Исламий агрардык төңкөрүш

Исламий агрардык төңкөрүш (же Орто кылымдагы жашыл төңкөрүш) — VI кылымдан XIII кылымга чейинки Исламдын алтын доорундагы илим жана экономика жаатындагы прогресс жана Араб халифалыгынын айыл чарбасындагы чоң өзгөрүүлөр.

География түзөтүү

Арабдар исламга чейин эле соодагер болушкан, айрыкча Мекке аркылуу өткөн Жыпар жыт жолунда ладан, тагыраагы тропиктик жыгачтардан алынуучу чыйыр сымал жыпар жыттуу заттарды жыйнашкан жана сатып турушкан. Исламдын пайда болушу жана Курандын тыюу салуусу менен Жыпар жыт жолу коргоого алынып, ал Ажылык жолу деп тааныла баштайт. Ошондон кийин, Меккеге болгон ажылык сапар убагында да буюмдар алынып-сатылып, соода уланып, Мекке шаары диний жана эл аралык соода борбору болуп калды. Бара-бара мусулмандар ак жолтой сатуучулардан жана сатып алуучулардан болуп чыга келишип, дүйнөнүн кеңири аймагында соода-сатыкты жакшыртышып, бейкутчулукту көбөйтө башташкан.

Борбордук Азиядан Европага чейинки кеңири аймакка 7-кылымда Араб халифалыгынын бийлиги орногондон кийин жаңы глобалдык экономика, жаңы дүйнөлүк чарба уюшулду. Анткени, мурда бири-биринен обочолонуп турган аймактар эми бир мамлекетке бириктирилгенден кийин, илим-билим, соода-сатык жана айыл чарба жагынан интенсивдүү өз ара алмашуулар башталган. Мусулман деңизчилери менен соодагерлери Европа, Кытай, Индия баш болгон коңшу аймактарды жигердүү өздөштүрө башташкан эле. Глобалдашуунун эффекти акырындап өсүп олтуруп, туу чокусуна жеткен чеги 8-кылымдан 13-кылымга чейинки мезгилге туш келген жана бул кылымдар тарыхнаамада «Исламдын алтын доору», «Исламий ренессанс», «Мусулмандык тирилиш же кайра жаралуу» деп айтылат.

Мамлекеттик колдоо түзөтүү

Дүйнөнүн ар бурчуна жайланышкан мусулмандар ошол жерлерге акча кирешелерин алып келишкен жана керектөөчүлүктү да өнүктүрүшкөн. Демек, мусулмандардын мыкты ишкердигинин натыйжасында мусулман эмес айылдарда да киреше таап турууга шарттар түзүлгөн. Мурдагы византиялыктар менен персиялыктардын тушундагы мезгилге салыштырмалуу орто кылымдардагы мусулмандардын доорунда адамдар жашоонун жогорку деңгээлинде болушкан. Мындай өнүгүүнүн, мындай жетишкендиктин башкы себептеринин бири катары мамлекеттин ишкерлерге болгон колдоосун айтууга болот. Мусулман өлкөсүндө сооданы көтөрүү үчүн соодагерлердин социалдык макамын көтөрүшкөн. Ошондой эле кол өнөрчүлөр да чоң сый-урматка ээ болушкан. Соодагерлер коомдун интеллектуалдык деңгээлине таандык болуп, алар балдарын чоң окуу жай деңгээлиндеги медреселерге берип турушкан. Араб халифалыгы өз мыйзамдары, бирдиктүү валютасы, салмак жана өлчөм бирдиктери менен, ошондой эле кербен жолдору аркылуу адамдар менен товарлардын кыймылын жеңилдетип турган.

Сугат системасы (ирригация) түзөтүү

Ошентип, жаңы өсүмдүктөрдүн пайда болушу, айыл чарбаны механизациялаштыруунун өнүп-өсүүсү бара-бара экономикадагы чоң жылыштарга алып келген. Калкты бөлүштүрүүдө, эгиндин түрлөрүндө, айыл чарба өндүрүшүндө, калктын кирешесинде, урбанизацияда, жумушчу күчтү бөлүштүрүүдө, инфраструктурада, дүйнө элдеринин ашканасында жана кийимдеринде чоң-чоң өзгөрүүлөр ишке ашкан. Мусулман инженерлери ирригациялык системаларды иштеп чыгууда, саатты, шамал тегирменин ойлоп табууда жана да дистилляция, айнек, парфюмерия, килем жана башка көптөгөн нерселерди жасоодо алдыга кетишкен.

