Тагай конфедерациясы

түндүк кыргыз конфедерациясы.

Тагай конфедерациясы — XVIII кылымдын орто чени - XIX кылымдын биринчи чейрегине чейинки мезгилде жашаган, Кыргызстандын түндүк-чыгыш аймактарын жердеген кыргыз урууларынын бирикмеси. Убагында кытайлар тарабынан Чыгыш буруттары деп аталган, Кокон хандыгына киргенге чейин дээрлик 70-90 жылча, Батыш-кыргыздары менен удаа эле көзкарандысыз бирикмени түзүп турушкан.

Тагай конфедерациясы
Арка-Кыргыз конфедерациясы
Чыгыш-Кыргыз конфедерациясы

Конфедерация
1684 — 1832


Атаке бийдин мөөрү
Борбор калаа Коңур-Өгүз (1720-1758)

Барскон (1758-1774) Садыр-Коргон(1774-1780)

Тил Кыргыз тили
Дин Ислам
Калк Кыргыздар
Башкаруу формасы Конфедерация, Унитардык
Чоң бий:
 - 1684-1758 Мааматкул бий
 - 1760-1774 Жайыл хан
 - 1774-1780 Хан Садыр
 - 1780-1787 Атаке бий
 - 1787-1810 Эсенгул бий

Тарыхы түзөтүү

 
1829-жылдагы Тагай конфедерациясынын картасы

Ата журтту кайтарып алуу түзөтүү

1680-жылдын аягы – 1690-жылдын башталышында калмак баскынчылыгына туруштук бере албаган, калмактарга жакын жайгашкан айрым кыргыз уруулары түштүк-батыш тарапка көчүүгө мажбур болушкан. Бул уруулардын көбүнчөсү тагай тектүү уруулар менен айрым сол уруулар болгон жана Фергана өрөөнүнөн Гиссар, Кулябга чейинки жерлерге киришкен. Ушундан тарта, алар мусулман журттарынын калмактарга каршы күрөшүнүн активдүү катышуучары катары тааныла баштаган. Бул күрөштүн көрүнүктүү жетекчилеринин бири болгон Мааматкул бий 1732-жылдар чамасында Кетментөбө өрөөнүнө кыргыздарды топтоп, калмактарга каршы күрөштү уланткан.

Ушул мезгилде Кетмен-Төбөдө Мааматкул бий башында турган түндүк кыргыз урууларынын өз алдынча чакан конфедерациясы – мамлекет түзүлүшү калыптанган. Мааматкул бийдин байтактысы ошол өрөөндүн Коңурөгүз деген жеринде жайгашып, солто уруусунун башчысы Кошой бий анын жардамчысы болгон. Өрөөн табигый чепке окшош болгондуктан калмактарга каршы аскердик иш-чараларды жүзөгө ашырууга жана уруулардын саясий биригишине ыңгайлуу мүмкүнчүлүк түзүлгөн. 1740-жылдын 2-жарымында Мааматкул бийдин жана Кошойдун жетекчилиги менен калмактардын күчтөрү топтолгон Таластын оозу Капкага, Чүйдүн Каракыштагына, Сокулукка жана Акбешимге кыргыз кошуундары чабуул коюп, Алатоону баскынчылардан бошотуу процесси башталган. Жуңгар хандыгынын Цин империясы тарабынан жок кылынышына чейин кыргыздар Талас, Жумгал, Атбашы жерлерин ээлеп калууга жетишип калышкан эле.

Цин империясын таануу түзөтүү

50-жылдардын ортолорунда Цин империясынын калмактарга келтирген чоң кыргыны жана артынан Чыгыш Түркстанды каратып алуусу коңшулаш мусулман журттарына чоң коркунуч алып келген эле. Ушул окуялардан кийин Казак хандыгы, Кокон хандыгы сыяктуу эле Батыш кыргыздары (1759) менен Арка кыргыздары (1758) да Цин империясынын үстөмдүгүн убактылуу таанууга аргасыз болушкан. Бул мезгилдерде теңиртоолук кыргыздар географиялык шарттан улам 4 бирикмеге бөлүнүп тураары; Чыгыш (арка) кыргыздары, Батыш кыргыздары, Каратегин кыргыздары (башчысы Кожомжар бий) жана Кашкар атрабындагы кыргыздар (Ациму? бек ж. б.) болгондугу кытай булактарында катталып калган.

1758-жылы цин генералы Чжао Хуей Санташ аркылуу Аркалык кыргыздардын жергесине кирип келип, эң алгач Түлкү баатыр менен Үкүгө жолугуп, анан башка бардык улук бийлерди Цинге баш ийүүгө чакыргын. Кыргыздардын Цин бийлигин таануусу автономдук түрдө болгон, бирок, бул деле беш жылдан ашпаган убакытка чейин созулган. Ошол мезгилдердеги кыргыздар жана алардын жерлери тууралуу кытайлар тарабынан бир топ маалыматтар чогултулган.

