Акындар чыгармачылыгынын тарыхынын очерктери

Акындар чыгармачылыгыны тарыхынын очерктери 1988-ж. “Илим” басмасынан жарык көргөн. “Очерк” КРУИАсынын ил. кызматкерлери тарабынан жазылган.

Авторлору филология илимдеринин кандидаттары Ж. Таштемиров, С. Байхожоев, С. Мусаев, Ш. Үмөталиев, С. Закиров, Б. Кебекова, К. Кырбашев, илимий кызматкерлер Р. Сарыпбеков жана С. Алиев. “Очерктин” ички структурасы “Легендардык акындар”, “Төкмө акындар”, “Жазгыч акындар”, “Куудулдар”, “Манасчылар” деген түрлөргө бөлүнүп, ар бир бөлүмгө өзүнчө кириш сөз жазылган. Эмгекке эл арасына кеңири белгилүү болгон акындардын портреттери берилген. Мында ар бир автордун өмүр баянына, чыгармачылык жолуна кеңири токтолуп, негизги деп эсептелген чыгармалары илимий талдоого алынган. Жайсаң, Кет Бука, Токтогул ырчы, Асан Кайгы, Балык, Жеңижок, Эшмамбет, Коргол, Калык, Барпы, А.Тыныбек, Т. Боогочиев, О. Бөлөбалаев, А.Үсөнбаев, Т. Шабданбаев, С. Чойбеков , Ы. Борончиев, А. Бердибаев, Т.Тыныбеков, Э. Турсуналиев,Тоголок Молдо , Т. Талканбаев, Ы. Шайбеков, Ш. Токтобаев, А. Жутакеев, Ж. Борсол уулу, Көкөтөй Тото уулу, Карачунак Шылдыр уулу, Куйручук (Кудайберген Өмүрзак уулу), Арзымат уулу, Шаршен Термечиков, Тыныбек Жапай уулу, Шапак Рысмендеев, Сагымбай Орозбаков, Жаңыбай Кожеков, Багыш Сазанов, Жакшылык Сарыков, Молдобасан Мусулманкулов, Дүңкана Кочукеев, Ыбырайым Абдырахманов, Акмат Рысмендеев, Саякбай Каралаев, Мамбет Чокмор уулу сыяктуу акындардын чыгармачылыгы боюнча биринчи ирет жазылган көлөмдүү, мазмундуу фундаменталдуу эмгек адабият таануу илиминде теориялык жана практикалык мааниси зор китеп катары бүгүнкү күнгө чейин кызмат кылып келе жатат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү