Үч-Булак (Лейлек району)

Кыргызстандын Баткен облусунун Лейлек районундагы айыл
Чурбек‎»‎ барагынан багытталды)

Үч-Булак (2023-жылдын 1-январына чейин — Чурбек)[2]Кыргызстандын Баткен облусунун Лейлек районундагы айыл. Кең-Талаа айыл аймагынын курамына кирет.

айыл
Үч-Булак
Өлкө

Кыргызстан

Облус

Баткен облусу

Тарыхы жана Географиясы
Мурунку аталышы

Чурбек (01.01.2023 чейин)

Бийиктиктиги

1215

Калкы
Калкынын саны

1069[1] (2020)

Жыштыгы

адам/км2

Улуттук курамы

Кыргыз, Өзбек, Тажик

Сандык идентификаторлор
Убакыт аралыгы

+6

Телефон коду

+996

Почта индекси

720410

Автоунаа коду

A,03

ААББТ коду — 41705 236 806 02 0[3].

Калк түзөтүү

Чурбек айылында кыргыз, өзбек жана тажик улутундагы жарандар жашашат. Айыл тоонун арасында жайгашкандыктан, жолдору начар абалда. Ошондуктан, унаалардын чектеш конуштар менен болгон каттоосу аз.

Инфратүзүм түзөтүү

 
М. Юлдашев атындагы орто мектеп

Айылда жалгыз гана жалпы билим берүүчү орто мектеп бар. Лейлек райондук мамлекеттик акимчилигинин маалыматы боюнча, М.Юлдашев атындагы орто мектеп 1957-жылы ашар ыкмасында саман аралашкан ылайдан курулган. Ошондон бери мектепте көлөмдүү оңдоо иштери болгон эмес. 2014-жылы жааган жаан-чачындын, селдин жүрүшүнөн улам кыйла эле зыян тартып, бир бөлүгү кулап калган. Ал эми 1980-1986-жылдарда элдик ашар жолу менен саман аралашкан ылайдан курулган китепкана, ашкана, кол эмгек канасы жана кароочулардын бөлмөсү таптакыр жараксыз абалга келген.

Аталган мектепте стол, олтургучтар жана балдардын окуусу үчүн абдан зарыл инвентарлар дагы жетишсиз. Азыркы учурда 179 окуучу окуп, 20 мугалим эмгектенет. Окуучулар эки нөөмөттө билим алышат. Спорт залдын, акак зал жоктугунан иш- чаралар жайы-кышы көбүнчө тышта ачык асман алдында өткөрүлөт. Айыл жашоочулары жаңы мектеп куруп берүү өтүнүчү менен жергиликтүү бийликтерге кайрыляшкан.

2021-жылы жаңы мектептин курулушу башталган, Жаңы мектеп 2-кабаттуу окуу корпустан, ашкана, спорттук залдан жана өтмө галереядан турат. Жалпы аянты 1604,4 чарчы метрди түзүп, долбоордук кубаттуулугу 225 окуучуга эсептелген [4]. Курулуштун сметалык наркы 64 миллион 616 миң 200 сомду түзүп, мамлекеттик бюджеттен каржыланган[5].

Калкы түзөтүү

жылы 2009 2020
адам. 926[6] 1069[1]

Булактар түзөтүү