ТҮЛӨБЕРДИ БААТЫР Жамансарт уулу (болжол менен 1758-ж. Чүй өрөөнүнүн батыш тарабындагы конуштардын биринде туулган – өлгөн жылы белгисиз) – кыргыздын белгилүү саясий ишмерлеринин бири; дипломат, элчи; солто уруусунан чыккан ири манап.

Ата Бабалары түзөтүү

Тагай бийден Богорстон. Богорстондон Эштек. Эштектен Солто. Солтодон Чаа. Чаадан Талкан. Талкандан Кошой. Кошойдон Жамансарт. Жамансарттын Жакшылык деген аялынан Түлөберди, Бөрүбай, Эсенаман. Эркебек деген аялынан Сөлпү, Саркөбөн, Мамырбай, Бает, Үмөт. Сарыкүң деген аялынан Кожобек, Солтонкелди, Нусуп, Сака, Байжигит. Жамансарттын бардыгы он үч баласы болгон. Ич-ара Жамансартты эл «Эликчи аке» деп тергеген. Бири-биринен көчүрүлбөгөн Осмонаалы Сыдыков жана Насирдин Бөөмбаевдин эмгектеринде Эсенаман 1841-ж. 85 жаш курагында каза болгону эскерилет, демек ал 1756-ж. туулган. Көпчүлүк санжырачылар Эсенамандын ысымын кыргыздардын эсен-аман Чүйгө көчүп келиши менен байланыштырат. 20-кылымда түзүлгөн СССРдин географиялык топокартасында Ашмаранын сол куймасы «Эсенаман суусу», ага жакын чоку (4040 м.) «Эсенаман тоосу» деп көрсөтүлгөн. Эсенаман Түлөберди, Бөрүбайдан кичүү болгон.

