Мизогини́я (бай. грекчеден которгондо misos – «жек көрүү» жана gyne – «аял» дегенди билдирет, б.а., аялды жек көрүүчүлүк) – аялдарды жек көрүү, жактырбоо же  аялдарга карата алдын ала терс пикир жана кастык.[1] Бул аялдарды эркектерге караганда төмөн социалдык статуста кармап жана турган патриархаттын социалдык ролдорун сактап турган сексизмдин бир түрү. Мизогиния миңдеген жылдар бою кеңири жайылган. Ал дүйнө жүзү боюнча маданиятта, адабиятта, адамдын коомдук түзүлүшүндө, тарыхый окуяларда, мифологияда, философияда жана динде чагылдырылган.

Мизогиниянын, мисалы, аялдарга карата зордук-зомбулук, сексуалдык асылуу болуп саналат, ал үй-бүлөлүк зомбулукту жана анын эң экстремалдык формаларында мизогинисттик терроризмди жана фемицидди камтыйт. Аялдарды алсыз деп сыйлоо дагы мизогинисттик көрүнүш. Кээ бир учурларда мизогиния аялдарга төмөн статусту кабыл алганы үчүн сый акы сунуш кылат.

Мизогинияны жеке адамдар көрсөткөн мамиле катары жана кеңири таралган маданий каада же система катары түшүнсө болот. Мизогинист же мизогин – аялдарды жек көргөн, аялдарды эркектерден төмөн көргөн, мизогинисттик көз караштарга ээ болгон адам.

Тарыхы түзөтүү

Мизогиния патриархат менен бир убакта, үч-беш миң жыл мурун коло доорунун башында пайда болгон. Монотеизм – бир, адатта эркек Кудайга болгон ишенимпантеизм менен матриархалдык диндердин ордун баса баштаган. Иудаизм, христиандык жана ислам үч негизги монотеисттик диндери патриархалдык коомдук түзүлүштөрдү кубаттап, аялдарды төмөнкү статуста кармоо үчүн мизогинияны колдонушкан.[2] Мизогиния орто кылымдарда, өзгөчө христиан коомдорунда күч алган.[3]

Антрополог Дэвид Д.Гилмор монотеисттик динди карманбаган Амазонка ойдуңундагы жана Меланезиядагы уруулар  коомдордо да мизогиния болгон, дээрлик ар бир адамзат маданиятында мизогиниянын далилдери бар деп жазат.[4] Ал мизогиниянын тамыры эркектердин карама-каршы сезимдеринен келип чыкканын ырастайт: бир жактан эркектердин тукум улоо үчүн аялдарга көз карандылыгы жана эркектердин алсыздык учурунда аялдардын үстөмдүгүнөн коркушу, экинчи жактан аялдардын сүйүүсүнө жана камкордугуна болгон терең муктаждыктары.[4]

 
Бакшыларды өрттөө. Бакшылык боюнча айыпталгандардын 3төн төртү аялдар болчу.[5] “Жез кемпир балтасы” авторлору аялды бейиштен куулгандан баштап, согуштарга, ооруларга жана цивилизациялардын кулашына чейин адамзат туш болгон бардык кырсыктардын күнөөкөрү, ал эми эркектер аялдардын куулугунун жана аял сыйкырынын курмандыгы деп эсептешкен.

“Жез кемпир балтасы” – католик инквизитору Генрих Крамер тарабынан 15-кк. аягында жазылган, мизогинисттик идеологияга терең каныккан жана көптөгөн аялдардын өрттөлүшүнө себеп болгон китеп.[6] Крамер аялдын денесинде жана рухунда көптөгөн кемчиликтер бар, аялдын өзү жамандыктын, кумарлануунун булагы. Дегеле, алар аялдарды бейиштен сүрүлгөндөн баштап, согуштарга, ооруларга, цивилизациялардын кулашына чейин адамзат башынан өткөргөн бардык кырсыктардын күнөөкөрү деп эсептешсе, эркектер аялдардын куулугунун жана аял сыйкырынын курмандыгы болушат. Трактаттын өзү чындыктын дуалисттик табиятын алдыга жылдырат: жамандык менен жакшылыктын карама-каршылыгы: Кудай менен Шайтан, Мариям менен Обо. Авторлордун ою боюнча, эркек адамзаттын жакшы жагын, ал эми аял жаман жагын чагылдырат. Авторлор көпчүлүк аялдар эртедир-кечтир бакшы болуп калышат жана алар үчүн мындай тагдырдан сактануунун бирден-бир жолу аруулукка ант берип, кечил болуу деп эсептешет.

