Нефтиабад
Нефтиабад (таж. Нафтобод) — Тажикстандын Согд облусунун Исфара районундагы шаарча. Нефтибадда көптөгөн улуттар жашайт: татарлар, кыргыздар, тажиктер, өзбектер, орустар .
Отурукташкан жай
Нефтиабад
|
Географиясы
түзөтүүФергана өрөөнүндө, Түркстан тоо кыркаларынын этектеринде жайгашкан. Климаты жылуу, субтропиктик, кескин континенттик.
Ошондой эле шаарча Канибадам —Шураб (Кокон — Хаваст линиясы) темир жол станциясына жакын жайгашкан. Райондун борбору менен Исфара — Канибадам жолу аркылуу байланышкан.
Тарыхы
түзөтүүКонуш Совет доорунда мунайчылар жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн конуш катары түзүлгөн. Калктын негизги иши мунай жана газ өндүрүү болгон.
Нефтиабад дарыянын жээгинде жайгашкан, айылда көптөгөн кооз жерлер бар. Шаардын борборунда Улуу Ата Мекендик согуш учурунда курман болгон жоокерлердин эстелиги орнотулган.
Шилтемелер
түзөтүү- Нефтеабад(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы). Статья из БСЭ. Текшерилген күнү 16 -ноябрь (жетинин айы) 2013. Түп булактан архивделген күнү 10 -июнь (кулжа) 2015.