Ленинакан
Ленинакан (1924-жылга чейин Александрополь) — Армениядагы шаар.
Отурукташкан жай
Гюмри
|
Ленинакан платосунда жайгашкан. Калкы 121 976 миң (2011). Автомобиль ж-a т. ж. тоому. Республикада трикотаж токуунун негизги борбору. Машина куруу (электр-тех. о. ж., станок ж-a прибор куруу), микроэлектр кыймылдаткыч, жылмалоочу станок, устачылык пресс жабдуулары ж. б. заводдор иштейт. Пед. ин-т, драма театр, край таануу музейи бар. Л.— Армениядагы эң байыркы калк отурукташкан жайлардын бири. Б. з. ч. 5-к-да эле бул жерде эл турган.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.