Мизогиниянын бир көрүнүшү – аялдарды эч бир медициналык керектөөсү жана пайдасы болбостон, тескерисинче, катуу каноого, инфекцияларга, психологиялык азапка, сийүүдө жана төрөттө олуттуу көйгөйлөргө алып келген сүннөткө отургузуу бүгүнкүгө чейин Африканын, Жакынкы Чыгыштын жана Азиянын 30 өлкөсүндө колдонулуп келатат.[7] Бүгүнкү күндө жашаган 200 миллиондон ашык кыздар жана аялдар сүннөткө отургузулган жана жыл сайын 3 миллиондон ашык кыздар сүннөткө отургузуу коркунучунда. Аялдарды сүннөткө отургузуунун себептеринен кээ бирөөлөрү: коомдо кыз баланын клитору же жыныстык органдары кир, коркунучтуу же туруштук бере алгыс азгырыктардын булагы экенине ишенүү[8] жана алардын сексуалдуулугун контролго алуу, кыздыгын сактоо жана күйөөлөрүн алдабай тургандыгын камсыздоо.[9]

Ошол эле учурда күйөөгө чыгардан мурда сүннөткө отургузулган аялдарда сексуалдык каалоо жана ырахат алуу азайбайт деген изилдөөлөр бар.[10][11][12]

Менструациянын айланасында да божомолдор жана жек көрүү пайда болгон. Менструация убагында аялдар таза эмес, аларда жиндер жашашат же жакын жерде таза эмес адам жүрөт деп ишенишкен. Непалда айызы келген, же жаңы төрөп канаган аялдарды үйлөрүнөн кууп чыгышат – бул жөрөлгө чаупади деп аталат. Бул убакыттын ичинде алардын социалдык абалы үй жаныбарына караганда бир топ төмөн. Аларга карандай күрүч менен суудан башканы жегенге, үйгө кирип, башка адамдар менен баарлашууга тыюу салынат.[13]

Дүйнөдөгү бардык диндер айызы келген аялдарга чектөөлөрдү коюшкан, иудаизм, христианчылык, ислам, индуизм же буддизм болобу, баарында.[14] Исламда аялдарга айызы келген учурунда Каабаны таваф кылууга, мечитке барууга, Куран окууга жана анын барактарына кол тийгизүүгө тыюу салынган. Айыз бүткөндөн кийин аял толук жуунуу (гусул) менен тазаланышы керек.[15]

Диндеги мизогиния түзөтүү

 
Пандора - Жон Уильям Уотерхаус, 1896.

Грек мифологиясында эркектер Кудайлардын падышасы Зевс Прометейге ачууланып, эркектерди каргап, Пандораны биринчи аял кылганга чейин тынчтыкта ​​жашашкан. Мифологияда Пандора бүткүл дүйнөгө тараган балээлердин жана кырсыктардын (өлүм, оору, карылык сыяктуу) кутусун ачуу менен атагы калган. Ошентип, иш жүзүндө грек мифологиясы дүйнөдөгү бардык жаман нерселер үчүн Пандораны (жана аялдарды) жана анын кутусун айыптаган.[16]

Христиан дининде болсо дүйнөдөгү алгачкы эки киши Адам менен Обо бейиште жашаганы, ал жактан Обо тыюу салынган мөмө-жемиштен жегенде бейиштен куулганы, бул ага жакшы менен жаманды айырмалоо жөндөмүн бергени айтылат. Ошондой эле Обо Адамды да жемиштен даам татууга азгырган жана Обо эненин кылыгынын артынан аялдар толгоо менен түбөлүккө жазаланган.

Бул диний окуяларды аялдарды жек көрүүчүлүк катары интерпретация кылууга болот, анткени бул уламыштардын баарында эркектер өздөрүнүн Кудайларынын эркинен чыкпай жашап келишкенин, алар качан гана аялдар өздөрүнүн “тентектиги” жана өзүнүн кылык-жоруктары менен дүйнөнү талкалап салганда гана жолдон чыгышканын баяндайт.

