Ибраев Бообек

Ибраев, Бообек‎»‎ барагынан багытталды)
Бообек Ибраев
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Бообек Ибраев
Туулган жылы: 1935-жыл
Каза болгон жылы: 2000-жыл
Туулган жери: Чоң-Кызыл-Суу айылы, Жети-Өгүз району, Кыргызстан
Каза болгон жери: Бишкек шаары,Кыргызстан
Сөөгү: Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган, Бишкек шаары,Кыргызстан
Өлкө: CCCР желеги СССРКыргызстан желеги Кыргызстан
Ишмердүүлүгү: театр режиссер
Наамдары:

КРнын эл артисти, Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер

Театры: Кыргыз улуттук академиялык Т.Абдумомунов атындагы драма театры

Ибраев Бообек – театр режиссеру.

Өмүр баяны түзөтүү

Б.Ибраев 1935-жылы 19-мартта, Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Чоң-Кызыл-Суу айылында, көп балалуу жумушчунун үй-бүлөөсүндө жарык дүйнөгө келген. Болочок режиссердун атасы Казакбай уулу Ыбырай наристеси төрөлө электе эле көз жумган, а апасы Эсенаалы кызы Зуурдан тестиер Бообек 13 жашында ажыраган.
Айылдан башталгыч мектепти аяктагандан кийин, тестиер Бообекти биртууган агасы Айылчы тааныштарынын кеңеши менен Фрунзе шаарындагы №7-мектеп-интернатына жиберет, окуусун борбордо улантканга.
Бул мектеп-интернатта аны менен кошо кыргыздын келечектеги көрүнүктүү мамлекеттик ишмери Апас Жумагулов чогуу окуган – классташы. Экөө бирге футбол ойношуп, бокс секциясына бирге катышышкан.

Орто мектепти бүткөндөн кийин Б. Ибраев суу инженеринин кесибин алуу үчүн Москвадагы суу чарба институтуна өтөт.
Бир жылдан кийин каникулга кайтып келгенде, классташ курбусу Бекеш Абдылдаев менен Бообек Ибраев 1952-жылы кыргыздын бир нече улан- кыздары менен Ташкенттеги мамлекеттик А.Н.Островский атындагы театр өнөрү институтунун кыргыз студиясына өтүп кетишет.
Ал кыргыз студиясында Бообек Ибраев кыргыздын болочоктогу атактуу артисттери Капар Медетбеков (СССРдин эл артисти), Бакирдин Алиев (Кыргыз ССРинин эл артисти) окушкан.
Актердук бөлүмдө эки жыл окугандан кийин, 1954-жылы күзүндө Бообек Ибраев Советтик Армиянын катарына чакырылып, үч жыл кызмат өтөп, 1957-жылы күз айларында кайрадан өзү окуп кеткен институтка барат.
Ал армиядан кайтып келгенде аны менен кошо институтка тапшырышкан кыргыз курсташтары ошол жылы окууну аяктап, Кыргызстанга кайтып кетишкен. Кыргыз студиясы бүтүрүп кеткенине байланыштуу, актердук кесипти аргасыздан өзбек группасы менен улантмакчы болгон Бообекке, курстун жетекчиси, атактуу режиссер А.И. Гинзбург “сен артист болгондон көрө режиссурага өтпөйсүңбү, тилден да кыйналбайсың, мүмкүнчүлүгүң да жетет” деп сунуш берет.
Ошентип, Бообек Ибраев кайрадан А.И.Гинзубрг менен И.В.Радун жетектеген режиссердук курска өтөт. Эми окуусун экинчи курстан улантып окуй баштайт.
Бул окуу факультетте келекчектеги режиссер өзгөчө тырышчаактыгы, билим алууга талыкпаган далаалаты менен курсту жетектеген устаттарынын жана сабак берген мугалимдеринин арасында айрыкча урмат-сыйга ээ болгон.
Окууун ийгиликтүү аяктаган соң, келечегинен көптү үмүттөндүргөн жаш режиссер Жалал-Абадагы облустук Т.Сатылганов атындагы кыргыздрама театрына эмгектенүү үчүн жол тартат.
Ошондон бир аз өтпөй эле республикалык бийликтин чечими менен кээ бир театрлар жоюлуп, бириктирилет. Жалал-Абад театры да ошолордун катарында жоюлууга дуушар болот. Бирок, кыска мөөнөттүн ичинде өзүн билимдүү, жөндөмдүү, изденген, аракетчил режиссер катары көрсөтө алган Б.Ибраев ишсиз калган жок – аны кайрадан түзүлгөн Тянь-Шань (азыркы Нарын) музыкалуу-драма театрына, башкы режиссердун кызматына жиберишет.

