КоргонКыргызстандын Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы айыл. Авлетим айыл аймагына кирет. Чаткал тоо кыркасынын түштүк-чыгыш этегинде, Авлетим суусунун сол өйүзүндө, деңиз деңгээлинен 1114 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кербен шаарынан 25 км чыгыш тарапта. Шамалды-Сай темир жол бекетинен 90 км. Кыштак 1930-ж. негизделген. Калкы 1730 (2008); негизинен мал жана дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, мончо бар. Темир иштетүүчү устакана, суу жана электр тегирмендер иштейт.

Коргон
Өлкө

Кыргызстан

Облус түрү

облус

Облус

Жалал-Абад облусу

Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү

1930

Бийиктиктиги

1114

Калкы
Калкынын саны

1871[1] (2009)

Жыштыгы

адам/км2

Сандык идентификаторлор
Убакыт аралыгы

+6

Телефон коду

+996

Калкы түзөтүү

Калкы ― 1871 киши (2009-жылы)[1].

Булактарга шилтемелер түзөтүү