Акназарова Роза Корчубековна

Акназарова, Роза Корчубековна - (06.12. 1955-ж. туулган, Жалал-Абад облусу, Чаткал району, Жаңы базар айылы) - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 5-чакырылышынын депутаты. 2001-2005-жылдары Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык коргоо министрлигин жетектеген. Экономика илимдеринин доктору. Профессор. Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген экономист.

Акназарова Роза Корчубековна
Сүрөт
Туулган күнү

6 декабря 1955(1955-12-06) (68 жыл)

Жарандыгы

Кыргыз ССР, Кыргызстан

Ишмердүүлүгү

Саясатчы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиинин 5-чакырылшынын депутаты

Атасы

Акназаров Корчубек Акназарович

Жубайы

Таштанбек Мамырбеков

Балдары

Семетей Таштанбеков

1955-жылы 6-декабрда Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Жаңы-Базар айылында туулган. Атасы – Корчубек Акназаров партиялык кызматкер, Социалисттик Эмгектин Баатыры болгон. 2000-жылы июнь айында Нарын облусунун Кочкор районундагы Чолпон айылындагы орто мектепке анын ысымы ыйгарылган.

Балалыгы түзөтүү

Акназарова Роза сегиз балалуу партиялык кызматкердин үй бүлөсүндө туулган. Атасы Акназаров Корчубектин жетекчилик жумушуна байланыштуу Ак-Таала районунда биринчи класска барып, Жумгалда окуп, орто мектепти Кочкор районунан бүтүргөн. Бала кезинде спорт менен машыгып, музыкага кызыгуусу артып, фортепиано классына катышып жургөн. Бийлегенге кызыгып, Ленинграддан келген адистердин кароосунан өтүп, балерина окуусуна тандалып алынган. Бирок, апасы ага макул болбой койгон.

Билими түзөтүү

Роза Акназарова 1978-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика факультетин “экономист” адистиги боюнча аяктаган. Ал жакта Карл Маркс атындагы стипендия менен окуган.1981-1985-жылдары Москвадагы бүткүл союздук айыл чарба экономикасы илим-изилдөө институтунун аспирантура бөлүмүндө (Москва шаары) окуган.

Эл аралык алакада билимин өркүндөтүп келген өлкөлөр

1992-ж. – Макроэкономика боюнча тажрыйба алмашуу. Вена ш., Австрия.

1993-ж. – Макроэкономика жана финансы саясаты боюнча курс. Вена ш., Австрия.

1994-ж. – Япониянын банкынан тажрыйба алмашуу. Токио ш.

- Бухгалтердин эсептин жаны планын киргизуу боюнча курс. Вена ш. Австрия.

- Бухгалтердин эсеп боюнча семинар. Алма-Ата ш., Казакстан.

1995-ж – Банктарды кайра түзүү боюнча курс. Париж ш., Франция.

1997-ж. –Банк иштери боюнча форум. Лондон ш. Англия.

1999-ж. – Эл аралык конференция, АОБ – «Пенсиялык фонддорду өнуктуруунун тажрыйбасы». Манила ш. Филиппин.

- Эл аралык конференция, МАСО, Люксембург.

- Эл аралык конференция ПРООН тендердик тенчилик боюнча, Бангкок ш., Таиланд.

Эмгек жолу түзөтүү

Эмгек жолун 1978-жылы Фрунзе политехникалык институтунун саясий экономика кафедрасында ассистент болуп иштөөдөн баштаган. Андан соң Кыргыз айыл чарба экономикасы жана уюштуруу илим-изилдөө институтунда улук илимий кызматкер, андан соң сектор башчысы болгон. 1992-1996-жылдары Улуттук банктын чарбалык иштерди талдоо жана уюштуруу бөлүмүн жетектеген. 1996-жылы Улуттук банкка караштуу Банктарды кайра уюштуруу жана карызды реструктуризациялоо боюнча агенттиктин (ДЕБРА) директору болгон. 1999-жылдан 2000-жылга чейин КР Социалдык фондунун төрайымы болгон.

