Кыргызстан 2020 жайкы Олимпиада оюндарында

Кыргызстан 2020 жайкы Олимпиада оюндарына спорттун 7 түрү боюнча 16 спортчусу менен катышат[1]. Кыргызстан эгемен тарыхында жетинчи жолу олимпиада оюндарына катышуусу.

Туусу, оюндарда колдонулат
ЭОК коду:KGZ
УОК:Кыргызстан улуттук олимпиада комитети
Токиодогу Олимпиада оюндары
Спортчулар 16  спортчу 7 спорттун түрү боюнча
Медалдар Алтын Күмүш Коло Баардыгы

Оруну: 70


0


2


1


3
Жайкы олимпиада оюндарынын катышуучусу
1996  • 2000  • 2004  • 2008 • 2012  • 2016  • 2020  • 2024
Кышкы Олимпиада оюндарынын катышуучусу
1994  • 1998  • 2002  • 2006 • 2010  • 2014  • 2018  • 2022
О. эле

Жайкы Олимпиада оюндары 2020-жылы 24-июлдан 9-августка чейин Жапониянын Токио шаарында өтүшү керек эле, бирок Эл аралык олимпиада комитети COVID-19 пандемиясынан улам 2021-жылга жылдырган[2]. Олимпиада оюндары 23-июлдан 8-августка чейин Токио шаарында өтөт.

Олимпиаданын ачылыш аземинде өлкөнүн туусун ок атуу боюнча спортчу Каныкей Кубанычбекова менен суучул Денис Петрашов көтөрүп чыккан[3]. Эл аралык олимпиада комитети гендердик теңчиликти сактоо үчүн мындан кийин тууну эркек менен аял бирге көтөрүп чыксын деген чечимди кабыл алган[4].

2021-жылы, 15-июлда тууну Кыргызстандан Олимпиадага алгачкы жолу лицензия алган спортчу, грек-рим күрөшүнүн балбаны Атабек Азисбеков көтөрүп өтө турганы маалым болгон[5]. Ага министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Кыргыз Республикасынын желегин тапшырган. Бирок Олимпиададагы күрөш боюнча курамдын мелдеши 1-августта башталып, спортчулар 28-июлда баргандыгына байланыштуу туу көтөрүү милдетин башка спортчуларга өткөрүлүп берилген.

Катышуучу курамдар түзөтүү

Кыргызстан улуттук курамынан 16 спортчу барат[6]. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматы 2021-жылы 15-июлда билдирген.

Жеңил атлетика боюнча спортчу Юлия Андреева жаракат алып калганына байланыштуу ири мелдешке катышуудан баш тарткан. Мария Коробицкая олимпиадалык нормативди аткарбагандыктан мелдештен четтетилген.

Кыргызстан командасынын курамында грек-рим күрөшүнүн балбандары Жоламан Шаршенбеков (60 килограмм), Акжол Махмудов (77 килограмм), Атабек Азисбеков (87 килограмм) жана Үзүр Жусупбеков (97 килограмм).Эркин күрөш чеберлеринен Эрназар Акматалиев (65 килограмм) менен Айаал Лазарев (125 килограмм).Аялдар күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова (62 килограмм), Мээрим Жуманазарова (68 килограмм) жана Айпери Медет кызы (76 килограмм.

Дзюдо боюнча Владимир Золоев (81 килограмм), оор атлетикадан Бакдөөлөт Расулбеков (94 килограмм), фехтование спортунан Роман Петров, ок атуу спортунан Каныкей Кубанычбекова жана сууда сүзүү боюнча Денис Петрашов.Жеңил атлетикадан Дария Маслова (марафон, 42 чакырым) жана Нурсултан Кеңешбеков (5 000 метр).

Медалдар түзөтүү

Медалчылар түзөтүү

Медаль Спортчулар Спорттун түрү Спорттун багыты Датасы Күнү
Күмүш
1   Акжол Махмудов Күрөш   (грек-рим күрөшү, 77 кг) 3-август 11-күнү
2   Айсулуу Тыныбекова Күрөш   (эркин күрөш, 62 кг) 4-август 12-күнү
Коло
1   Мээрим Жуманазарова Күрөш   (эркин күрөш, 68кг) 3-август 11-күнү

Дзюдо түзөтүү

Спортчу Владимир Золоев 2018-жылдан тарта 12 турнирге катышып, жалпы 2 380 упай топтоп, натыйжада 2021-жылы 21-июнда жолдомо алуу мүмкүнчүлүгү жаралган[7].

