Көзкамандардын Манасты кырк чоросу менен уулантканы

Көзкамандардын Манасты кырк чоросу менен уулантканы — «Көзкамандар окуясынын » негизги бөлүмү — күрөштүн курчушунун өсүп жеткен чеги.

Ат-Башыга көчүп барып элдин чети, ээн жерге жайланышкан Көзкамандар Манасты жок кылуу үчүн даярдык көрүп, Кашкардан чачама дары, көбүрмө дары деген ууларды алдырып, бозо салдырып, арак тарттырып коюп камданып эшик-төрүбүздү көрүп, даам татып кеткиле — деп Манасты кырк чоросу менен конокко чакырышат. Ак көңүл, алакөөдөн Манас барбактап, мактаныч кылып, алыстан келген жаңы тууган чакырып келсе барбай койгонубуз болбос — деп жөнөөгө камынат. Бир балакет кылар бекен деп ойлогон Алмамбет барбайлык деп туруп, бирок Манасты тууганынан бузган сыяктанып калбайын, кол сала койбос, кол салган күндө да Көзкамандардын кимге алы жетмек эле деп тим болот. Манас кырк чоросу менен Ат-Башыга барып, Чеч-Дөбөнүн оюндагы Көкчөкөз атайын даярдаткан үйлөргө түшүп, ал күнү жай конок болушту. Эртеси Көкчөкөз келип менин өз үйүмөн даам ооз тийгиле — деп өтүндү. Тоодон бугу көргөн Серек менен Сыргак таң эрте ууга чыгып кетет. Оттогу аттарга бараткан Баймат менен Бозуулга Меңдибай жолугуп, Көкчөкөздүн аш-тамагын татпагыла — деп күбүрөп өтүп кетет. Көкчөкөз өзү баштап баатырды чоролору менен айылына алып барып, даярдаган үйгө түшүрүп, уу кошуп белендеп койгон тамактарды жакшылап сыйламыш болуп аябай бере бергиле деп инилерине тапшырды. Меңдибайдын сөзү эсинде калган Бозуул кымыздан бир аз ичип, аттардын жанына барып, мас болумуш болуп жатып калды. Калгандар Манас баштап бүт ууланышат. Манас бүгүн өлөт деген күбүр-шыбыр сөздөрдү уккан Бозуул үйдү шыкааласа кырк чоро бүт сулк жатат. Көзү тунарган Манас боюн токтото албай, улам бир жагына ооп араң олтурат. Колдорунда кылыч, канжарлары белен Көзкамандар баатырды тегеректеп, ыкыс берип, жалт караса жалтанып артка кетенчиктеп турушат. Туугандарынын жаман оюна көзү жеткен Манас арманын айтып наалыш кылып, Бакайды жоктоп, анан Карабөрк, Акылай, Каныкейди атап, жанымда болсо жардамы тиет эле дегенде угуп турган Бозуул жалаң катындарын эстейт — деп нааразы болду. Алмамбетти баш кылып кырк чоронун ар биринин атын атай баштаганда тыңшап турган Бозуул Мени атаар бекен? Атаса өлбөгөн жерде калып жардам берейин, эскербесе мага да жан керек, өлбөс оокатымды кылайын деп ойлоду. Манас кырк жигитин бүт атап, туяксыз өтүп бара жатканына, жалгыздыгына арман кылып, эч болбосо жанымда күйүшөр жакын тууганым өткүрүм Бозуул турсачы! — дегенде Бозуул Манаска Көзкамандар да тууган, менин да туугандыгым ырас. Ушундай учурда баатырды өлүмгө таштап баса берсем Көзкамандардан айырмам жок болуп калбайбы! — деп кайратына келип, бирок, жалгыз өзү кантип жардам берерин айласын таппай турду. Аңгыча буга капкайдагы сөздөрдү айттырып коюп угуп тура бербей чаппайсыңарбы кылыч менен деп Чагалдай кайраттанды эле, Дөрбөлдөй: Манаста атаңдын куну бар беле? Өлөрүнө көзү жеткенде өкүнүп арманын айтып жатпайбы. Айтканы жалганбы, анын эмнесине теригесиң — дейт. Манаска болушканы жүргөн го, кармагыла Дөрбөлдөйдү деген Көкчөкөздүн буйругу боюнча Дөрбөлдөйгө жабылышты. Токолдой менен Арбалдай Дөрбөлдөйгө болушуп, Көзкамандар эки жаат болуп, жакалашып, бири бирин сүйрөп сыртка чыгып, Манастар олтурган үй бош калды. Шыкаалап турган Бозуул үйгө кирип, Манасты жөлөп сыртка алып чыгып, Аккулага мингизип, качырып жиберди. Манас жөнөй бергенде көрүп калган Көкчөкөз, Аккелтени ала коюп артынан кууп жөнөдү. Кыбыланы көздөй качкан Манас Арпанын талаасын басып өтүп, Сөөктү өрдөп, тар кыя жол менен өйдө чыгып баратканда Көкчөкөз артынан жетип, ойдон туруп Манасты Аккелте менен атты. Манаска ок жаңылып, күүлөнгөн боюнча аты менен бийик зоодон кулап кетти. Көкчөкөз канкорду жайладым деп көңүлү тынып, кайра тартты. Манас качып кеткенден кийин кырк чилтен дуба менен кырк чорону Тогуз-Тородогу Көңдүк тоосунун этегине Дөдөмөлгө учуруп барып таштады. Үйүнө кайткан Көкчөкөз элин дүрбөтүп, Таласка көчүүгө камдана баштады. Эртең менен аң уулап кетишкен Сыргак менен Серек кайра келишип, дүрбөгөн элди көрүп, бир баладан сурап Көзкамандар кырк чорону бүт өлтүрүп, Манасты качырып, Көкчөкөз артынан кууп барыптыр дегенди угушуп, айылга бурулбай шашылыш жүрүп Аккуланын изин кууп келип кулаган жерден Манасты таап, суу жуткуруп, эс алдырышып, жарасын таңып, дары беришет.