2000-жылы Роза Акназарова Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып, Мыйзам чыгаруу жыйынынын комитетинин төрайымы болгон. 2001-2005-жылдары Роза Акназарова КР Эмгек жана социалдык коргоо министрлигин жетектеген. Ал ошондой эле Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, Биринчи май районунун аймактык депутаттык тобунун төрайымы да болгон. «Эл ынтымагы» социал-демократиялык партиянын төрайымы. 2010-жылы "Республика" саясий партиясынын курамына кирген.

2010-2015-жылдары Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаты болуп шайланган, Илим жана билим берүү комитетинин төрагасынын орун басары болгон. Ошондой эле ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынын Экономикалык комитетинин төрайымы жана Бюро мүчөсү болгон. 2015-жылы Акназарова “Пекин+20 контекстинде гендердик теңчиликке жетишүүдө парламенттин ролу” темасынын алдында өткөн конференциянын демилгечиси жана координатору болгон. 2015-2018-жылдары Акназарова “Финанскредитбанк” коммерциялык банкынын директорлор кеңешинин мүчөсү болгон. 2019-жылы Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо агенттигинин директорлор кеңешинин төрайымы жана Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын кеңешинин мүчөсү болгон.

Роза Акназарова КР Жогорку аттестациялык комиссиясынын эксперттик кеңешинин мүчөсү. Ошондой эле Бизнес жана социалдык өнүгүү академиясынын профессору.

7 монографиянын, 5 окуу китебинин, 60тан ашык илимий басылмалардын автору. 5 илимдин кандидатын даярдаган. Анын илимий иштери агрардык-экономикалык илимдин теориялык жана методологиялык көйгөйлөрүн иштеп чыгуу, атап айтканда, каржылоонун макро жана микроэкономикалык өңүттөрү, агрардык секторду, эмгек мамилелерин, социалдык өнөктөштүктү жана социалдык мобилизациялоону, эмгек рыногун, жумушсуздукту, дыйкан чарбаларынын кооперациясын реформалоо менен байланышкан. Кыргыз Республикасынын 2-рангдагы Мамлекеттик кеңешчиси.

2021 жылдык Жогорку Кенешке шайлоодо «Азаттык» саясий партиясынын катарында депутаттыка талапкерлигин койгон.

Кыргыз, орус, англис тилдеринде эркин сүйлөйт.

Жеке жашоосу түзөтүү

Үй-бүлөсү

Үй-бүлөлүү, эки баласы бар. Жолдошу - Таштанбек Мамырбеков, экономист. Уулу - Семетей Таштанбеков.

Атасы – Акназаров Корчубек Акназарович. Социалисттик Эмгектин Баатыры. Эжеси - Акназарова Калима Корчубековна, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымынын экс-орун басары. Эжеси - Акназарова Айнаш Корчубековна. Сиңдиси - Акназарова Жылдыз Корчубековна. Сиңдиси - Акназарова Кундуз Корчубековна. Агасы - Акназаров Алмаз Корчубекович.

Хоббилери

Роза Акназарова бош убактысында тил үйрөнүп, теннис ойноп, спорттун ай-кидо түрү менен машыгып, сууда сүзүп, велосипед тээп, эртең менен чуркайт.

Эмгектери түзөтүү

  • Рынок жана экономикалык саясат. Б., 1998;
  • Социально-экономические проблемы аграрной реформы. Б., 1999;
  • Формирование и эффективное развитие финансовой системы аграрного сектора Кыргызстана. Б., 2002;
  • Экономическая эффективность аграрного сектора в условиях формирования рыночной финансовой системы. Б., 2004.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
  • Эмгеги өрнөк Роза / Түз.: Ш. Калыков. - Б.: Турар, 2015. - 167 б. : ил.; 21 см. - ISBN 978-9967-15-493-3: Б.ж.
  • Такалуу аттын изи бар, Таластан келген киши бар... Арноо ырлары, автор тарткан бейне сүрөттөрү менен/ Түз.: К. Абдышев - Бишкек.: “ШАМ”, 2000. - 51 бет. - ISBN 9967-20-151-7
  • Максүтов Бактыбек. Бабалардын баяны. Эл Баатырлары. Жетекчилерге 21 суроо. Б.: “Бийиктик”, 2005. - 155 бет. ISBN 9964-13-122-5

Шилтемелер түзөтүү