Түлөберди баатырдын алгачкы элчилиги түзөтүү

Түлөберди баатыр алгачкы элчилиги кыргыз-казак мамилесинин кескин курчуп кетишине байланыштуу болгон. 18-кылымдын орто ченинде Жуңгар хандыгы алсырап, Иленин чыгышын карай чегинген. Натыйжада Маматкул бий, Кошой бий жана Эсенкул баатырдын демилгеси менен кыргыздар Тогуз-Торо, Кетмен-Төбөдөн Чүйдү карай көчө баштаса, орус империясынан кысым көрүп жаткан Түркстан шаарынын түндүк-батышындагы казактын Орто жүз уруулары чыгыш тарапка жылып, Улуу жүз урууларын кысып кирген. Ушундай себептер менен алар Орто жүз уруулары менен кыргыздардын ортосунда кысылып калып, эки тараптан тең катуу жабыр тарткан. Алгач 1850-жылдары башында Барак султан турган казактын 5000дей колу Кочкор-Ата мазарында (азыркы Казакстан Республикасындагы Чымкент шаарынын чыгышы) кыргыздарга кол салып, бирок жеңилип калган. Мындан кийин Улуу жүз урууларынын Кара-Тоодон чыгышка карай жылышына убактылуу бөгөт коюлган. Болжол менен ошол жылдары Эсенкул баатырдын демилгеси менен Капкада (Таластын аягы) кыргыздардын курултайы өтүп, жыйынтыгында Туума бий башындагы кушчу, саруулар жана Садыр баатыр (1780-жылдары Жайыл баатыр менен бирге өлгөн) жетектеген азыраак саяк (негизинен түнкатар) уруулары Талас – Олуя-Ата; Жайыл баатыр, Момокон башындагы солтонун талкан уруусу Олуя-Атадан Мерке – Кара-Балта; Кебек бий баштаган бөлөкпайлар Кара-Балта – Ысык-Ата; андан Кеминге чейин Качыке башындагы чекир саяктар; Кеминден Илеге чейин Атаке баатыр менен Эсенкул башында турган сарыбагыштар көчүп, ата-бабалардан калган конушту коргойлу деген чечимге келишкен. Черикчи бий (туулган – өлгөн жылдары белгисиз) башында турган бугу-сарыбагыш уруулары 1760-жылдары Тогуз-Тородон Ат-Башы – Ысык-Көлгө көчкөн. 1764-ж. Орто жүз урууларына бараткан ташкенттик соодагерлердин тонолгонуна байланыштуу Абулфеиз султан Таластын аягындагы Каработо бийдин (кытай уруусу) айылын чаап, көп кишини туткунга алып кеткен. Аларга жооп катары Садыр, Жайыл баатырлар Түркстан шаарына жакын Чолок-Коргон, Сузакка жете чаба баштаган. Натыйжада кыргыз-казак мамилеси кескин курчуп чыккан. 1766-ж. Каработо бийдин уулун жана ага кошуп жети түтүн үйдү аманатка алып, мурунку туткундарды кайрып берген. 1768-ж. жаз айларында Кудайменде баатыр менен Дөөтбай тархандын жетегиндеги казактар кайрадан кыргыздарга кол салып, бирок экөө тең ошол жактан каза болгон. Мындан тышкары бул салгылашууда казактар 5000 жылкысынан кол жууган. Ушул мезгилден баштап Абылай султан (1771-жылдан хан) кыргыздарга каршы чабуулга даярдана баштаган. Кытай жана орус империяларынан жардам сурап, бир нече жолу элчи жиберген, бирок алар жардам берүүдөн баш тарткан. Абалдын минтип курчуп баратканын көргөн кыргыздар 1773-ж. июль айынан мурун тынч турууну сунуш кылып, казактарга элчисин жиберген, бирок Абылай хансыз бул маселени чече албастыгын билдирген Абулфеиз султан аларды кайра артка кайырган. Бул окуялар орус маалыматтары менен дагы бекемделет. Абылайдын тууганы, Султанмамбеттин уулу Орус султандын 1773-ж. июль айында генерал-майор Деколонгко эки жолу кат жазып, анын биринде; «Жакында кабар алдым. Абилпейис султанга тоолук кыргыздардан бүтүм кылууга элчилер келип, таттуу бололу деп, Абылпейистин бир уулун өздөрүнө хандыкка сураптыр. Бирок, Абылпейис бул маселени чече албай турганын билгизип, элчилерди кайра кайтарыптыр» деп билдирет. Мындай кабар Үмөт молдонун санжырасында да айтылат. Анда Кебек бий солтонун атынан 17 жаштагы Түлөберди баланы казактарга элчи кылып жибергени такталат. Бирок эки элдин ортосундагы кагылышуулар токтогон эмес. 1773-жылдын башында Абылай хан кайрадан Ташкентти алып, андан соң кыргыздарга кол салып, 600дөн ашык кишисин туткундап кеткен. Мындай окуялар 1774-ж. дагы кайталанган. Натыйжада кыргыздын бийлери өз уулдарын аманатка берүүгө аргасыз болот. Алымбектин санжырасында Эсенкул баатыр менен Кебек бий акылдашып, Түлөбердини баш кылып солто-сарыбагыштан 4 адам барганы белгиленет. Үмөт молдо 19 жаштагы Түлөберди Абылай, Абылпейиз, «кулаккесер» Кудаймендеде акүйлүү болуп жүрүп, балдары – Эшкожо, Канайдын ошол жактан туулганын көрсөтөт. Абылайдын алдына барганда Түлөберди баатыр казак-кыргыздын бир тууган эл экенин, кыргыздын көнө турганын айтып; «кыргыз ичинде оң-сол дейт. Оң ичинде бугу, саяк, солто, сарыбагыш, багыш дейт. Эсенкул деген баатыр адамыбыз бар жана ар уруктун өз башчылары бар. Мындан улуу сөз ошол Эсенкул баатырдан тарайт. Сол атанган эл да, ал Эсенкулдун сөзүн угат. Ошол киши баш болуп айтар, Садырга. Садыр көнөөр. Эпке көнбөсө, жообун айтаар кыргыз. Баарыбыздын ханыбыз болдуңуз» деген сөзүн айткан. Түлөбердинин сөзү Абылайга жагып, аны жөн кетирбей, белек-бечкегине кошуп, мурун туткунга түшкөн кыргыздарды бошотуп берген.