Чыгармачылыгынын жетилген курагында түзөтүү

Тоолуу театрда башкы режиссер катары эмгектенген он жылга жетпеген мезгилдин аралыгында, Б.Ибраевдин өзүнө таандык сүрөткерлик стили дээрлик калыптанып, кыргыз режиссурасына масштабдуу сахналык полотнолорду жаратууга умтулган, оюу терең чыгармачыл инсандын кошулганы айгине болду. Ошол учурда Б.Ибраев сахналаштырган К.Жантөшевдин “Курманбек”, Ж.Турусбековдун “Ажал ордуна”, Вс.Вишневскийдин “Оптимисттик трагедия”, Мустай Каримдин “Ай тутулган түндө” чыгармалары жеке гана тоолуу аймактын маданий окуясына айланбастан, жалпы республикалык масштабдагы олуттуу көркөм кубулуш болуп калды. Так ошол учурда, Б.Ибраевдин уюуштуруучулук жөндөмүнө жараша жана анын бийик эстетикалык талабынын натыйжасында нарындыктардын чыгармачылык бийиктигин айгинелеген “Нарын жылдыздары” деген термин жаралган. Республиканын жалпы театр журтчулугу тоолуу аймакта жаңы, кызыктуу режиссердун пайда болгонун байма-бай айта башташты.


1971-жылы республиканын жетекчилиги Б.Ибраевди Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрына которот.
Бул театрда Б.Ибраев адегенде кезектеги режиссер болуп эмгектенет. Андан соң, 1973-жылы маданият министрлиги аны башкы режиссерлукка дайындайт.

Борбордук театрдын сахнасында режиссер өзүнүн төмөнкүдөй эң мыкты спектаклдерин коет: Т.Абдумомуновдун “Ашырбайын”, А.Макаеноктун “Өлүм жазасын”, У.Шекспирдин “Ромео менен Жульеттасын”, Мустай Каримдин “Ай тутулган түндөсүн”, Н.Байтемировдун “Уркуясын”, Б.Жакиевдин “Алтын аяк” менен “Күттүргөн жазда келээрин”, М.Байжиевдин “Байыркы жомок”, “Кыз-күйөө”, “Ар бир үйдө майрамын”, К.Мамбетакуновдун Омор Хаямдын махабатын”.
Бул сахналык чыгармалар, айрыкча монументалдуулугу, терең драматизми, ошондой эле психологиялык жактан өтө ынанымдуулугу менен айырмалангандыктан, муну биз Б.Ибраевдин ошол таптагы чыгармачылык табиятынын өзгөчөлүгү катары карасак акыйкат болот.
Ушуну менен бир катар режиссердун дагы бир касиетин белгилей кетүү абзел – ал борбордук театрдын сахнасында көптөгөн актерлордун чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүнүн кылдат баамдап, анан ошого жараша аны терең ача билген кыраакы режиссер-педагог экенин да айгинелейт. Маселен, ошол учурда А.Усупбеков (Терешко), Ж.Сыдыкбекова (Полина менен Жульеттаны баккан аял), Г.Дулатова (Тангабике), С.Жаманов (Дервиш менен Каракожо-хан), С.Жумадылов (Ашырбай, Маке чал менен Омор Хаям), Ашыр Чокубаев (Кожожаш менен Сарман), Т.Турсунбаева (Жульетта, Зулайка менен Мадина), И.Раимкулова (Жульетта), Ж.Сейдакматова (Уркуя, Гүлүсүн, Шафак, Эльпи), А.Кыдырназаров (Сыродоев, Каракожо-хан менен Азат Султанович), Б.Шалтаев (Тибальт менен Думана) жана башка көптөгөн таланттуу артисттер, Б.Ибраевдин аркасы менен, чыгармачылыктарынын жаңы кырларын ачышып, олуттуу ийгиликтерге жетишишип, кыргыз элинин көркөм дүйнөсүнүн эң адыңкы катарына суурулуп чыга келишкен.
Ушул катарда Б.Ибраев койгон “Ай тутулган түндө” спектаклин айрыкча баса көрсөтүү шарт. Анткени, бул масштабдуу трагедиялык оюн режиссер катары Б.Ибраевдин, республиканын эң күчтүү трагик артисттери катары Г.Дулатованын, С,Жамановдун, Б.Шалтаевдин нукура чыгармачылык триумфуна айланган.
Б.Ибраевдин өтүнүчү менен жазылган Ж.Садыковдун “Манастын уулу Семетей” драмасын сахналаштыруу режиссердун чыгармачылык тагдыры үчүн өтө драмалуу болгонун айта кетиш керек. Себеби, болочок спектаклди биринчи генералдык репетицияга чейин жеткирген режиссер, республиканын маданият министрлигинин чоң чиновниктеринин биринин көрсөтмөсү менен оюнду коюдан четтетилет.
Ошол эле жылдын ичинде Ош облусунун С. М. Киров атындагы өзбек музыкалык драма театрына башкы режиссерлукка жиберилет.

