Слоуакия, Слова́кия (словак. Slovensko), расмий аталышы — Слоуак Респу́бликасы (слоуак. Slovenská republika) — Борбордук Европадагы мамлекет.

Слоуак Республикасы
Flag of Slovakia.svg

Coat of arms of Slovakia.svg

Негизги маалыматОңдоо

Калкы 5,4 млн киши (2001-жылкы эл каттоо). Аянты — 48 845 км2. Калкынын саны боюнча дүйнөдө 112- орунда, аянты боюнча 127-орунда. Борбор шаары — Братислава. Мамлекеттик тили — словак тили.

 
Слоуакиянын жайгашуун картасы.

Унитардуу мамлекет, парламенттик республика. 2014-жылдын августунан бери ажосу Андрей Киска, премьер-министри — Роберт Фицо. 8 крайга бөлүнөт.

Жауропанын чордонунда жайгашкан. Континенталдык мамлекет, деңизге чыгуу жолу жок. Кургактыктан Украина, Полша, Чехия, Австрия жана Мажарстан менен чектешет.

Көпчүлүгү (калкынын 70 % жакыны) католицизм динин карманышат.

Экономикасы ыкчам өнүгүүдөгү өнөр жайлуу өлкө. ИДПнын көлөмү 2011 жылы 127,111 млрд АКШ долларын түзгөн (калктын жан башына 23 384 АКШ долларына жакын). Акча бирдиги — евро.

1993-жылы 1-январда эгемендүүлүк алган. Өтмүштө өлкөнүн аймагы көптөгөн дөөлөттөрдүн аймагында болуп келген. Мамлекеттик калыптанышы VII кылымдагы Само мамлекетинен башталып, XX к. Чехословакия чейин уланды. 2-дүйнөлүк согуш кезинде Үчүнчү рейхке көз каранды Словак мамлекети болуп, 1945-жылы кайра Чехословакия болгон.