Кендирбаев Эшмамбет ("Эшмукамбет", "Эшмуханбет")(1890-жыл Барскоон айылы — 1937-жыл, каза болгон жери белгисиз). Кыргызстанда Совет бийлигин орнотууга катышкан мамлекеттик ишмер. 1916-ж. Түркстан БКнын тапшырмасы жана Үркүндө Кытайга качып барып, кайра келген кыргыздарды жайгаштыруу боюнча жооптуу кызмат аткарган. Совет бийлиги орногондон кийин Каракол жана Пишпек шаарында революциялык комитетинин төрагасы, Кара Кыргыз автономиялуу облусунун жер иштетүү боюнча эл комиссары, Жети-Суу облусунун аткаруу коммитетинин төрагасы болуп иштеген. Түркстан БКнын чечими жана 1921-жылы Ферганадагы басмачыларга каршы күрөшкө катышып, өнөкөт жүрөк оорусуна байланыштуу 1926-жылы кайра туулган жерине келген. Анын демилгеси менен Тамга кыштагында оорукана бөлүмү жана Барскон кыштагында орто мектеп курулган. Кара-Калпак АССРи түзүлгөндө (1932), ага айыл чарба башчысынын кызматы сунуш кылынган. 1936-жылы Ташкент шаарындагы пахта өстүрүү институтунда илимий кызматкер болуп иштеген. 1937-жылы Социал-Туран партиясынын мүчөсү деген жалган жалаа менен камакка алынып, атууга буйрулган. 1961-жылы Кыргыз ССРинин Жогорку соту тарабынан толук акталган.

Эшмамбет Кендирбаев
Ишмердүүлүк тармагы:

коомдук, саясий ишмер

Туулган датасы:

1890-жыл

Туулган жери:

Барскоон, Жети-Суу облусу (учурдагы Ысык-Көл облусу) , Орусия империясы

Жарандыгы:

 Орусия империясыСССР желеги СССР

Өлгөн датасы:

1938-жыл

Өлгөн жери:

СССР желеги СССР Өзбекстан

Атасы:

Кенжебек уулу Кендирбай

Балдары:

Эшмамбетов Төлөн, Эшмамбетова Бекзия

Өмүр жолу түзөтүү

Эшмамбет кичине чагынан өтө эрке өскөн, кызылдай тентек чоноёт. Айрым маалыматтарга таянсак Эшмамбет күндөрдүн биринде келе турган конокко салынган эттеги казанга жылкынын тезегин салып жиберет. Ачууланган атасы Кендирбай уулун малайлыкка Кызыл-Суулук Лемякин деген көпөс-дыйкандын колуна берет. Анда малайлыкта жүргөндө, Эшмамбет бир айга жетип жетпей эле жандай чабышып, орус көпөсү Лемякиндин оорун колдон, жеңилин жерден алышкан жардамчы болуп чыга келет. Табиятынан тиликарак Эшмамбет аз убакыт ичинде эле орус тилинде эркин сүйлөп кетет. Көп өтпөй ал, Лемякиндин үйүнөн орус бала Ваня менен бирге Караколду көздөй качып жөнөшөт. Ал жерде тери иштетүүчү заводго жалданып иштеп калышат. Бул жерде алар бир жылга чейин оор жумушта иштешип, ар ким менен алакалашып жүрүп, айрыкча Эшмамбет орус маданиятына жакындап, үйрөнүп кетет. Ошол эле жылы аны атасы Кендирбай, аталаш агасы Атакан болуш Караколго издеп келишип, аны шаардан таап алышат да, кайра кайтууга ынанбай койгон Эшмамбетти биротоло жергиликтүү орус-тузем мектебине өткөрүшүп, санаалары тынчып кайра Барскоонго бет алышат. Эшмамбет орус-тузем мектебин ийгиликтүү бүтүрүп, казак-кыргыз Жети-Суу губерниясынын сотунда тилмеч, бир эле убакта адвокаттык кызматты аркалайт. Кийинчерээк губернатордун карамагында иштеп калып, Жети-Өгүздүк Гречко, Елистаров, Лебедев өңдүү уезддеги орус революционерлери менен тыгыз байланышып, марксистик-лениндик саясий ийримге кошулуп, РСДРПнын мүчөлүгүнө кабыл алынат. Жаңыдан таанышкан орус улутундагы достору жана жан жолдошу Иван Тернонун жардамы менен дүйнөлүк адабияттарды таап окууга, декабристтер менен орус дворяндарынын кулк-мүнөзүн үйрөнүүгө, революциялык иштерге дит багып аралашууга, ички рухун, ички дүйнөсүн тазартууга, эзүүчү таптын үстөмдүгүнөн биротоло кол үзүүгө, негизги басымды каа таман калайык калктын мүдөө-талаптарын аткарууга, алардын көйгөйлөрүн жогорку баскычка көтөрүүгө аракет жасап, ал эми жалгыз жарым болбой, артынан өзү курактуу бир катар жумушчу табын коштогон улуу журтту ээрчитип калат. Бул жылдары соттун тилмечи, 1917-жылдан тартып ал революциялык комитетинин жооптуу кызматкери жана бюро мүчөсү болуп иштеп турат. Түркүстандагы Борбордук Аткаруу комитети менен байланышып, 1916-жылдагы Улуу Үркүндө туулуп-өскөн аймагын таштай качышкан кыргыздарды Кытай жергесинен кайра артка алып келүү комиссиясына төрагалык кылып, Жети-Суу облусунун өкүлү Рудольф Павлович Маречек менен бирдикте Какшаал, Кулжа, Үрүмчү, Текес, Үч-Турпан, Ак-Суу аймактарындагы кыргыз, казак, уйгур, дунган улутундагы качкындар үчүн материялдык жактан ири жардам сурап кайрылып, Түркүстан Борбордук Аткаруу комитети качкындарга атайын фонд ачып, Кытайдан арып-ачып артка келе жаткандарга эгин, чай, кант, кездеме, алардын ар бирине акчалай жардам көрсөтөт. Эшмамбет, Маречек менен бирге ат менен Үрүмчү, Кулжа, Текес, Үч-Турпан жана Какшаалга чейин жер калтырбай кыдырып барып, качкындардын оор жашоосун өз көзү менен көрүп, зээни кейип, аларга өтө чоң жардам көрсөтө албаса дагы Ысык-Көлгө кайтып келгенге чейин жетишерлик өлчөмдөгү жардамдарын берип, ири сандагы качкындарды өздөрү менен бирге көчүрүп кайтышат. Анын мындай эмгеги Түркүстан Борбордук Аткаруу комитети тарабынан өтө жогору бааланып, "алкыш баракчасы" жарыяланып, акчалай сыйлыкка ээ болот.

