Саруу (уруу)
Саруу уруусу (سارۇۇ) — кыргыз элинин сол канатындагы чоң уруулук бирикме. Калып:Уруу Бул уруунун өкүлдөрү негизинен Талас, Жалал-Абад (Чаткал, Аксы, Ала-Бука), Ысык-Көл (Жети-Өгүз, Саруу айылы) аймактарында отурукташкан.
Тарыхта Саруу уруусунун топтору ээлеген жерлер: Жамбыл (Казакстан), Наманган (Өзбекстан).
Санжыралык генеалогиясы
түзөтүү- Долон бий
- Куу уул
- Көбөш Куу-Уул уулу
- Жайыл Көбөш уулу
- Каранай Жайыл уулу
- Саруу Каранай уулу — Саруудан Саруу уруусу тараган, анын 1 баласы болгон.
- Каранай Жайыл уулу
- Жайыл Көбөш уулу
- Көбөш Куу-Уул уулу
- Куу уул
Көнөк-баатыр — ойротторго каршы согушуп, Анжиян-Аксы, Жети-Суу, Алматы, Түштүк Жамбыл, Шымкент, Талды-Коргон, Талас, Ош, Өзгөн, Кетмен-Төбө, Ысык-Көл, Жети-Шаар (Чыгыш Түркстан) өрөөндөрүн бошоткондуктан, ага Көнөк-хан наамы берилген.
Этимологиясы
түзөтүү«Саруу» этноними, эски-моңгол saraɣul (окулушу: Сарағул) (моңг. саруул, калм. Һаруул, ойр. сарул) сөзүнөн келип чыккан деген божомолдор бар. Бул сөз «жарык», «ачык» маанилерин түшүндүрөт.
Башка версия боюнча «саруу» этноними эки сөздөн келип чыккан «сары»—«уу». «Сары» сөзү менен көптөгөн версиялар бар.
Уруктар
түзөтүүАй-Тамга: Сейит, Атек, Чүкө, Кобуке, Бала-Саруу, Жалпак Тил, Чаян, Аңдабай, Очок, Түктүү Курт, Жолдош Төбөт, Кызыроо, Назарбек (Шири), Бишкек, Күркүрөө, Тубай, Оготур.
Жети Уруу: Абдый, Ким Билди, Ботояр, Таш Коюн, Мамелдей, Жаңгир, Байбиче, Токол, Түкөк, Мадияр, Бөлөк Чал, Балыкчы, Жол Жакшы.
Бош Моюн: Ыңырчак, Кезек Таз, Кодор, Жээнбай, Кенембай, Бозайгыр, Ырысмат, Календер, Боркемик, Кара-Боркемик.
Агынай: Чоң Эсенгелди, Борой, Кадим.
Алакчын: Жол Болду, Бабыр, Акбай, Түйтө, Чиркей, Чокон, Шаабото, Бекмурат, Алчикен, Ажыбек, Кубатбек, Коңкобай, Наматбай, Мандалак, Эрегул, Берен, Жабагы, Жарыкка, Жаныбек, Сатыкей, Боруке.
Кырк Уул: Байсу (Байзу), Келбей, Мачак, Беш Каман.
Теңечим: Ардай, Күштөн, Булбул, Шекер, Ачакей.
Колпоч (Тоң-Төрт): Ак Кийиз, Култай, Төкө, Быры, Болот, Чочой, Кезек-Сары, Кубулек, Баяш, Токтук, Баба, Чүнү.
Белгилүү инсандар
түзөтүү- Бишкек баатыр (Эр Көбөк уулу Бута) – (1700 – 1755-57-жж.) – XVIII кылымда жунгар (ойрот) баскынчыларына каршы согушта кыргыз армиясынын кол башчысы, Эл башы болгон. Ал Бердике баатыр, Эр Садыр баатыр, Итим баатыр, Сатыке баатыр, Жайыл баатыр, Түктүү баатыр, Атаке баатыр, Эр Солтоной сыяктуу кыргыз баатырларынын башын бириктирип, үлкөн армия түзүп, жунгар (калмак) аскерлерин кыргыз жеринен сүрүп чыгарууда зор салым кошкон. Бүгүнкү күндө, Кыргыз Республикасынын борбор шаары Бишкек баатырдын наамын алып, Бишкек шаары аталып келет.
- Колпоч Баатыр - Колпоч баатыр 1703-жылы төрөлүп, 7077-жылы көзү өткөн эл багаар баатыр. 18-кылымда калмак баскынчыларынан коргогон, кыргыз жерин баскынчылардан бошоткон, элдин эркиндиги үчүн күрөшкөн баатырлардын бири.
- Сатыкей Баатыр — 17-чи кылымда жунгар баскынчылыгына каршы турган миңбашы (ХVII кылым).
- Бердике Баатыр — 18-чи кылымда кыргыз жерлерин жунгарлардан бошоткону чоң салымын кошкон баатыр (XVIII кылым).
- Нүзүп аталык (Нүзүп Эсенбай уулу) — 19-чу кылымдагы Борбор Азиядагы көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, миңбашы, Кокон хандыгынын аталыгы (Шералы хан, 1841-1845гг)
- Ниязалы Борошев — комузчу-виртуоз, көптөгөн кγγлөрдүн автору.
- Мураталы Курөңкеев — кыргыз элинин аспаптык музыкасынын негиздөөчүлөрүнүн бири.
- Чолпонбай Тулебердиев — Советтер Союзунун Герою. 6-чы Воронеж армиясы стратегиялык позицияны ээлеп алуусу үчүн пулеметту өз денеси менен жаап, шеит болгон.
- Төлөгөн Касымбеков — жазуучу, Кыргыз Республикасынын герою, «Сынган Кылыч» романын автору.
- Темиркул Үмөталиев — Кыргыз Республикасынын эл акыны.
- Жумалиев Кубанычбек Мырзабекович — премьер-министр, техникалык илимдеринин доктору, профессор.
- Шакиев Нурланбек Тургунбекович — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы.
- Медер Бишкек (Итибаев Медербек Абдимиталович) — чыгыш медицинасынын дарыгери, "Император-Каган массажынын" негиздөөчүсү, "Тайцзи-кармаш" Тайцзи цюань интернэшнл Ассоциациясынын президенти, "Кыргыз-Дзэн" фондунун директору, жазуучу, психолог жана идеолог.
- Роза Отунбаева — Кыргыз Республикасынын алгачкы аял Президенти.
- Алиясбек Алымкулов — 2010 жылдын Апрель революциясынын башчыларынын бири. Революция учурунда катуу жарадар болгон. Кыргыз Республикасынын Герою.
- Өмүрбек Бабанов — Олигарх, Экс-Премьер-министр, «Республика-Атажурт» паритиясынын төрагасы.
Кылымдар бою Саруу уруусу кыргыз элинин эгемендиги үчүн жана кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөгө активдүү катышып келет.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- О.Каратаев, С.Эралиев. Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк.Бишкек. "Бийиктик" - 2005-ж. ISBN 9967-13-159-4
- ↑ http://sanjyra.ru/sanjyra32.html