БОЗ ҮЙДҮН ЖАСАЛГАЛАРЫ

Боз үйдүн кооз жасалгаларынын бири — жабык баш. Анын этегине тегирич улай тигилет.
Тегирич менен түймөсү бар жабык баш: төркү (арткы), алдыңкы (маңдайкы) болуп экиге бөлүнөт. Көркөм көчөт түшкөн эшик чий, канат чий, чыгдан (ашкана) үйдүн жасалгасына кирет. Боз үйдүн ички көркү өрмөкчүлүк аркылуу жүзөгө ашат. «Кажары» (букары), «беш кеште», «сызма» деген түрлөрү бар. Кереге таңгыч, саканак чалгыч, кереге чалгыч, үзүк боо, туурдук боо, жел боо (түндүк боо) өңдүүлөр кирет. Мунун ичинен «эки жүздүү терме» жана «бир жүздүү терме» деп бөлүнөт.

Боз үйгө туш кийиз (туштук) тартуу — эзелтен берки салт. Анын боолору ууктун билегине тагылат. Боз үйдүн кире беришиндеги оң ыптада аяк кап кереге көзүнө илинет. Андан ары чыгдан тартылат. Керегеге, же аш ала баканга көөкөр, көнөчөк, көнөк, чыны кап улай илинсе, жакшы жарашат. Күзгү кап-текченин илиниши үйдү ого бетер көрктөндүрүп жиберет. Азыр коломто болбогондуктан, үйгө шырдак менен ала кийиз салынат. Көрпө, көлдөлөң, курак, сайма төшөктөр төшөлөт.

Боз үйдүн жүгү да өзүнчө кооздук берет. Жүк жыя билүү кыз-келиндердин чеберчилигин айкындайт. Жүктүн астындагы такта, ага жабылган терме таар, калы килем, сандык, жагдан, күмүш ала бакан, андагы ат жабдыктар, улуттук кийимдер элдик узчулук менен зергерчиликти таасын көрсөтүп турат. Боз үйдүн ички жасалгасына коюлган андай чакан буюмдардан биз ширелишкен композициялык байлыкты, оюм менен көчөттүн диапазонунун өтө кеңдигин, геометриялык сызыктардын тууралыгын жана улуттук колориттин укмуштай чагылышын көрөбүз. Элдик буюмдардан көркөм чыгармачылыктын чыныгы жемишин, эстетикалык күчүн, жергиликтүү өзгөчөлүгүн, улуттук мүнөзүн баамдайбыз.

Маалыматтын булагы түзөтүү

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)