Соку-Таш

Жалал-Абад облусунун, Сузак районундагы айыл
Соку-Таш, Сузак району‎»‎ барагынан багытталды)

Соку-ТашКыргызстандын Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы айыл. Кызыл-Туу айыл аймагынын курамына кирет.

айыл
Соку-Таш
Өлкө

Кыргызстан

Облус

Жалал-Абад облусу

Таблицадагы облус

Жалал-Абад облусу

Таблицадагы район

Сузак району

Тарыхы жана Географиясы
Климатынын түрү

континенталдуу

Калкы
Расмий тили

Кыргыз тили

Калкынын саны

575[1] (2021)

Жыштыгы

адам/км2

Улуттук курамы

Кыргыздар

Диний курамы

Ислам

Сандык идентификаторлор
Убакыт аралыгы

+6

Телефон коду

+996

Почта индекси

721325

Автоунаа коду

D,04

ААББТ коду — 41703 220 842 10 0[2].

Аталышы түзөтүү

Сузак районуна караштуу Соку-Таш айылынын аталышы жөнүндө бир канча варианттары айтылат. Айылда сокусу жана ташы болгон. Элдик уламыштар боюнча таштын сокусун 1917-1920-жылдары орус аскерлери сазга ыргытып жиберишкен. Таштын түбүндө алтын бар деген божомол болгондуктан, таштын ордун жылдырып көрүшөт. Бирок таштын сокусун ыргыткан адам өз дарегине жетпей каза болгон. Таштын түбүндө алтын болушу мүмкүн деген кабарды угушуп, башка аймактан 5 адам келет. Алар таштын айланасын түнү менен казып чыгат. 5 адамдын бири молдо болгондуктан түнү менен намаз окуп, куран окуп турат. Алар алтынга жеткиче таң атып, белгисиз себептерден улам бешөө тең ошол жерде жан бергени айтылат. Таш бир аз оодарылып турган абалда он жылдай турган. Андан кийин айылдыктар түлөө өткөрүп, ташты ордуна коюшкан[3].

Калкы түзөтүү

жылы 2009 [4] 2014[5] 2015[6] 2020 2021[1]
адам. 500 581 571 599 575

Булактар түзөтүү

  1. 1.0 1.1 Кыргыз Республикасынын облустарынын, райондорунун, шаарларынын, шаарчаларынын, айылдык аймактардын жана айылдардын калкынын саны (орусча) (XLS). Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети (2021).
  2. Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык жана аймактык бирдиктердин объектилерин белгилөө тутумунун мамлекеттик классификатору
  3. Народные легенды: История названия села Соку-Таш Сузакского района, связанная с необычным камнем (фото). turmush.kg. Текшерилген күнү 21 Апрель 2022.
  4. 2009 калкты каттоо. Жалал-Абад облусу. Текшерилген күнү 27 -май (бугу) 2020. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.
  5. Кыргыз Республикасынын облустарынын, райондорунун, шаарларынын, шаарчаларынын, айылдык аймактардын жана айылдардын калкынын саны (орусча) (XLS). Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети (2014). Түп булактан архивделген күнү 5 -ноябрь (жетинин айы) 2016.
  6. Кыргыз Республикасынын облустарынын, райондорунун, шаарларынын, шаарчаларынын, айылдык аймактардын жана айылдардын калкынын саны (орусча) (XLS). Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети (2015).