Хэйлунцзян (кытайча (жөнөкөйлөштүрүлгөн): 黑龙江; кытай (салттуу): 黑龍江; пиньинь: Hēilóngjiāng) — Кытайдын түндүк-чыгышында жайгашкан провинция. "Хэйлунцзян" сөзүнүн баштапкы мааниси "Кара ажыдаар дарыясы"; бул Амур дарыясынын кытайча аты. Хэйлунцзян үчүн бир тамга аббревиатурасы 黑 (Hēi) болуп саналат. Аймактын манжур тилиндеги аты "Сахалиян ула" (манжур алфавити: ᠰᠠᡥᠠᠯᡳᠶᠠᠨ
ᡠᠯᠠ
"Кара дарыя" дегенди билдирет), андан "Сахалин" аталышы келип чыккан. Ушундай эле маанидеги монгол тилинде аты Карамөрин.

Хэйлунцзян
黑龙江
Hēilóngjiāng
Өлкө

Кытай Кытай

Статусу

провинция

Административдик борбор

Харбин (1954)

Ири шаары

Харбин

Негизделген күнү

1954

Губернатор

Лян Хуэйлин

Партком секретары

Сюй Цинь

Калкы (15)

38.313.991 (15-орунда)

Жыштыгы

84 адам/км² (28-орунда)

Улуттук курамы

Кытайлар - %95
Манжурлар - %3
Корейлер - %1
Монголдор - %0,4
Хуэйлер - %0,3

Аянты

454.800 км² (6- орунда)

Деңиз
денгээлинен бийиктиги
 • Бийик чекити



 Датудинцзы, 1690[1] м

Тууралыгы

км

Узундук

км

Картадагы{{{кыргызча аталышы}}}

Убакыт аралыгы

UTC±8:00

Коду ISO 3166-2

CN-23

Расмий сайты
Хэйлунцзян Уикиказынада

Хэйлунцзян провинциясы түштүктө Гирин жана батышта Ички Монголия менен чектешет. Анын үстүнө түндүгү менен чыгышында Орусиянын чек арасы бар.

София чиркөөсү, Харбин

Амур дарыясы Кытай менен Орусиянын чек арасын түзөт. Хэйлунцзянда Кытайдын эң түндүк чекити (б.а. Амур дарыясынын боюндагы Мохэ префектурасы) жана анын эң чыгыш чекити (Амур менен Уссури дарыяларынын кошулуусу) да бар.

Административдик структура

түзөтүү

Хэйлунцзян 12 префектуралык шаар (алардын бири субпровинциалдык шаар) жана 1 провинцияга, бардыгы болуп 13 префектура деңгээлиндеги бөлүмгө бөлүнөт.

Карта Кыргызча аталышы Кытайча аталышы Пиньинь Статус
 
1 Харбин 哈尔滨市 Hā'ěrbīn shì Субпровинциялуу шаар
2 Цицикар 齐齐哈尔市 Qíqíhā'ěr shì Шаар округу
3 Муданьцзян 牡丹江市 Mǔdānjiāng shì Шаар округу
4 Цзямусы 佳木斯市 Jiāmùsī shì Шаар округу
5 Дацин 大庆市 Dàqìng shì Шаар округу
6 Цзиси 鸡西市 Jīxī shì Шаар округу
7 Шуанъяшань 双鸭山市 Shuāngyāshān shì Шаар округу
8 Ичунь 伊春市 Yīchūn shì Шаар округу
9 Цитайхэ 七台河市 Qītáihé shì Шаар округу
10 Хэган 鹤岗市 Hègǎng shì Шаар округу
11 Хэйхэ 黑河市 Hēihé shì Шаар округу
12 Суйхуа 绥化市 Suíhuà shì Шаар округу
13 Да-Хинган-Лин 大兴安岭地区 Dàxīng'ānlǐng dìqū Округ

2010-жылдагы Кытайдын Улуттук эл каттоосуна ылайык Хэйлунцзяндын жалпы калкы 38.313.991 киши[2].

Этникалык курам

түзөтүү

Хэйлунцзяндагы негизги этникалык топтор:

Хэйлунцзяндагы негизги этникалык топтор (2010)[2]
Этникалык топтор Калкы
Кытай 36 939 181
Корей 327 806
Монгол 125 483
Хуэй 101 749
Манжур 748 020
Даур 40 277
Сибо 7 608
Орохен 3 943
Нанай (Хезне) 3 613

Калктын динамикасы

түзөтүү
  • 1954-жыл — 12,76 млн киши[3]
  • 1964-жыл — 20,13 млн киши[3]
  • 1982-жыл — 32,67 млн киши[3]
  • 1990-жыл — 35,21 млн киши[3]
  • 2000-жыл — 36,89 млн киши[3]
  • 2005-жыл — 38,20 млн киши[3]
  • 2010-жыл — 38,33 млн киши[3]
  • 2020-жылы — 31,85 млн киши[4].

Таблицадагы топтордон тышкары Хэйлунцзянда 1431 "кыргыз" этникасы да бар (кытайча: 柯尔克孜族; пиньинь: Kē'ěrkèzī zú). Бул Шинжаң-Уйгур автономиялуу районунан кийинки Кытайдагы эң көп "кыргыз" калкы[2]. Бул кыргыздар негизинен Цицихардын Фуюй районунда жашашат, бирок Шинжаң кыргыздары сүйлөгөн кыпчак кыргыздарынан айырмаланып, бул фуюй кыргыздары сүйлөгөн "фуюй кыргыз тили" кыпчак тили эмес, хакас тилине көбүрөөк окшош[5][6].

Булактар

түзөтүү
  1. Атлас Китая, 2022, к. 73
  2. 2.0 2.1 2.2 中华人民共和国国家统计局 >> 第六次人口普查数据. stats.gov.cn. Текшерилген күнү 15 -июнь (кулжа) 2020. Түп булактан архивделген күнү 27 -октябрь (тогуздун айы) 2012.
  3. 3.0 3.1 3.2 3.3 3.4 3.5 3.6 Веремейчик А. С. Демографическое развитие Северо-Восточного Китая (1949—2010 гг.) // Ойкумена. Регионоведческие исследования. — 2011. — № 4. — 47 — 48 б.
  4. Communiqué of the Seventh National Population Census (No. 3) (англ.). National Bureau of Statistics of China.
  5. Keith Brown, Sarah Ogilvie, ed. (2010). Concise Encyclopedia of Languages of the World [Дүйнө тилдер энциклопедиясы] (in англисче). Elsevier. p. 1109. ISBN 0080877753. 
  6. Johanson 1998 Archived 2016-04-16 at the Wayback Machine, 83 б.