Диний тексттер жана алардын аялдарды жек көрүүчүлүк билдирүүлөрү муундан-муунга факт катары үйрөтүлүп, аялдардын укуктарына системдүү түрдө кысым кылуу жана укуктарын чектөө үчүн негиз катары колдонулат.

Христиан дининде түзөтүү

Христиан дининде өз ара айырмаланып турган көптөгөн түрдүү деноминациялар бар. Мизогиниянын көрүнүшү катары, адатта, аялдардын дин кызматкерлигине тыюу салуу, Ватикандын абортко каршы саясаты жана кээ бир догматтар, мисалы, чиркөөдө аялдарга карата унчукпай туруу талабы каралат. Акыркы вариант Куранда жазылган 1 Кур. 14:34: «Аялдарыңар чиркөөлөрдө унчукпасын, анткени аларга сүйлөөгө болбойт, мыйзамда айтылгандай, баш ийиши керек».

Рим папасы Иннокентий VIII «сыйкырчы булласын» кабыл алгандан кийин «Summis desiderantes Affectibus» (1484), Германияда, Испанияда жана Италияда биринчи 150 жылдын ичинде 30 миңден ашык сыйкырчылык менен айыпталган аял аутодафеде (орто кылымдардагы Испаниядагы жана Португалиядагы салтанаттуу диний жөрөлгө, анда жүрүштөр, сыйынуу, диний өкүлдөрдүн сөздөрү, соттолгон еретиктердин эл алдында өкүнүүсү, алардын өкүмдөрүн окуу жана аткаруу, анын ичинде отко жагуу боло турган) өрттөлгөн.[17] Католик чиркөөсүн аялдарга каршы массалык зомбулукка шыктандырган инквизитор монахтары Инститор жана Шпренгер тарабынан жазылган классикалык мизогинисттик "Бүбү-бакшы балкасы" тексти бүбү-бакшыларга аңчылык кылуу боюнча практикалык колдонмо болгон.[18][19][20]

Ислам дининде түзөтүү

Ислам молдолору тарабынан ар-намыс үчүн өлтүрүүнү жана аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулукту актаган мизогинисттик жазуу жана оозеки билдирүүлөрдүн көп сандаган учурлары документтештирилген.[21]

Курандын төртүнчү сүрөсүнүн 34-аятында “Аялдар (Ан-Ниса)” эркектердин аялдардын алдында артыкчылыгы бекемделет.

«Эркектер аялдарга көзөмөлдөөчү болушат, анткени Алла алардын бирине экинчисинин алдында артыкчылык берген, анткени алар өзүнүн байлыгынан сарпташат. Такыба аялдар моюн сунуп, күйөөсү жокто сакталышы керек болгон нерселерди Алланын камкордугу менен сакташат. Ал эми баш ийбестигинен улам коркунуч жараткан аялдар акыл айтып, үй-бүлөлүк төшөктө жаткандан качкыла жана сабагыла. Эгер алар силерге баш ийишсе, аларга каршы жол издебегиле. Чындыгында, Аллах – Улук».

— Куран 4:34, ислам аалымы жана уламачы Кулиев Э. Р. котормосу.[22]

Индуизмде түзөтүү

Манунун мыйзамдары аялды өмүр бою атасынын, күйөөсүнүн, баласынын (аялдын жашына жараша), тууганынын же алар жокто княздын коргоосунда болушун талап кылат жана ага көз карандысыздыкка умтулууга тыюу салат.

Сикхизмде түзөтүү

Сикхизм дининин өзү мизогинисттик эмес, бирок ар-намыс үчүн өлтүрүүлөр жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктар мизогинисттик чечмелөөлөрдөн улам сикх маданиятынын бир бөлүгү болуп калган.[21]

Маданиятта мизогиния түзөтүү

 
"Аял автомобиль айдаганда" - мизогинисттик сүрөттүн мисалы. 1915.

Мизогиния эркектерди өздөрүн аялдардан жогору коюуга, ал эми аялдарды эркектерге кызматчы катары тарбиялаган маданиятка байланыштуу болушу мүмкүн. Аялды жек көрүүчүлүктүн маданияты ошондой эле салттуу аялдык сапаттарды жана жүрүм-турумдарды четке кагууну жана басмырлоону, ошондой эле эркекчиликке ашыкча басым жасоону камтышы мүмкүн.