Өз миссиясы боюнча Б.Ибраев режиссер-жаратуучу: ал, жаш режиссер кезинде эле, жогоруда белгилегендей, нарын театрын түптөгөн; таланты оболоп турган чакта борбордогу башкы театрдын ирегесинен четтеп калып да, Б.Ибраев 1983-жылы кайрадан ачылган Ысык-Көл драма театрын ирдентүүгө жана калыптандырууга бүт күч-аракетин жумшаган.
Жаңы ачылган театрда ал өзүнүн бүтүндөй педагогикалык талантын пайдаланып, чыгармачылык чыйырын эми гана баштап жаткан жаш артисттерде бийик эстетикалык туюмду, сахна өнөрүнө болгон терең сүйүүнү калыптандырууга болгон кубатын берген. Ал эми режиссер тарабынан коюлган ал кездеги коомдун өтө актуалдуу жана типтүү көрүнүштөрүнүн бирин чагылдырган, сахна искусствосунун адам суктанаарлык туундусуна айланган Анардын “Илинчек” комедиясы, көп мезгилге чейин көл театрынын визиттик карточкасы болуп калган.
1986-жылы Б.Ибраев кайрадан бордогу драмалык сахнага кайтып келет.
Чыгармачылыгынын соңку этабында Б.Ибраев “Айкөл Манас”, “Сейтек” жана “Курманжан-датка” сыяктуу монументалдуу сахналык полотнолорду сахналаштырып, режиссер Ж.Абдыкадыров көз жумган соң, бир кезде өзү баштаган “Манастын уулу Семетей” спектаклин да кайрадан калыбына келтирген.
Албетте, Б.Ибраевдин чыгармачылыгын масштабдуу, драмалык спектаклдер менен чектеп коюу калпыстык болоор эле. Ал драма менен бир катар ошондой эле жигер менен комедияларды да кое билген. Маселен, М.Касеновдун “Алда жаш жубайлар, ай”, ошол эле М.Байжиевдин “Байыркы жомок”, Анардын “Илинчек” комедиялары бул оюбузга толук күбө. Бирок, баары бир Б.Ибраевди масштабдуу оюндардын режиссеру атасак чындыкка төп келет.
Мындан тышкаары, Б.Ибраев театр окуу жайынын ирегисинде, мугалим катары, азыркы мезгилдеги көптөгөн белгилүү театр ишмерлерин окутуп, тарбиялап чыгарган.

Б.Ибраевдин режиссердук жана бүтүндөй чыгармачылык, көркөм мурасына көз чаптырып, бүгүн биз 20-кылымдагы кыргыз театрынын тарыхында “режиссер Бообек Ибраевдин доору” да орун алганын тартынбастан айтууга тийишпиз.

Койгон спектаклдери түзөтүү

Курманбек (К.Жантөшев)
Чокмор (К.Жантөшев)
Ажал ордуна (Ж.Турусбеков)
Оптимисттик трагедия (Вс.Вишневский)
Таалай гүлдестеси (Т.Абдумомунов)
Ашырбай (Т.Абдумомунов)
Ромео менен Жульетта(У.Шекспир)
Трибунал (А.Макаенок)
Ай тутулган түндө (Мустай Карим)
Уркуя (Н.Байтемиров)
Байыркы жомок (М.Байжиев)
Кыз-күйөө (М.Байжиев)
Алтын аяк (Б.Жакиев)
Күттүргөн жаз да келээр (Б.Жакиев)
Омор Хаямдын махабаты (К.Мамбетакунов)
Илинчек (Анар)
Чынар манифести (А. Чхаидзе)
Автобус (Ст.Стратиев)
Манастын уулу Семетей (Ж.Садыков)
Сейтек (Ж.Садыков)
Айкөл Манас (Ж.Садыков)
Курманжан датка (Т.Касымбеков, К.Сактанов)ж.б.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Манас энциклопедия, 2-том, Б,1995-ж.
  • Жаныш Кулмамбетов, Режиссердун жүзү, Илинчекти ким үзөт? ж.б. макалалары. Аталган автордун Театр дүйнөсүндө китебинен, Ф., “Кыргызстан”, 1987.
  • Жаныш Кулмамбетов, Режиссер Бообек Ибраев. Монография. Б., Принт-Экспресс, 2015.

Айрым шилтемелер түзөтүү

Ат салышкан актёрлор Archived 2016-07-22 at the Wayback Machine