Раззаков (шаар)

Лейлек районундагы шаар жана райондун акимий борбору
Исфана шаары‎»‎ барагынан багытталды)

Раззаков (мурдагы: Исфана, ага чейин Ыспана чеби, Моңол Баскан)Кыргызстандын Баткен облусундагы райондук маанидеги шаар. Лейлек районунун административдик борбору.

Шаар
Раззаков
Раззаков шаарынын бир көчөсү.
Өлкө [[ Кыргызстан]]
Облус Баткен облусу
Район Лейлек району
Координаттар 39°50′ с. ш. 69°31′ в. д.HGЯO
Мэр Чыңгызбек Рысов
Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү IX кылым
Мурунку аталышы Моңол-Баскан
Ыспана
Исфана (2022-ж чейин)
Аянты 41,35 км²
Борборунун бийиктиги 1 350 м
Убакыт аралыгы UTC+6
Калкы
Расмий тили Кыргыз тили
Калкы 34 219 адам (2021)
Жыштыгы 800 адам/км²
Улуттук курамы Кыргыздар, Өзбектер, Тажиктер
Диний курамы Ислам
Этнохороним Исфаналык, Исфаналыктар
Сандык идентификаторлор
Телефон коду +996 (3656)
Почта индекси 720400
Расмий сайты Isfana.kg  (кырг.)
Аэропорт.

Облустун борбору ― Баткен шаарынан 100км батыш, Пролетарск темир жол бекетинен (Тажикстан) 45км түшүк тарапта, Кара суу өзөнүнүн боюнда, деңиз деңгээлинен 1300м. бийиктикте жайгашкан. Калкы 28 миң (2010).

Шаардын курамына Ак-Булак, Голбо, Мырзапача, Тайлан, Самат жана Чимген кыштактары кирет. Шаардык өкмөттүн жалпы аянты 227 миң гадай (2002); алардын ичинен айдоого жарактуу жери 6,6 миң га сугат жер 1,2 миң га, кайрак жер 5,4 миң га.

Исфанада 2002-жылы түрдүү менчиктерге таандык 54 ишкана, мекеме жана уюмдар иштеген. Калкы негизинен дыйканчылыкта тамеки, жашылча жана мөмө-жемиштерди өстүрүүдө, мал чарбасында кой, эчки багууда эмгектенишет.

Шаарда жалпы билим берүүчү 13 мектеп (алардын ичинен 4 орто мектеп, 2 гимназия), 2 бала бакча,1 кесиптик-техникалык лицей, 1 жогорку окуу жайдын филиалы, маданият үйү, 2 клуб, 4 китепкана, тарых жана аймак таануу музейи, мейманкана, райондук оорукана, санитардык-эпидемиологиялык станция, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жана 4 медпункт бар.

Тарыхы

түзөтүү

Баткен облусундагы Лейлек районунун борбору эмне үчүн Исфана деп аталып калган? Бул жөнүндөгү аргументтер көп, тарыхы да абдан кызыктуу. Анын келип чыгышы жөнүндө эл ичинде ар түрдүү ойлор, версиялар айтылып жүрөт. Алардын айрымдары уламыштарга да окшошуп кетет. Хронологиялык тарыхка дал келбесе да, элдин айтуусу тарыхты толуктап турат.

Акыркы Исфананын аталышы жөнүндө

түзөтүү

Кокон ханынын (кайсы хан экендиги боюнча так маалымат жок) жакын кишиси (вазири) Исман бир күнү ханы менен келише албай, ордодон чыгып кетет. Таза абалуу, тоолуу, тынч аймак деп азыркы Исфанадагы Түпсада деген жерди байырлап калат. Аймак сууга мол экен. Аңчылык кылып жүрүп, Исман (Осмон Ипон) жогорку дөбөгө келип, азыркы стадиондун ордуна үңкүр курдурат. Ошол учурда Исфана аркылуу Жибек Жолунун бир тармагы – Кокон-Самарканд соода жолу өтчү экен.

Акырындап Исман үй-жай куруп, бала-чакалуу болот. Кийин ал жерге Самарканд, Ходжент, Ташкент, Кокон жана башка шаар­лардан, хандардын кыргын-со­гуштарынан качкандар келип отурукташып, бул аймак кеңейген. Кийинчерээк Исман бул аймакта коргон, чеп, кербен сарай курду­руп, бек болгон. Кокондон бул аймакка келе жаткандардан сураса, "Исман турган жерге", "Исман ыктыярындагы жерге", "Исманга" деп айтылып жүрүп, аймактын аты кыргызча Исманы (өзбекче Исвони, тажикче Испони), орусча Исфана болуп калган экен. Мындан башка да алты вариант