Аялдарды жек көрүүчүлүк коомчулукта төмөнкүдөй учурларда байкалат, мисалы, сексизм, аялдарга карата социалдык изоляция, зордук-зомбулук, коомдук кырдаалдарда аялдарды басынтуу жана аялдардын денесин объективдештирүү.

Мизогиния көптөгөн мифологиялык, диний жана философиялык системдердин өзгөчөлүгү катары өзгөчөлөнүп турат.[23] Атап айтканда, көптөгөн авторлор Байыркы Грециянын маданиятын мизогинисттик маданият катары мүнөздөшөт.[24][25] Мизогиния жана анын мисалдарын диний тексттерден,[26] классикалык адабияттардан жана азыркы маалымат каражаттарынан тапса болот. Көрүнүктүү философтор, мисалы Артур Шопенгауэр жана Фридрих Ницше,  мизогинисттик көз караштары болгондугу белгилүү.[27]

Феминисттик теория түзөтүү

Бул версиянын жактоочулары мизогиния аялдарды "эне" же "сойку" (азгыруучу) катары гана карап, башка өңүттө көрө албагандыгы Мадоннанын жана Азгыруучунун комплексинин кесепети деп эсептешет. Мындай комплекстүү адамдар ар бир жолуккан аялды ушул эки категориянын бирине кошушат. Башка версиянын жактоочулары мизогиниянын себептеринин бирин кээ бир эркектер кыздыгы бар/сойкулук дихотомиясын кармангандыгынан көрүшөт жана бул позициянын натыйжасында алар моралдык тазалыктын авраамикалык стандартын карманбаган бардык аялдарды «сойкулар» деп эсептешет.[28]

ХХ-кылымдын соңунда экинчи толкундун феминизминин жактоочулары мизогиния – бул патриархалдык социалдык структуранын себеби да, жыйынтыгы да деп белгилешкен.

Мизандрия түзөтүү

Мизандри́я (бай. грек μῖσος «жек көрүү» жана ἀνήρ «эркек»), же болбосо эркекти жек көрүү, эркектерге карата тамырлап кеткен жаман ойдун жаралуусу же кастык. Мизандрия деп системдүү басынтуу болгон учурду атоого болот: социалдык маргиналдаштыруу, жынысына карап дискриминация, кастык, гиноцентризм, эркектерди басынтуу, эркектерге карата зордук-зомбулук, андроцид жана эркектерди сексуалдык объектилөө.