Айыл чарбасы мусулман соодасынын борбордук элементи гана болбостон, ал ислам дүйнөсүнүн экономикалык жана маданий экспансиясынын аныктоочу фактору да болгон. Мусулмандар жеткиликтүү айыл чарба продукциясын кеңейтүүгө, ошондой эле беде сыяктуу жаңылыктарды киргизүүгө салым кошушкан. Алар өндүрүштүн көлөмүн чоңойткон жана экономиканы бекемдеген бир катар мактоого аларлык өзгөртүүлөрдү ишке ашырышкан. Бул жаңычылдыктар эң эле жемиштүү маданияттарды, дагы да адистештирилген жер иштетүүнү жана ирригациялык системаларды жаңылоону ичине камтыйт. Исламдын алтын доорунда мусулмандар өнүккөн сугат системасын ойлоп табышкандыгы маалым. Дал ошол доордо бир эле жерден жылына эки жолу түшүм алууга мүмкүндүк бергидей дыкат ойлонулган система, тагыраак айтканда, которуштуруп айдоо системасы иштелип чыккан.

Жаңы өсүмдүктөрдүн дүйнөгө таралышы түзөтүү

Бул доорго илимпоздор «айыл чарба өсүмдүктөрүнүн глобалдашуусу» же «исламий агрардык төңкөрүш» деген баа беришет. Себеп дегенде, ошондо мусулман соодагерлери халифалыктын аймагында жана андан тышкаркы жактарга да көптөгөн айыл чарбалык маданий өсүмдүктөрдү жана айыл чарбасын иштетүү технологияларын жайылтышкан. Мисалы, Африкадан чыккан жүгөрү, Кытайдан чыккан цитрус мөмөлөрү, Индияда өскөн манго, күрүч, пахта, кант камыш ж.б. ушул сыяктуулар мусулман соодагерлери аркылуу дүйнө жүзүнө тараган.

Мусулмандардын империясы европалыктардын, африкалыктардын, арабдардын жана азиялыктардын коммерциялык турмушуна кылымдар бою зор таасирин тийгизип келген. Алардын динди жана маданиятты жайылтуудагы ийгилиги экономикалык өнүгүүгө да негиз салды. Орто кылымдардагы мусулмандар биринчилерден болуп камыш кантты өндүрүшүп, көп сандаган бакча, айыл чарба өсүмдүктөрүн климатташтыра башташкандыгы маалым. Алар дарбызды өстүрүп, жайылтышкан жана үч жашылчаны: шпинат, баклажан жана артишокту өскөн жерлеринен башка жактарга да тааныштырышкан. Андан тышкары, буудай, жүгөрү жана күрүч сыяктуу азык-түлүктөрдүн жайылуусуна, көп учурда жаңы сорттордун пайда болушуна жана аларды эгип-өстүрүүнү жакшыртууга шарт түзүшкөн.

Азиядан чыккан цитрус, банан жана манго сыяктуу мөмөлөрдү башка өлкөлөргө жана андан ары Испанияга чейин мусулман соодагерлери жеткиришкен. Мусулмандар күрүчтүн негизги азык болушуна жардам берип, анын керектелүүсүн көбөйтүүгө жооптуу болушкан жана Батышка кокос жаңгагы менен курманы алып барышкан.

