Чирчик (шаар)
Чирчик (өзб. Chirchiq / Чирчиқ) — Өзбекстан Республикасынын Ташкент облусундагы шаар[1].
Чирчик
|
Этимология
түзөтүүШаар өз аталышын, Чирчик дарыясынын аталышынан алган.
Тарых
түзөтүүЧирчик шаарынын тарыхы 1932-жылдын 28-апрелинде СССРдин Эмгек жана коргоо кеңеши электрохимкомбинаттын (азыркы учурды бул комбинат «MAXAM-CHIRCHIQ» деп аталат[2]) жана Чирчик-Бозсу ГЭСтер каскадын куруу туралуу токтомун бекиткен учурдан башталат.
1934-жылы 27-апрелде Өзбек ССРинин Борбордук аткаруу комитеттинин Президиумунун токтому менен Чирчик шаардык кеңеши түзүлүп, 1934-жылдын 1-майында шаарды түптөө аземи болгон. Шаардын расмий түптөлгөн күнү деп 1935-жылдын 1-майы саналат[3].
География
түзөтүүШаар Өзбекстандын түндүгүндө, Ташкент облусунун ири Чирчик дарыясынын өрөөнүндө жайгашкан. Дарыянын өрөөнү тектоникалык кыймылдардан келип чыккан жана Каржантау жана Чаткал тоо кыркаларынын ортосунда жайгашкан.
Калк
түзөтүү2024-жылдын 1-январына карата алынган маалыматтарга ылайык шаардын калкыны саны 172 917 адамды түзгөн[4]. Шаарда негизинен өзбектер жашайт. Ошондой эле казактар, кыргыздар, тажиктер, орустар, украиндер, армяндар, татарлар, корейлер, еврейлер жана башка улуттар дагы бар.
Жыл | 1939 | 1977 | 1991 | 1999 | 2010 | 2014 | 2022 | 2024 |
Калкы,
миң адам |
15[5] | 131[5] | 158[6] | 146,4 | 143,6 | 149,4 | 164,8 | 172,9[4] |
Транспорт
түзөтүүШаарды негизги коомдук транспорту болуп маршруттук таксилер жана Isuzu NP37 маркасында автобустар саналат, алар 20 жакын шаардык каттамдарда иштешет.
Ташкент, Газалкент, Чарвак, Янгибазар жана башка шаарлар менен байланыштырган шаарлар аралык автобус каттамдары дагы бар.
Чирчик аркылуу Ташкент-Ходжикент темир жолунун линиясы өтөт. Шаардын өзүндө 3 темир жол станциясы («Боз-су», «Чирчик» жана «Аранчи») жана «Максам-Чирчик», «Чирчик Трансформатор заводу» ишканалары өндүргөн продукциларды башка аймактарга ташуу үчүн колдонулган 2 токтоо пункту бар.
Галерея
түзөтүү-
Ыйык Георгий чиркөөсү.
-
Шаардын борбордук аллеясы.
-
Шаардын аймагындагы Бозсу дарыясы.
-
Келес суу каналы.
-
Чирчиктеги ири өнөр жай комплекстери.
Булактар
түзөтүү- ↑ Города и районы Ташкентского района
- ↑ MAXAM-CHIRCHIQ заводдунун тарыхы.
- ↑ Гид по Узбекситану. Город Чирчик
- ↑ 4.0 4.1 Население Чирчика 2024
- ↑ 5.0 5.1 БСЭ. Чирчик
- ↑ «Современный толковый словарь» изд. «Большая Советская Энциклопедия», 1997 г.