Кең-Суу (Түп району)
Кең-Суу — Кыргызстандын Ысык-Көл облусунун Түп районундагы айыл. Каркыра айыл аймагынын курамына кирет.
Айыл
Кең-Суу
|
ААББТ коду ― 41702 225 865 03 0[2].
Географиясы
түзөтүүЫсык-Көл өрөөнүнүн түндүк-чыгышында, Түп суусунун ортоңку агымынын оң жээгинде, Түп – Каркыра автоунаа жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1760 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Түп кыштагынан 51 км түндүк-чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 222 км.
Калкы
түзөтүүжылы | 2007 | 2009 | 2020 |
---|---|---|---|
адам. | 1886 | ↗ 1922[3] | ↗ 2338[1] |
Инфратүзүмү
түзөтүүНегизинен айыл тургундары мал чарбасы менен алектенет. Айылда мектеп, китепкана, медпункт, футболдук аянтча, дүкөн бар. Спорттук иш-чараларда айылдын футбол боюнча жана көк-бөрү боюнча курама командалары "Кең-Суу" аталышы менен мелдештерге катышат. Түгөлбай Сыдыкбеков атындагы мектепте 530 окуучу билим алат. Ошондой эле Мусталий уулу Нуркожо ажы атындагы мечит бар.
Белгилүү инсандары
түзөтүү- Аман Саспаев (1929-2015) — Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, жазуучу, публицист, котормочу, полиглот, сөздүк түзүү ишинин чебери.
- Зияш Бектенов (1911-1994) — Кыргыз мамлекетинин илим тармагына салым кошкон илимпоз, тилчи, манас таануучу, педагог, филология илимдеринин кандидаты, профессор, котормочу жана Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу.
- Садыр Жапаров (төр. 1968) — Кыргыз Республикасынын президенти. Кумтөрдөгү алтын өндүрүүчү "Centerra Gold" компаниясынын элге зыяны чоң деп айтып чыкканы менен белгилүү.
- Кусеин Карасаев (1901-1998) — Советтик жана Кыргызстандык лингвист, лексикограф, педагог, адабият таануучу, фольклорист.
- Түгөлбай Сыдыкбеков (1912-1997) — Советтик жана Кыргызстандык жазуучу, Кыргыз профессионал адабиятынын патриархы, коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын туңгуч баатыры, Кыргыз ССРинин Илимдер академиясынын академиги, Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу, СССР Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты.
- Мыктыбек Мукаев (Мыкы) (төр. 1994) — Тамашоучу, актёр, алып баруучу, "Позитифф" командасынын оюнчусу, Жарайт сити долбоорунун актёру.
- Мирзат Муканов (төр. 1989) — "Санжыра" радиосунун жаңылыктар бөлүмүнүн редактору, "Өзгөчө пикир", "Биздин замандын кишилери" теледолбоорунун автору, НТС каналынын диктору, Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыкты кызматкери.
Булактар
түзөтүү- ↑ 1.0 1.1 2020 калкты каттоо. Ысык-Көл облусу. Текшерилген күнү 7 -июнь (кулжа) 2021. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.
- ↑ Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык жана аймактык бирдиктердин объектилерин белгилөө тутумунун мамлекеттик классификатору
- ↑ 2009 Population and Housing Census (орусча). The National Statistical Committee of the Kyrgyz Republic (2010). Текшерилген күнү 12 -ноябрь (жетинин айы) 2013. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9