Ширин — Сырдарыя районундагы шаар (1972-жылдан). Облуска баш ийет. Жакынкы темир жол бекети — Фархад (6 км). Облустун борборунан 52 км алыстыкта (Гулистан шаары). Орточо бийиктиги 328 м.

Шаар
Ширин
Өлкө Өзбекстан
Облус Сыр-Дарыя облусу
Координаттар 40°13′37″ с. ш. 69°08′04″ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү 1972
Аянты 13,4 км²
Борборунун бийиктиги 328 м
Убакыт аралыгы UTC+5
Калкы
Расмий тили Өзбек
Калкы 15 300 адам (2003)
Улуттук курамы өзбектер, татарлар, орустар, тажиктер
Диний курамы мусулмандар
Сандык идентификаторлор
Телефон коду +998 67
Почта индекси 120219-120220
Расмий сайты https://shirinuz.uz  (өзб.)
Ширин (шаар) (Өзбекстан)

Калкы 15 300 киши (2003), негизинен өзбектер, ошондой эле тажиктер, татарлар, корейлер, орустар, азербайжандар, түркмөндөр жана башкалар жашашат.

Тарыхы

түзөтүү

Шаардын аталышынын келип чыгышы тууралуу ар кандай уламыштар жана божомолдор бар. Чындыкка эң жакыны – шаардын батыш тарабындагы тоо Фархад аскасынын астынан аккан Ширинкыз суусунун атынан аталган. Ширин шаары 1943-жылы Фархад ГЭСинин курулушуна байланыштуу жумушчулар кыштагы болуп түзүлгөн.

Өнөр жайы

түзөтүү

Шаарда Фархад ГЭСи, Сырдарыя ТЭЦи, соода жана турмуш-тиричилик жактан тейлөө станциялары, машина куруучу завод, суткасына 7 тонна нан жана нан азыктарын чыгаруучу ишкана, спирт заводу жана башкалар, ошондой эле 60тан ашык ар кандай формадагы жеке жана чакан ишканалар бар. Шаарда Сырдарыя курулуш башкармалыгы да жайгашкан. Шаарда 4 жалпы билим берүүчү мектеп, 1 музыкалык мектеп, 2 кесиптик лицей, театр, «Ширин» шаардык базары, 5 китепкана, 2 музей, оорукана (140 орундуу), балдар ооруканасы, медициналык реабилитациялык борбор, 2 айылдык фельдшердик пункт, 2 фельдшер бар. Ошондой эле «Хавотоо» санаториясы, маданият жана эс алуу паркы, мемориалдык парк бар. «Ширин садоси» газетасы чыгат. Шаардык телестудия иштейт[1].

Булактар

түзөтүү
  1. "Ширин (шаар)" OʻzME Sh-harfi Archived 2019-10-11 at the Wayback Machine (Wayback Machine сайтында архивделген. 10.11.2029) Биринчи том. Ташкент, 2000-ж