Бул мезгилде кыргыздардын Цин империясына болгон алгачкы элчилигинде Черикчи бий, Түлкү бий жана Нышаа баатырлар болгон. Ысыккөлдүн Цин империясынын карамагынан кыргыздардын карамагына өтүшүнө Черикчи бийдин салымы чоң болгон.

Келишпестик жылдары түзөтүү

Кыргыз-казак жерлеринде кытай бийлигинин таасири анча болбогондуктан, кыргыздар менен казактар өзалдынча жер ээлөөнү уланта беришкен эле. Мисалы, 60-жылдардан баштап Атаке баатыр, Бердике ж. б. баатырлардын башчылыгындагы кыргыздар Чүй, Кемин, Ысыккөл аймактарын ээлеп, кыргыздар көчүп келе башташкан. Бул аракеттердин аягы кыргыз-казак чегара маселесине барып такалган. 1765-80-жылдар бою кыргыз-казак ортосунда бир канча чабыштар жүргөн.

1774-75-жж. Казак хандыгынын ханы Абылай хан аркалыктардын чоң бийи Жайыл хандын өлүмүнө себеп болгон "Жайылдын кыргыны" салгылашын ишке ашырат.

Кыргыздардын кийинки чоңу Хан Садыр Абылайга карата катуу каршылык көрсөткөн саясатты жүргүзгөн. Акыры 1759-жылы Абылай хан аны да туткундап өлтүрүүгө жетишкен соң, аркалык кыргыздар анын бийлигин таанууга аргасыз болушкан. Көп өтпөй, 1781-жылы Абылай хан каза табып, кыргыз-казак ортосундагы кагылыштар кайрадан жанданган.

Бейпил жылдар түзөтүү

 
Атаке бийдин Орусия ханышасы Екатарина 2ге жазган каты

80-жылдардан баштап аркалык кыргыздарда ички жана тышкы чыр чатактардын токтогондугу байкалат. Бул убактарда бирикмедеги уруу башчылардын чоң бийи катары Атаке баатыр таанылган. Анын убагында 1785-88-жылдары Орус империясына болгон алгачкы элчилик ишке ашырылган.

90-жылдардан - кийинки кылымдын алгачкы жылдарына чейин бул бирикменин чоң бийлик орду Мааматкул бийдин небереси Эсенгул бийде болгон. Анын 1891-жылы Кокон ханы Нарбото бийге элчи жөнөткөндүгү маалым.

Соңку убактарда бул аймакта Тайлак баатырдын ишмердүүлүгүнү кеңири тааныла баштаган.

1831-жылы кыргыздар Кокон хандыгынын курамына кирген. Мындан тарта, экиге ажыраган кыргыздар бир мамлекеттин курамында жакындашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон.

Административдик түзүлүш түзөтүү

XVIII кылымдын 50-жж. Арка (чыгыш) кыргыздары оң (тагай уулдары) жана сол болуп экиге бөлүнгөн жана жалпысынан 15 уруудан (бешөө сол, оноо оң) турган. Алардын чоң бийи бир эле учурда оң бөлүктүн жана өзүнүн уруусунун улук бийи болгон Мааматкул бий болгон. Ага сол бөлүктүн чоң бийи Каработо бий да баш ийген. Каработо бийге баш ийген сол бөлүк негизинен Таласта орун алып, төрт уруудан; саруу (Акбай), кытай (Каработо бий), кушчу (Майтак), кытай-кушчулардан (Эшбото) турган. Оң бөлүккө болсо саяк (Арзымат бий), чекир саяк (Түлкү бий), сарыбагыш-бугу (Черикчи бий) ж. б. кирген.

Капитан Андреевдин 1885-жылга таандык маалыматтарына караганда, бул учурда Атаке бийге (князь Атекай) баш ийген 10 уруулук бирикменин (волость) болгондугу маалым;

  1. Сарыбагыш уруу бирикмеси, улук бийи Атаке бий;
  2. Чекирсаяк уруу бирикмеси, улук бийи Кедей бий;
  3. Кушчу уруусу, улук бийи Итим бий;
  4. Чоро уруусу, улук бийи Ташибек бий;
  5. Моңолдор уруусу, улук бийи Бирназар бий;
  6. Желдең-кесек ,улук бийи Шапак бий;
  7. Солто уруу бирикмеси, улук бийи Гашибек бий;
  8. Бугу уруу бирикмеси, улук бийи Бирназар бий;
  9. Кытай уруусу, улук бийи Муса бий;
  10. Кабасаяк уруусу, улук бийи Сейит баатыр.


Эскертүүлөр түзөтүү

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү

http://www.history.krsu.edu.kg/index.php?option=com_content&view=article&id=382%3A----------xviii-&catid=24&Itemid=56&limitstart=2(жеткиликсиз шилтеме)

Колдонулган адабияттар түзөтүү