Эшмамбет ушул эле жылдын күзүнөн тартып Жети-Суу облустук аткаруу комитетинин төрагасынын биринчи орун басары, жол-катнаш иштери боюнча бөлүм башчысы, уезддик ички иштер башкармасынын өзгөчө бөлүмүнүн башчысы, Каракол шаардык уезддик революциялык комитетинин жооптуу катчысы, андан соң Жети-Суу уезддик жер-суу комиссиясынын төрагасы, 1919-жылы Верный шаарында болуп өткөн мусулмандар съездинин, 1920-жылы 16-декабрь күнү Олуя-Атада өткөн кыргыз-казак эмгекчилеринин крайлык съезддеринин уюштуруучусу жана алардын алып баруучусу болот. 1920-жылдын апрель айынан 1921-жылдын март айына чейин Каракол уезддик комиссиясынын милдетин аткарып турат. Ал Жети-Суу областтык революциялык коммитетинин 1921-жылдын 16-июнундагы №151-буйругу менен ошол кездеги Пишпектин революциялык комитетинин төрагасы А.И.Иванициндин козголоңчулар тарабынан курман болгонунан кийин Пишпек уезддик шаардык революциялык комитетинин төрагасы болуп дайындалат. Арадан бир кыйла убакыт өткөндөн кийин ал кайрадан Каракол шаардык революциялык комитетине мүчө, жоопту катчы болуп дайындалып, ушул эле жылдын акырында Түркүстан коммунистер партиясынын Борбордук Комитетинин буйругу менен Түркүстан аймагынын жер-суу аймактарын жакшы билген жана башкаруучулук жөндөмү чоң, бай тажрыйбалуу революционер катары Фергана өрөөнүнө басмачылар менен күрөшүү отрядын жетектөөгө жиберилет. 1923-жылдын 17-мартынан тартып, кайрадан Каракол шаардык уездине жооптуу кызматкер болуп дайындалып, ага Каракол шаарындагы жана бүтүндөй Көл өрөөнүндөгү, Нарындагы алгачкы партиялык ячейкаларды уюштуруу милдети тагылат. Анын мындай билгичтик тажрыйбасы жеке эле Каракол уездинде эмес, Нарын шаардык аткаруу комитетин уюштуруу мезгилинде дагы кеңири пайдаланылат.

Ал 1924-25-жылдары өлкөнүн агартуу тармагынын ишине дагы активдүү катышып калат. Ошол эле жылдары Даркан, Чычкан, Ак-Терек, Кичи-Жаргылчак, Барскоон,Тамга, Тосор айылдарынын жаш жеткинчектерине билим берүү максатында жер ортолотуп, Барскоондогу мектеп-интернатын, Тамгадагы оорукананы салдыртууга Түркүстан Борбордук Комитетинен уруксат алат. Бул айылдардын элинен ортого 1500 кой, 150 баш бодо мал чогултулуп, 1200 коло карагай Барскоон жана Таарылга капчыгайларынан ат-өгүз менен тартылып келинет. Мектеп курууга ар бир аталган айылдардан өкүлдөр атайын түзүлгөн комиссиянын курамына киришип, мектептин пайдубалы түптөлүп, калган курулуш материалдарды Верныйдан жана Пишпектен тартылып келинип, анда Малай уулу Үсөн жана Пишпектен чакыртылган Афанасий Петреченко деген орус башкарган усталар бригадалары мектептин курулушун эки жылдын ичинде бүткөрүшүп, 1927-жылы 300 орунга эсептелген жаркыраган жаңы жыгач мектепти пайдаланууга берилгенден кийин, Тамга жана Барскоон тарапка кеткен "Кидибай Саздан" тартылган эки каналды каздыртып, бапа-желдеңдерге сугат суу маселесин чечтирип берет. Ушул эле жылы Кыргыз ССРинин жер-суу иштери боюнча комиссариатынын башчысы болуп дайындалып, кайрадан Пишпекке жөнөтүлөт.

1928-жылдан баштап Нарындагы №53-жылкы заводун, 1930-жылы "Суусамыр" совхозун уюштурууга жиберилип, өзүнө өкмөт менен партия тарабынан тапшырылган ишти майына чыгара аткарып турат. Ден-соолугуна байланыштуу 1932-жылы Орто Азия совхоздор трестине башкы зоотехник болуп которулуп, анда туура бир жыл иштегенден кийин, 1933-жылдан тартып Ташкенттеги жумушчу факультетинин окумуштуу секретары, мугалими болуп дайындалат. Ошол жылдары анын энчисине Ташкенттеги жумушчу факультетиндеги кыргыздын эң мыкты саясий элитасын окутуу туш келет. 1934-жылы СССР совхоздор башкы башкармалыгынын Орто Азия бөлүмү тарабына Кара-Калпак АССРинде эмес, бүтүндөй өзбек, казак, тажик, түркмөн жергелерине чейин барып, ал жактагы ондогон совхоздорду уюштурууга катышат. Мында ал айрыкча каракул койлорун асыроочу совхоздорду түзүүгө басым жасап, өкмөткө ири өлчөмдөгү эт азыктарын берүүгө салым кошот.

Сталиндик репрессия түзөтүү

1937-жылдын башында аялы Бүбүайша катуу оорудан улам Ташкентте кайтыш болуп калат. Улуу кызы Бекзия Ташкенттин өзүндөгү мектептердин биринде окуп, уулу Төлөн беш жашка чыккан кезинде, же 1937 жылдын октябрь айында ал жалган жалаа менен түрмөгө каматылат. Кай жерден каза болгону жана сөөгү кайсы жерге коюлгандыгы тууралуу маалымат жок.

Урпактары түзөтүү

Эшмамбеттин артында кызы Бекзия жана уулу Төлөн калышты. Бекзия эже узак жылдар бою агартуу тармагында үзүрлүү иштеп жүрүп көзү өттү. Уулу Төлөн болсо жогорку билимдүү ветеринар эле. Ал көп жылдар бою ветеринадык кызматты аркалап, мал ыландарына айрыкча малдын менингит оорусуна каршы операцияларды ийгиликтүү жасагандыктарын улуу муундагы ата-апалар көп эле айтып жүрүшөт. Төлөн болсо акыл көрөнгөсү байып, чыгармачылык изденип иштөөсү артып турган 54 жаш курагында катуу оорудан улам каза болуп калды. Төлөндүн артында Талантбек, Эркин, Автандил, Руслан, Адис деген беш уулу жана жалгыз кызы Бегай калды.

Инсандын ысымы түзөтүү

  • Барскоон жалпы орто билим берүүчү мектеби Эшмамбет Кендирбаевдин атын алып жүрөт.
  • Ушул эле айылда көчөлөрдүн биринин аты коюлган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

"Көл бугусу" (санжыра-санат) Мамбетов Кубан.Тарыхый-даректуу басылма -Каракол: 2014-ж.,632 бет

“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы

Шилтемелер түзөтүү