Гүлистан
Гүлистан (өзб. Guliston / Гулистон) — Сыр-Дарыя облусунун борбору. Гүлистан шаары 1961-жылы 5-августта негизделген. Аянты 36,2 чарчы км. Бул аймакта 24 коомдук бирикме бар. Калкы 99 300 киши (2023). Улуттук курамын негизинен өзбектер (77,5%), ошондой эле казак, татар, орус, корей, тажик, азербайжан жана башка улуттардын өкүлдөрү түзөт.
Шаар
Гүлистан
|
Тарыхы
түзөтүүАлгачкы үйлөр Самарканд-Ташкент темир жолунун капталында курулуп, анын курулушу 1895-жылы башталган (азыркы Гүлистан шаарынын ордуна). Кийинчерээк бул жерде 2 чеп – Духовский (1895) жана Кривошеино (1897) курулган. Бул чептердин өзөгүндө «Голодная Степь» конушу түзүлүп, 1922-жылы анын аты «Мырзачөл» болуп өзгөргөн. 1952-жылы чеп шаар статусун алып, 1961-жылдын 5-августунда Гүлистан шаары деп аталган.
"Гүлистан" термини перс тилинен которгондо "Гүл мейкиндиги", "гүлдөгөн өлкө" дегенди билдирет.
Шаардын байыркы тарыхы биздин замандын 7-кылымынан башталат. Бул мезгилден баштап аймак "Улуу сай" жана 16 - кылымдан баштап "Ачуукөл"деп аталган.
"Улуу сай" – Сырдарыянын байыркы жерине мүрзө тургузган жана Мирзо Улугбек аттуу азыркы Гулистандын аймагында жайгашкан түрк огуз уруусунун башчысынын сөөгү коюлган жер. "Ачуукөл" - дарыясы болсо өз нугун өзгөрткөндө пайда болгон көлдөрдүн бири.
Археологдор «Улуу сай» дөңсөөсүндө изилдөө иштерин жүргүзүп, ал жерден көмүлгөн (10-12-кылымдарга таандык) түрк огуз башчыларынын туулгасын, ээр-жабдыктарын, кылычын жана жаа жебелерин табышкан. Эстеликтин диаметри 90 метр, бийиктиги 12 метр.
Климаты
түзөтүүЖылдык жаан-чачындын орточо өлчөмү 295-300 мм, январдын орточо температурасы — 2,5°, эң төмөнкү температурасы — 35°, июлдуку — 28°, эң жогорку температурасы — 45°.
Социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү
түзөтүүШаардын экономикасы өндүрүш, соода жана кызмат көрсөтүү тармактарына адистешкен. 26 мектеп, 96 мектепке чейинки билим берүү мекемеси, 2 жогорку окуу жайы, 5 китепкана, 89 саламаттыкты сактоо мекемеси, 4 мечит, 3 чиркөө, музыкалык драма театры, музей бар. 9 ири өнөр жай ишканасы, 58 биргелешкен ишкана, 600 чакан өнөр жай ишканалары бар.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү«Сырдарыя кечээ жана бугун» китепчеси. Пиримкул Дос Мухаммад