Түлөберди баатырдын үчүнчү жолку элчилиги түзөтүү

Экинчи жолку элчиликтен кайтып келгенден кийин Түлөбердинин бул ишине ыраазы болгон Эсенкул баатыр: «Абылайдын сөзүн жактырдым. Садыр тил албай, бейбаштык кылганы ырас. Казактар койсун, казак-кыргыз эсептешээр, моюнга түшсө, көптөп төлөөрбүз. Садыр койсун» деп Кебек бийди Садырга жиберген. Бирок Садыр баатыр Кебектин сөзүн укпай, Жайыл, Момокон болуп, Көшөгөнүн Көкжото деген жерди жердеген ботбай уругунун айылын чабат. Бул чабышта ботбайдын Кудайкул тукумунан чыккан Абылайдын кол башчыларынын бири каза болгон. Мындай жагдай 1780-жылдары Абылайдын Олуя-Ата – Түгүшкөн тараптан кыргыздарга кол салышына себеп болгон. Түлөбердинин Садырды качыра туралы дегенин Момокон укпай койгон. Орус архивинин маалыматтарында 1779-ж. Абылай Түркстан менен жапайы кыргыздар турган жердин орто ченине көчүп келип, же кыргыздар менен келишип, же күчкө салып багындырып келүү үчүн баласы Чынгыз султан, жакын тууганы Абулфейиз султанды аларга аттандырган. Бирок алардын жолу болбой келген. Натыйжада, Абылай өзү көп сандагы колу менен барып, кыргыздарды капысынан басып, атактуу бийлеринин балдарынан 15 үй-бүлөнү колго түшүрүп, бешөөнү өзүнө калтырып, калгандарын туугандарына бөлүштүрүп берген. «Саны алда канча көп жана жоокерчилик жөндөмү жагынан казактардан артыкчылык кылган кыргыздардын бул жеңилишинин башкы себептерин» орус бийлигине талдап берип жаткан орус тилмечи Я. Усманов биринчиден, бул чабуулдун капысынан болуп, башында эле атактуу бийлеринин балдарынын колго түшүшү; экинчиден, Абылайдын кыргыздарды амал кылып, орус жана цин империясынын бийлигинин атынан коркутуп (мисалы, Абылай өз колундагы Яков деген орус аскер качкынын согуштук аммунициясы менен кыргыздарга көрсөткөн жана Иле дарыясынын боюнда убактылуу жайгашкан циндик 500 аскерди мага жардамга келе жатат деп алдаган), жеңишке жетишкенин көргөзгөн. Кыргыздардан көп киши курман болуп, далайлары туткунга түшкөн. Үч-Алматыдан шашылыш келген Эсенкул баатыр калган кыргызды Сокулукка чогултуп, жыйын кылган. Жыйын казактар менен тынч турууну чечип, элчиликке кайрадан Түлөберди баатыр шайланган. Санжыраларда Абылайдын алдына акыркы жолу барышында жанына бир гана жолдош алып барганы айтылат. Бул жолку барышында дагы кыргыздын бийлеринин тапшырмасын так аткарып, мындан ары тынч турууга макулдашып, туткунга кеткен кыргыздардын бир тобун куткарып, кайтып келген.

Түлөберди баатырдын саясий ишмердүүлүгү түзөтүү

Түлөберди баатыр казак-кыргыз мамилесин жөнгө салып, эки элдин чек арасын тактоодо чоң роль ойногон. Үчүнчү жолку барышында чогулган казак бийлеринин алдында айтылган Абылайдын Ыргайтыны (Корготунун Чүй суусуна куйган жери) чек ара кылуу сунушуна жооп кылып: «Мунуңузду айтып барып, башчыларды алып келем, бирок, өз бетимден бир ооз сөз кошом. Сиз, Таластын суусу чек болсун дейсиз, Күйүктүн бели чек болсун, Кичи-Буурул, Чоң-Буурул тоосу чек болуп, аягы туптуура Түймөкенттен, Таластын суусун кечип, Абылкайырды (Казакстандагы Кара-Тоонун чыгыш тарабындагы жер) басып, Корготуну жээктеп, Түйүшкөнгө келип, Уландын учугун басып, Тескейге түшүп, Ыргайтыга чейин дейсиз. Менин кошоорум, кыргыздын каны көп төгүлгөнүн билесиз, ошол Чокмордон тартып Илеге чейин барып, Сарытокумдан (Иленин Балхашка куйган оң жээги) токтосун» деген оюн билдирген. Натыйжада Сарытокумдан башкасы кыргыздардын пайдасына чечилген. Түлөберди баатыр белгилеген бул чек ара Түндүк Кыргызстандын Кокон хандыгына карашы менен өз маанисин жоготкон.

Колдонулган адабияттар:
түзөтүү

  • Алымбектин санжырасы. Бишкек: 2007.
  • Казахско-русские отношение в XVI-XVIII веков (Сб. документов и материалов). А., 1961.
  • Казахско-русские отношение в XVI-XVIII веков (Сб. документов и материалов). А., 1964.
  • Цинская империя и казахские ханства. Вторая половина XVIII-первая треть XIX в. А., 1989
  • Сулейменов Р. Б. Моисеев В. А. Из истории Казакстана XVIII века. А., 1988.
  • Б. Солтоноев "Кызыл Кыргыз Тарыхы". 1 том. Бишкек, 1993.(жеткиликсиз шилтеме)
  • www.bizdin.kg/elib/makala/polit-obstan-1745-1780. Э. Турганбаев. Политическая обстановка в Северном Кыргызстане в период распада Джунгарского ханства (1745-1780 гг.).