Мусулмандардын усулдарынын, азык-түлүгүнүн жана тилинин дүйнөнүн ар кайсы жерлерине сиңип кетүүсүнө соода-сатыктагы достук мамилелери шарт түздү. Азыркы «адмирал» деген сөз арабчадагы «амир аль-бахр» деген сөздөн келип чыккандыгы маалым. Лингвистика көрсөткөндөй, Италияга түтүк кесмени, мындайча айтканда, макаронду мусулмандар алып барган. Батышка айыл чарба азыктарын мусулмандар ташышкандыгына карата эң эле күчтүү лингвистикалык далил катары «шекер», «сахар» сөзүнүн арабчадагы «суккар» сөзүнөн келип чыгышын айтсак болот. Пахта өнөр жайы орто кылымдардагы ислам дүйнөсүндө өнүккөндүктөн, пахтанын англисчедеги которулушунун да арабчадан келип чыккандыгы таң калычтуу эмес.

Улуу Жибек жолундагы кирешелер түзөтүү

Эзелтеден бери Кытайдан жибек ташуу үчүн колдонулган Улуу Жибек жолун орто кылымдардагы мусулмандар да пайдалана алышкан. Араб халифалыгы маршрутту жакшыртып, анын коопсуздугуна кам көргөн жана ошол эле убакта Персия менен Кытайдын ортосундагы исламга чейинки мезгилден бери келе жаткан деңиз соодасын да колдоно билген. Кытайлыктар менен мусулмандардын ортосунда соода өнүгүп, Кытай деңиз соодасы жана кеме жүргүзүү жагынан мусулмандардын жетишкендиктеринен өзүнө пайда тапкан. Индия менен Кытай аркылуу өтүүчү «муссондук маршрутту» бойлой жүргөндө, соодагерлер менен жергиликтүү жамааттардын ортосундагы достук мамилелер чыңдалган.

Ыраакы Чыгыштын соодагерлери Жер Ортолук деңиз аркылуу мусулмандык Испанияга коопсуз түрдө жана жеңил-желпи саякаттай алуусу үчүн Кытай менен Батыштын ортосунда байланыш түзүлүшүнө да мусулмандар шарт түзүшкөн. Мындай соода биримдиги кылымдар бою, кресттүүлөрдүн жортуулдары сыяктуу согуштардын убагында да сакталып турган. Европа континентинин жакшырып, анын майда феодалдык аймактардын конгломератынан эл аралык сооданын кеңири зонасына айланып калуусуна орто кылымдардагы мусулмандык соода-сатык түрткү берген. Бул жагдай Ислам дүйнөсүнөн алынган илим-билим менен бирге европалык ренессанстын келип чыгышына алып келген.

Кагаз өндүрүшү түзөтүү

751-жылы Кыргызстандын аймагында болгон Талас салгылашында туткунга түшкөн кытайлардан мусулмандар кагаз жасоону үйрөнүшкөн. Ошонун негизинде 794-жылы Багдадда кагаз өндүрүшү боюнча биринчи фабрика курулган. Ал эми 6 жылдан кийин ушундай эле фабрика Египетте курулган. 950-жылы болсо, кагаз өндүрүүчү фабрика Андалусияда, башкача айтканда мусулмандардын Испаниясында курулуп, андан ары Европага жайылган.

Мусулмандар кытайлардан кагазды эле эмес, компасты, порохту жана пахтаны да өздөштүрүшүп, бул нерселердин Батыш Европага дейре жетишине себепчи болушту. Темирден, болоттон, териден, жүндөн жасалган буюмдар менен Батыш Европаны тааныштырып, ошондой эле, аларга кара куурайды, күрүчтү, жибек көпөлөгүн жана индиго түсүн алып барышкан.

Африканын өнүгүшүнө кошулган салым түзөтүү

Мусулмандар Сахара аркылуу Африкага каттап, ал аймакка ислам цивилизациясын алып келүү менен бирге аймактагы соода-сатыкты тарыхый масштабдын чегинен ашыра кеңейтишти. Сахаранын түштүгүндөгү ички райондорду кошпогондо, кеңири маршрут Батыш Сахарадан башталып, Чыгыш Африкага чейин жеткен. Африкада исламдын кабыл алынуусу соода үчүн да маанилүү болуп, африкалыктар бат эле жуурулушуп кеткен жана сооданын активдүү катышуучулары болуп чыгышкан. Жер Ортолук деңиздин порттору Европа менен соода кылуу үчүн курулган жана ар кандай кербен жолдору менен байланыштырылган.

Колдонулган адабият түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү