыдырып чыккан.

1993-жылы ноябрь айында кыргыз коомчулугу жазмачы ырчынын 170 жылдык мааракесин кеңири белгилеген.

Молдо Нияз өз заманынын билимдүү, араб, фарсы, эски түрк (чагатай) тилдеринде сүйлөй билген инсандарынан болгон. Кашкар шаарындагы медреседен билим алган. Анын чыгармалары кызыл-суулук кыргыздардан тартып Ат-Башы, Нарын, Жумгал, Кочкор, Суусамыр, Чүй өрөөндөрүндөгү, Фергана аймагындагы элге кеңири белгилүү болгон. Молдо Нияздын ырларында өлүм, өмүр, Аалам, жакшылык-жамандык сыяктуу философиялык терең ойлор, ошондой эле 19-кылымдын 2-жарымындагы кыргыз жергесиндеги тарыхый шарттар да баяндалган. Санат ырларында 1845–58-жылдары Кудаяр хандын кордугуна чыдабаган ферганалык кыргыздардын жер которушу, Кашкарга качып барган кыргыздарга Жакыпбек бийдин көрсөткөн кордугу, 1864-жылы орус падышалыгынын Ташкент, Чымкент шаарын басып алуусу жана Курманжан даткага байланыштуу окуялар чагылдырылган. Молдо Нияздын адабий мурасын элге жеткирүү демилгеси профессор Б. Юнусалиевге таандык. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Кол жазмалар фондусунда Молдо Нияздын өз кол тамгасындагы үч кол жазма китеби жана бир кошок жазылган чоң барак бар, калгандары эл оозунан жыйналган материалдар болуп саналат. Биринчисин К. Сыдыкбаевдердин жардамы менен таап, Б. Юнусалиев, үчүнчү кол китепти А. Эркебаев Алайдан А. Азимов деген кишиден алып келип, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Кол жазмалар фондусуна өткөргөн. «Кат» деп аталган жазманы Тил, адабият институту уюштурган экспедициянын мүчөлөрү Айдар Молдодон 1974-жылы алып келип фондуга өткөрүшкөн. Аларды тартипке келтирип, О. Сооронов «Молдо Нияз: Санат дигарасттар» деген аталыштагы китепти 1993-жылы жарыкка чыгарган.

Булактар түзөтүү

  1. https://sputnik.kg/20210605/moldo-niyaz-tuuraluu-10-fakty-1052740800.html