Сыны

Аксы районундагы айыл
Сыны, Аксы району‎»‎ барагынан багытталды)

СыныКыргызстандын Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы айыл. Кара-Жыгач айыл аймагына кирет.

Айыл
Сыны
Өлкө Кыргызстан
Облус Жалал-Абад облусу
Район Аксы району
Айыл аймагы Кара-Жыгач
Координаттар 41°36′49″ с. ш. 72°02′28″ в. д.HGЯO
Ички бөлүнүшү Кара-Ой, Өрүктү, Долоно, Көк-Тоңду, Чолок-арык, Бурана, Иригоо
Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү 1930
Биринчи белгиленген 1930
Борборунун бийиктиги 1200 м
Климатынын түрү кескин континенталдуу
Убакыт аралыгы UTC+6
Калкы
Расмий тили Кыргыз тили
Калкы 2337[1] адам (2020)
Улуттук курамы Кыргыз
Диний курамы Ислам
Этнохороним Сынылык, Сынылыктар
Сандык идентификаторлор
Телефон коду +996
Почта индекси 720606
Автоунаа коду D, 04
Сыны (Кыргызстан)

ААББТ коду — 41703 211 832 03 0 [2].

Тарыхы

түзөтүү

Элдик уламыштар боюнча сынчылар жана акындар айылдарды кыдырып, ар айылдын кооздугуна, жайгашкан жерине карашып ырдап, ошол эле учурда айылдарга жаңы аталышын ойлоп табышкан. Бул жердеги конушка келээр замат, таң калып карашып, колдоруна комузун алышып сындап ырдап калышат. Арадан 5 саат өтсө да эмнегедир сынчылар ал жерге ылайыктуу ат таппай кыйналышат. Жайгашкан жерине карата эч кандай ат таппай коюшат, акыркы кеңешип сында сындап бүтчүдөй эмес, жер кыдырдык эл кыдырдык, ар бир конуштун аталышын жайгашкан жерине карата ат койдук, "Сыны" - деген аталыш берели деп, ушундай аталышка токтошкон. Конуштун аталышын "сынчылар койгон" - деген ишеним, жергиликтүү жашоочулар арасында кеңири тараган.

Географиясы жана Инфраструктурасы

түзөтүү

Айылда 7 участок (конуш) 30 дан ашык көчө аталыштары бар. Уасткалардын аталышы: Кара-Ой, Өрүктү, Долоно, Көк-Тоңду, Чолок-арык, Бурана, Иригоо. Ал эми айылда жалгыз гана мектеп бар, ал 1996-жылы 365 окучууга ылайыкталып салынган, азыркы учурда 650дөн ашык окуучу билим алат жана 40тай мугалим эмгектенет. Мектептин түзүлүшүнө 1 буфет, 1 спорт зал 2 корпус 1 караул кана камтылат. Ошондой эле айылда 3 дүкөн активдүү иштейт.

жылы 2009 2020
адам. 2274[3] 2337[1]


Булактар

түзөтүү