Эстебес Турсуналиевдин жаркын саптарынан

1. Жыл келет жылдын артынан,
Жылдыздай жайнап чалкыган.
Жергеге, элге бакыт орноп,
Жемиштүү болуп арты улам.
2. Жаш карыга карабай,
Жалмайт экен шум өлүм.
Жалдыраса тилиңди,
Албайт экен шум өлүм.
Жабышып калса жаныңдан,
Калбайт экен шум өлүм.
3. Элүүгө жашым толгондо,
Эр ортону болгондо,
Эчендер кирет ойлорго.
Элестетсем өткөндү,
Эрбейген бала кезимде,
Ээрчип калдым чоңдорго.
Сакалдуу, салттуу аталар,
Сай күлүк берип үйрөтүп,
Салдырып жүргөн чоң жолго.
4.Устатты шакирт жолдомок,
Улантып жүрдүм жорголоп.
Улуудан уккан ыр- күүнү,
Узартып түрдүү бормолоп.
Өзңдөн данек чыкпаса,
Акындык чымын болбосо,
Өнөрдү кыйын колдомок.
Алты сөз кураш-чоң жомок,
Ышкысы талант болбосо,
Ыр бербейт эч ким дорболоп.
Таланттын түрдүү жагы бар,
Табышмак сырлуу жол болот.
Талпынып кээ бир таланттар,
Тай кезде чыгат ойдолоп.
Кай бир талант көз ачып,
Жайыраак туруп ойгонот.
Ардактап багып өстүрсө,
Арымы кеңип чоң болот.
Ак таңдай акын, төкмө деп,
Атагы, даңкы зор болот.
Жетпесе кадыр баркына,
Жемиши соолуп, кор болот.
Ырчы да дыйкан сыяктуу,
Жайнаса ыр деп ойлонот.
5. Башымды ийем, ийилем,
Элүүгө жашым барганга,
Эч болбойм эми арманда.
Эмгекти иштээр ушул кез,
Эми мен кирдим дарманга.
Көңүлүн элдин ачканга,
Көмөкөй тилди чапканга.
Комузум чертип үн салып,
Кумарын калктын жазганга.
Кутмандуу өскөн эл- жерди,
Кубанам шаңдап айтканга.


Булак: П. Ирисов Ырчылар чыгармачылгы Б. 2004