Рахмонов Дарвишбек
Дарвишбек Уринбоевич Рахмонов (өзб. Дарвишбек Раҳмонов; (1952), Ош шаары, Кыргыз ССР - "Калдиргоч" (Чабалекей) үлгүлүү цирк труппасынын негиздөөчүсу жана көркөм жетекчиси, Өзбекстандын цирк артисти, цирк ишмери.
Дарвишбек Рахмонов
Дарвишбек Раҳмонов | |
Төрөлгөндөгү ысымы: |
Дарвишбек Ўринбоевич Раҳмонов |
---|---|
Туулган датасы: | |
Туулган жери: | |
Жарандыгы: | |
Кесиби: |
"Калдиргоч" (Чабалекей) үлгүлүү цирк труппасынын негиздөөчүсу жана көркөм жетекчиси, цирк артисти |
Карьерасы: |
1977 жылдан азыркы мезгилге чейин |
Багыты: |
Цирк артисти |
Сыйлыктары: |
Шухрат (Даңк) медалы |
Өмүр баяны
түзөтүүДарвишбек Рахмонов 8 апрель 1952 жылы Ош шаарында, кызматчыларды үй-бүлөсундө төрөлгөн. Анын атасы Уринбой Рахмонов Бабур атындагы Ош Мамлекеттик академик өзбек музыкалуу драма театрын негиздөөчүлөрунөн бири, кыргызстандык артист, театралдык ишмер жана акын болгон. Ал 1981 жылы Ташкент эстрада-цирк искусство студиясын артыкчылык менен аяктаган. Өзунун жашоосун искусствого кызмат кылууга арнаган. Ал Ташкент облусунун Янгиюль шаарында "Калдиргоч" (Чабалекей) үлгүлүү цирк труппасын уюштурду жана анда көркөм жетекчи болуп иштейт. Түздөн-түз анын жетекчилиги астында "Калдиргоч" (Чабалекей) үлгүлүү цирк труппасы Бүткүл союздук мелдештердин лауреаты, Ташкент облусу Ленин комсомолун сыйлыгынын лауреаты, республикалык кароо-сынактарда төрт жолу биринчи орунду[1], эки жолу экинчи орунду ээледи[2].
Ал көптөгөн оригиналдуу цирк көрсөтүүлөрүн түзүүчүсү, ондогон окуучуларын тарбиялады, алар дүйнөнүн көптөгөн кесиптик цирктарда иштешет. Тулкин Обидовдун 1979 жылы чыккан "Өзбек палвандары" китебинде 53 жана 37 беттеринде Дарвишбек Рахмоновдун сүрөтү жана ал жөнүндө маалымат жайгаштырылган. Тулкин Обидовдун "Өзбек палвандары" китебинде Дарвишбек Өзбекстандын эң күчтүү палвандарыдан бири деп маалымат берилген (бул сүрөттө Дарвишбек палван түркүкка темир чынжыр менен бекитилген). Бул номерди жалгыз аткаруучусу Дарвишбек палван көрүүчүлөрдүн көз алдында темир чынжырды ийиндин кыймылы менен айрып салат. Бул номерди ал эркиндиги жана колониялык эзүүдон бошотуу учун курөшкон Африка элдерине багыштады. С. Гайипова, Й. Таджибаев, Мустафонун 2002 жылы чыккан "Янгиюльдун жаңы жетишүүлөру" китебинде мукабасында, 68 жана башка беттеринде Дарвишбек Рахмоновдун жана "Калдиргоч" цирк труппасын 6 түстүү сүрөттөрү жайгаштырылган.
Мындан тышкары, Дарвишбек палван жана ал башкарган "Калдиргоч" цирк труппасы тууралу гезиттерде жана журналдарда жүздөн ашык макалалар чыккан, алардын чыгышы Өзбекстан телевидениесы аркылуу ондогон телекөрсөтүүлөрдө трансляция кылынды[3]. Искусство жана маданиятты өнүктүрүү учун Дарвишбек Рахмоновдун сиңирген чоң эмгеги бааланып Өзбекстан Республикасынын Президенти И.А. Каримовдун 2002 жылдын 26 августундагы Жарлыгы менен ал Шухрат (Даңк) медалы менен сыйланды[4].
"Ташкент акыйкаты" гезитинин биринчи бетинде сурөту чыкты, анда Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлис төрагасы Эркин Халилов Дарвишбек Рахмоновго "Шухрат" (Даңк) медалын тапшырат. Анын балдары Хуршид, Хулкарой, Умидбек, Мухсина цирк труппасында талыкпай эмгектенип жатышат. Уулу Умидбек 5 жылдык курагында дуйнөдө эң жаш эквилибрист эле, 6 жашында Республикалык телевизиондук мелдештин жеңүүчүсү болгон. Ошентип, Рахмоновтор Өзбекстандын цирктик династиясы болуп саналат. Дарвишбек Рахмонов Өзбекстандын искусствого эмгек сиңирген ишмери наамына көрсөтулгөн[5].
Жеке жашоосу
түзөтүүАтасы - Уринбой Рахмонов (1910-1980) - Кыргызстан Бабур атындагы Ош Мамлекеттик академик өзбек музыкалуу драма театрынын негиздөөчүлөрунөн бири, кыргызстандык артист, театралдык ишмер жана акын. Энеси - Турсунхон Туйчибоева (1918—1954). Жубайы - Мастурахон Валиева (25.01.1961 жыл) акушер, "Калдиргоч" (Чабалекей) үлгүлүү цирк труппасын кызматчысы. Балдары: Хуршид (1988), Хулкарой (1990), Умидбек (1994), Мухсина (1996).
Колдонулган адабияттар
түзөтүүТиркемелер
түзөтүү- ↑ Фестиваль циркового искусства(жеткиликсиз шилтеме)
- ↑ Коллективу 30 лет
- ↑ Биографии знаменитостей
- ↑ Указ Президента Республики Узбекистан
- ↑ Центразия Персоны. Текшерилген күнү 26 -декабрь (бештин айы) 2015. Түп булактан архивделген күнү 5 -январь (үчтүн айы) 2016.
Шилтемелер
түзөтүү- Коллективу 30 лет
- Указ Президента Республики Узбекистан
- Остонаси олтин дейман уйимни Archived 2016-02-19 at archive.today
- Фестиваль циркового искусства(жеткиликсиз шилтеме)
- Фестиваль канатоходцев и мастеров цирка(жеткиликсиз шилтеме)
- На арене «Ласточка»
- Калдиргоч канот ёймокда Archived 2016-02-09 at archive.today
- Их сцена - арена Archived 2015-11-14 at archive.today
- Чет элликлар хайратда Archived 2015-11-14 at archive.today
- Актёрская династия
- Они стояли у истоков
- Центразия Персоны Archived 2016-01-05 at the Wayback Machine
- Биографии знаменитостей
- Культурный сайт(жеткиликсиз шилтеме)
- Дарвишбек Рахмонов - "Калдиргоч" үлгүлүү цирк труппасынын негиздөөчүсу жана көркөм жетекчиси, Өзбекстандын цирк артисти