Шилтемелер: түзөтүү

  1. Definition of misogyny in English by Oxford Dictionaries (British & World English) Archived 2020-02-26 at the Wayback Machine (англ.). Oxford Dictionaries | English.
  2. Mohl, Allan S. (Summer 2015). "Monotheism: Its Influence on Patriarchy and Misogyny". Journal of Psychohistory. 43 (1): 1–20.
  3. Bloch, R. Howard; Ferguson, Frances (1989). Misogyny, Misandry, and Misanthropy. University of California Press. ISBN 978-0-520-06544-4.
  4. 4.0 4.1 Gilmore, David D. (2001). Misogyny: The Male Malady. University of Pennsylvania Press. pp. 1–16. ISBN 0-8122-3589-4.
  5. Russell, Jeffrey Burton. Witchcraft in the Middle Ages (англ.). — Ithaca, N.Y.: Cornell University Press, 1972. — бет 394.
  6. Broedel, Hans Peter. The «Malleus Maleficarum» and the Construction of Witchcraft: Theology and Popular Belief. — Manchester University Press, 2003. — 209 p. — ISBN 0719064414.
  7. WHO. Female genital mutilation // 21 January 2022 // Кирүү күнү: бугу айынын 4, 2022.
  8. S.Abdel-Azim, Psychosocial and sexual aspects of female circumcision // African Journal of Urology, Volume 19, Issue 3, September 2013, Pages 141-142 Кирүү күнү: бугу айынын 4, 2022.
  9. S.Brink, Female Genital Mutilation: What It Does To A Woman May 6, 2017 // Кирүү күнү: бугу айынын 4, 2022.
  10. Esho, T., Kimani, S., Nyamongo, I. et al. The ‘heat’ goes away: sexual disorders of married women with female genital mutilation/cutting in Kenya. Reprod Health 14, 164 (2017). https://doi.org/10.1186/s12978-017-0433-z
  11. Genital Cutting May Alter, Rather Than Eliminate, Women's Sexual Sensations // Volume 29, Issue 1 // March 2003, Guttmacher Institute.
  12. Catania L, Abdulcadir O, Puppo V, Verde JB, Abdulcadir J, Abdulcadir D. Pleasure and orgasm in women with Female Genital Mutilation/Cutting (FGM/C). J Sex Med. 2007 Nov;4(6):1666-78. doi: 10.1111/j.1743-6109.2007.00620.x. PMID: 17970975.
  13. Чаупади: Обряд, который убивает девочек-подростков (орус.)https://womo.ua/chaupadi-obryad-kotoryiy-ubivaet-devochek-podrostkov/ Кирүү күнү: бугу айынын 4, 2022.
  14. A.Bhartiya, Menstruation, Religion and Society // International Journal of Social Science and Humanity, Vol. 3, No. 6, November 2013 (англ.) Кирүү күнү: бугу айынын 4, 2022.
  15. Али-заде А. А. Хайд // Исламский энциклопедический словарь. — М. : Ансар, 2007. — ISBN 978-5-98443-025-8.
  16. Kalpana Srivastava, Suprakash Chaudhury, P. S. Bhat, Samiksha Sahu. Misogyny, feminism, and sexual harassment // Industrial Psychiatry Journal. — 2017. — Т. 26, вып. 2. — С. 111–113. — ISSN 0972-6748. — doi:10.4103/ipj.ipj_32_18.
  17. Иллюстрированная энциклопедия «Руссика». История. 16—18 вв. — М.: ОЛМА-ПРЕСС Образование. — С. 396. — 640 с. — ISBN 5-94849-302-4. — ISBN 5-94849-536-1.
  18. Catherine Wessinger. Theory of Women in Religions (англ.). — NYU Press, 2020. — P. 35. — 228 p. — ISBN 978-1-4798-9919-7.
  19. Alan Charles Kors, Edward Peters. Witchcraft in Europe, 400—1700: A Documentary History (англ.). — University of Pennsylvania Press, 2000. — P. 18. — 466 p. — ISBN 0-8122-1751-9.
  20. Brian P. Levack. The Witch-hunt in Early Modern Europe (англ.). — Longman, 1995. — P. 137. — 324 p. — ISBN 0-5820-8069-X. — ISBN 978-0-5820-8069-0.
  21. 21.0 21.1 Andy J. Johnson. Religion and Men's Violence Against Women : (англ.). — Springer, 2015. — P. 36. — ISBN 978-1-4939-2266-6.
  22. Кулиев Э. Р. Коран. Смысловой перевод и комментарии Э. Р. Кулиева. — М.: Эксмо, 2012. — 808 с. — ISBN 978-5-699-60169-1. — ISBN 978-5-94824-180-7.
  23. Lorraine Code (2000). Encyclopedia of Feminist Theories (1st ed.). L.: Routledge. p. 346. ISBN 0-415-13274-6
  24. Костикова И. В. и др. Введение в гендерные исследования. — 2-е изд.. — М.: Аспект Пресс, 2005. — С. 26—29. — 255 с. — (Серия «Классический университетский учебник»). — ISBN 5-7567-0331-4.
  25. J. W. Roberts (2002-06-01). City of Sokrates: An Introduction to Classical Athens. ISBN 978-0-203-19479-9.
  26. B. G. Walker, Religion as the root of sexism // Freethought Today · Vol. 28 No. 5 June July 2011 (англ.) Freedom From Religion Foundation, Inc. Кирүү күнү: бугу айынын 4, 2022.
  27. David D. Gilmore. Misogyny: The Male Malady : (англ.). — University of Pennsylvania Press, 2001. — P. 121. — ISBN 0-8122-3608-4.
  28. Wyman, Leah M.; Dionisopolous, George N. Transcending The Virgin/Whore Dichotomy: Telling Mina's Story in Bram Stoker's Dracula (англ.) // Women's Studies in Communication  (англ.)рус. : journal. — 2000. — Vol. 23, no. 2. — P. 209—237. — doi:10.1080/07491409.2000.10162569.