Жерге-Тал (Ак-Талаа району)
Жерге-Тал — Кыргызстандын Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы айыл. Ала-Буга айыл аймагынын курамына кирет.
Айыл
Жерге-Тал Т.Мусаев көчөсү
|
ААББТ коду — 41704 210 819 02 0[2].
Тарых
түзөтүүАйыл 1910-жылы түптөлгөн. Айылга калк 1985-жылдан тартып жигердүү отурукташа башташкан. Калктын көпчүлүк бөлүгү Чолок-Кайың айылынан, азыраак бөлүгү Кош-Дөбө айылынын келип отурукташкан[булак?].
География
түзөтүүАйыл райондун түштүк-батышында, Алабуга дарыясынын оң жээгинде, райондун административдик борбору — Баетов айылынан 67 чакырым алыстыкта жайгашкан. Деңиз деңгээлинен абсолюттук бийиктиги — 2200 м[3].
Климат
түзөтүүКлиматы кескин континентталдык, кышы суук, карлуу жана жайы салкын. Июль айынын орточо температурасы +22 градус, январь -11. Жаан-чачын орточо 310 мм жаайт[булак?].
Инфратүзүм
түзөтүүАРИСтин «Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоору» аркылуу, 2021-жылы 50 орундуу «Аруу-Нур» бала бакчасы курулган. Анын курулушуна 17 399 330 сом каржыланган, бул каражаттын ичинен 16 млн 703 миң сом долбоор тарабынан каржыланса, 696 миң сом өздүк салым катары жергиликтүү бюджеттен жана айылдын жашоочулары тарабынан берилген[4].
Калк
түзөтүүжыл | 2009[5] | 2014[6] | 2015 | 2020 | 2021[1] |
---|---|---|---|---|---|
адам | ↗ 400 | ↗ 498 | ↗ 538 | ↗ 582 | ↗ 585 |
Галерея
түзөтүү-
М-074 жолунун бир бөлүгүнүн жана Келте-Чаптын көрүнүшү
Булактар
түзөтүү- ↑ 1.0 1.1 Кыргыз Республикасынын облустарынын, райондорунун, шаарларынын, шаарчаларынын, айылдык аймактардын жана айылдардын калкынын саны (орусча) (XLS). Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети (2021).
- ↑ Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык жана аймактык бирдиктердин объектилерин белгилөө тутумунун мамлекеттик классификатору
- ↑ ПЛАН УПРАВЛЕНИЯ ОКРУЖАЮЩЕЙ И СОЦИАЛЬНОЙ СРЕДОЙ (орусча) (2022). Текшерилген күнү 1 -июнь (кулжа) 2022. [{{{archiveurl}}} Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011].
- ↑ Ак-Талаанын Жерге-Тал айылында бала бакча көйгөйү чечилди (кырг.). Kyrgyzmedia (19 -декабрь (бештин айы) 2021). Текшерилген күнү 4 -июнь (кулжа) 2023.
- ↑ 2009 Population and Housing Census (орусча). The National Statistical Committee of the Kyrgyz Republic (2010). Текшерилген күнү 12 -ноябрь (жетинин айы) 2013. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.
- ↑ Кыргыз Республикасынын облустарынын, райондорунун, шаарларынын, шаарчаларынын, айылдык аймактардын жана айылдардын калкынын саны (орусча) (XLS). Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети (2014). Түп булактан архивделген күнү 5 -ноябрь (жетинин айы) 2016.