Каныкей түш көрсө Манасты кочкор сүзүп, жамбашы кокустап баса албай калат, ага жардам берейин десе алдынан бир адам чыгып азыр барууга болбойт, баатыр менен көрүшөрүңө жети... деп бара жатканда ойгонуп кетет. Бир кырсык болорун сезип, жети күнбү, айбы, жылбы? — деп бушайманда калат да, мурдатан даярдап жүргөн жашырын үңкүрүнө дүнүйөлөрүн катат. Бакайдын ичинде калганын байкабай, үңкүрдүн оозун бекитип салат.

Көкчөкөз Таласка көчүп келип, элди чогултуп, Манас өлдү деп Мазаке дегенине жар чакыртат. Эл ишенбей Мазакени шылдыңдап күлүп, тарап кетишет. Ошондон «Мазаке кылбачы» деген ылакап кеп айтылып калат.

Окуядагы арак ичип уулануу, Манастын качышы, ок тийип, зоодон кулоо Радлов жазып алган вариантта Сагымбай Орозбаковдун вариантына окшош берилген. Саякбай Каралаевдин вариантында Көзкаман, Көкчөкөздүн келатканын угуп Каныкей алар түбү душмандык кылат, жолдон тосуп тындым кылып сал десе Манас ачууланып, аны урушуп коёт. Көзкамандарга арналган тойдо эл тамашага алаксып жаткан тополоңдон пайдаланып Көзкаман Манасты жалгыз чакырып үйүнө алып барып аракка уу кошуп берет. Ууланып шайы кеткен Манасты өлтүрүү үчүн тегеректеп турган Көзкамандар даай албай турганда Манас жакын адамдарын эскерип наалыш кылат. Сырттан тыңшап турган Акаяр атын атаганын угуп, үйгө кирип, калмактарды сүрүп, Манасты көтөрүп сыртка чыкканда Манастан чочулаган Каныкей Аккуланы минип Көзкамандардыкына келе жаткан болот. Алып кач деп Акаяр Манасты Каныкейге өңөртүп, өзү Көзкамандардын жолун тосуп урушат. Көзкамандар аткан ок Каныкейдин эмчегин жарып кетет. Каныкей Манасты Бек-Жайлоодогу үңкүргө жеткирип, дарылоого кирет.

Саякбай Каралаевдин  вариантындагы окуянын курулушу «Мажму аттаварихтеги » Манастын ууланышына жакын Шапак Рысмендеевдин вариантында, Молдобасан Мусулманкуловдун вариантында жана башка манасчыларда негизинен Сагымбай Орозбаковдун вариантына жакын айтылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4