Жазы өрөөнүФергана тоо тизмегинин түштүк-батыш капталындагы ландшафты кооз жер. Өзгөн районунун аймагында Байбиче, Торгой дөбө, Доңуз тоо, Токсон кемпир тоолору, Сурташ жана Мырзаке ашуулары аркылуу Өзгөн өрөөнү менен чектешет. Узундугу 200 км дей, туурасы 5–6 км. Өзгөн шаарынан 70 км чыгыш тарапта, Оштон 130 км. Жогорку бөлүгү Фергана тоо тизмегинин түштүк-батыш капталын кесип өткөн терең капчыгай, чатына жакын тоо этегиндеги дөңсөлүү түздүк. Климаты мелүүн континенттик. Кышы мелүүн жумшак; январдын орточо температурасы —6 °С ден —8°С ге чейин. Жайы мелүүн жылуу; июлдун орточо температурасы 14°—18°С. Жылдык жаан-чачыны 500–900 мм ге чейин. Өрөөн аркылуу Жазы суусу агат. Күңүрт күрөң, коңур жана каралжын тоо топурагы басымдуу. Өрөөндүн тоо этегиндеги бөлүгүнө жарым чөл, 1200–2600 м бийиктикке бадал, шалбаалуу талаа, 2600–3100 м ге токойлуу шалбаа жана токой, 3100–3600 м ге субальп жана альп шалбаа ландшафт алкактары мүнөздүү. Ж . ө. бальнеол.баткак менен дарылоочу курортко ылайыктуу аймак. Андан Кара-Шоро минералдуу суусу жана дары баткак кени чыгат. Кара-Шоро кени Жазы өрөөнүнүн борбордук бөлүгүндө, Качаралатур жана Коңур дөбө сууларынын чаттарына жакын 2400 м бийиктикте жайгашкан. Көмүр кычкыл хлорид-гидрокарбонат натрийлүү (минералдануусу 2,4–3,1 г /л) жана көмүр кычкыл гидрокарбонат-хлорид натрийлүү (минералдануусу 5,3–15 г/л) №5 бургулоо көзөнөгүнөн чыккан суу (суткалык дебити 29,4 м3) дарылоо-суусундук катары «Кара-Шоро №5» деген ат менен бөтөлкөгө куюлуп алынат (жылына 1—1,5 млн бөтөлкө). Кыймыл (Жазытогай) дарыбаткак кени Жазы өрөөнүнүн төмөнкү бөлүгүндө, Өзгөн шаарынан 6 км түндүк батыш тарапта жайгашкан ; Өзгөндөн 6 км түндүк чыгышта Чымбай кени бар. Бул эки кендин баткагынын составы бирдей ; ылай катмарчалары бар сульфид чым көңдүү; Кыймыл кенинин запасы 234, Чымбай кениники 157 миң т. Өрөөн жайыт катары пайдаланылат. Мында климаты салыштырмалуу жылуураак; кышы жумшак (январдын орточо температурасы —4°С), жайы ысык (июлдуку 24°С); жылдык жаан- чачыны 550 мм; негизинен март – апрелде жана октябрда түшөт. Ал аркылуу Өзгөн шаарынан Кара-Шорого кетчү автожолу өтөт.

Адабият түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.-Б.:2004 ISNB

Интернеттен шилтемелер түзөтүү

...