Исфана чебинин жана өздөрүнүн курулушу жөнүндө

түзөтүү

Эл оозунда сакталып калган маалымат боюнча, Кокон хандыгы да Исманга ордо, чеп курууга жардам бермекчи болушат. Курулуш ишине жардам берүү үчүн Таш аттуу аскер башчысынын жетекчилигинде гисарлыктар Исфанага жиберилиптир. Бирок ат араба менен үч-төрт айлап жол басып келгенче исмандыктар өз күчтөрү менен сепилди да, чепти да куруп алышат. Чептин жана сепилдин (ордо) курулушуна топуракты азыркы Пулон деген жерден ат араба менен ташып келишкен. Сууну ордого чептин чыгыш тарабынан арык казып киргизишет. Ошол курулуш иштери кызуу жүрүп жатканда аскер башчысы Таш оорудан каза табат. Аны ошол арыктын боюна көмүшөт. Азыркыга чейин ал жерде Таш мазар сакталып калган. Ушул күндөрү да Махалла сайынан Алакан шаарга чейинки аралыктагы арыкты Шесар (Хисор) арыгы деп аташат. Салгылашуу менен талоондон тажагандар Исмандын жанына келип, тынч жашоого ыңгайлуу деп отурукташа башташат. Бара-бара көчүп келгендердин саны көбөйүп, имараттар курулуп, чеп дагы кеңей­тилет. Чеп чоңойтулганына байла­ныштуу төрт тарабында бирден дарбаза орнотулат. Кийин ар бир дарбазанын аткарган кызматына жараша ал төмөнкүдөй аталып калат: Сасык дарбаза чептин түндүк жагында жайгашкан. Чептен акыр-чикир чыгарылган. Пастапа (Пас дөбө) дарбазасы аркылуу Самарканд, Оро-Төбө, Ходженттен келген соодагерлер жана жергиликтүү калк кирип-чыгып турган. Дербиш-Булак дарбазасы аркылуу мал жайытка чыгарылып, сугарылып турган. Жогору-Дөбө дарбазасынан Кокондон келген жолоочу, соодагерлер кирип-чыгып турчу экен. Ушул дарбаза аркылуу калаа ичиндеги байлар, бектер уюштурган улак, күрөш жана башка оюн-зоокторго катышуу үчүн адамдар кирип-чы­гып турушкан. Калаанын дубалдары бийик (5 метр), калың болгон, анын ичинде кызуу турмуш кайнап, кол өнөрчүлөр иштеп, соода жүрүп, жашоо токтоосуз уланып турган. Жергиликтүү калк менен кошо кокондуктар, маргалаңдыктар, барганалыктар (келгиндер) көп болушкан жана ар бир уруу өз мечитине ээ экен. Ордонун ичинде да мечит, медресе болгондугу айтылат. Бул медреседе Кокондон, Самарканддан, Бухарадан келген билимдүү адамдар сабак беришкен. Темир усталары калаанын сыртында, батыш тарабында, соодагерлер түштүк тарапта жайгашкан Дербиш-Булактын үстүндө отурукташкан. Карапачылар Исфана калаасынын эң четинде, Тайлан Пулон (Кулол) жана Кашка жакта жайланышкан.

Ит жойлоп кире алгыс Исфана калаасы

түзөтүү

Исфанада эки кароол дөбө болуп, биринчиси калаанын чыгыш тарабында, экинчиси түндүк-батыш тарабында жайгашкан. Кайсы тарабынан алыстан душман көрүнсө, кароол дөбөдө турган күзөтчүлөр от жагып, түтүн чыгарып белги беришкен. Ал түтүндү көргөн ордонун (сепил) кароолчусу керней тартып белги берген (азыр да ошол кароол дөбөнүн орду бар).

Ошондо калаага жакын жүр­гөн­дөр аялын, бала-чакасын алып, сепилдин ичине кирип бекинишкен, ал эми сепилден алыста жүргөндөр тоо боорундагы арчаларды аралап кирип кетишкен. Арчалуу тоо боору эл үчүн табигый коргонуу мүмкүнчүлүгүн берген. Душман тоо аралап кирип кеткен элди таппай адашып же буктурмага кабылган, же аргасыздан бул аймакты таштап кетүүгө мажбур болгон. Эгер калааны курчоого алса, андагы эл сыртка чыкпай, азык-түлүк, суу издебей, узак убакыт (кошумча күч сырттан келгиче) ордодо жашай алган. Себеби калаа ичинде азык-түлүк кампалары болгон. Суу калаанын ичине жашыруун түрдө, карапачылар атайын колго жасаган суу түтүктөр аркылуу жердин алдынан алынып келинген. Мындан сырткары калаанын ичине ачык жол менен да 2 арык суу агып кирген. Ошондой эле ордодо, калаа ичинде кудуктар жайгаштырылган. Айтор, Исфана калаасы бекем чыңдалган, душман даай алгыс чеп болгон. Исфана хандыгынын (бектик) ээлиги ири аймакты ээлеген. Анын чек арасы батышта Ак-Суу дарыясы, түндүктө Тытты тоолору, чыгышта Лейлек дарыясы, түштүктө Мачча тоолоруна чейинки чек араны өз ичине камтыган

Шилтемелер

түзөтүү