Спортчу Категориясы 1/32 финал 1/16 финал 1/8 финал Чейрек финал Жарымфинал Финал Оруну
Атаандашы
Жыйынтыгы
Атаандашы
Жыйынтыгы
Атаандашы
Жыйынтыгы
Атаандашы
Жыйынтыгы
Атаандашы
Жыйынтыгы
Атаандашы
Жыйынтыгы
Владимир Золоев — 81 кг катышкан эмес

  А. Хубецов
(ROC)
У 003—101

Алдыга жылган эмес

27-июлда Кыргызстан убактысы боюнча саат 8:32де 81 килограммга чейинки салмактагы мелдеште Владимир Золоев алгачкы жүрүшүн 1/16 финалда баштап, анда Орусиялык Алан Хубецов менен кез келген. Золоев беттеште автоматтык түрдө иппонго айланган 3-эскертүүнү алгандыгына байланыштуу калыс жеңишти Хубецовго ыйгарган[8]. Кармашуунун узактыгы 4 мүнөт 48 секунд.

Жеңил атлетика түзөтүү

2019-жылы 1-декабрда Дарья Маслова Валенсия (Испания) шаарында өткөн эл аралык лицензиялык марафонго катышып, 2 саат 28 мүнөт 19 секунд убакытта марага жеткен. Мелеште олимпиадалык норматив 2 саат 29 мүнөт 30 секундду түзөт[9].

Спортчулар Аралыгы Биринчи раунд Финал
Чуркоо Убактысы Оруну Убактысы Оруну
Нурсултан Кеңешбеков 5000 м 1 14:07.79 18 Алдыга жылган эмес
Дарья Маслова Марафон 42 чакырым ж/э 2:35:35 36

Күрөш түзөтүү

Эркектер

Грек-рим күрөшү

Атабек Азисбеков Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда Токио-2020 Олимпиадасына жолдомо жеңип алган. Ал грек-рим күрөшү боюнча 87 килограммга чейинки салмакта күрөшүп, 5-орунга татыган.

Спортчулар Категориясы 1/8 финал Чейрек финал Жарым финал Жубатуучу раунд Финал Оруну
Адаандашы
Жыйынтыгы
Атаандашы
Жыйынтыгы
Атаандашы
Жыйынтыгы
Атаандашы
Жыйынтыгы
Атаандашы
Жыйынтыгы
Жоламан Шаршенбеков — 60 кг

  М. Айнагулов
(KAZ)
Ж 8—0

  В. Чобану
(MDA)
У 0—9

Алдыга жылган эмес 9
Акжол Махмудов — 77 кг

  Л. Маафи
(TUN)
Ж 11—0

  Р. Р. Гусейнов
(AZE)
Ж 9—1

  К. Чалян
(ARM)
Ж 6—2

ж/э

  Т. Лёринц
(HUN)
У 1—2

 
Атабек Азисбеков — 87 кг

  В. Лёринц
(HUN)
У 1—6

Алдыга жылган эмес

  Д. Кудла
(GER)
У 2—10

Алдыга жылган эмес 10
Үзүр Жусупбеков — 97 кг

  А. Алексанян
(ARM)
У 1—4

Алдыга жылган эмес

  А. Саволайнен
(FIN)
У 1—4

Алдыга жылган эмес 7

Эркектер

Эркин күрөш

2021-жылы 4-июлда Бириккен күрөш уюму Болгариянын София шаарында өткөн турнирде Индиялык спортчу Сумит Малик допингге каршы эрежелерди бузганына байланыштуу андан кийинки орунда турган Айаал Лазаревге жолдомо берилген[10].

Спортчулар Категориясы 1/8 финал Чейрек финал Жарым финал Жубатуучу раунд Финал Оруну
Адаандашы
Жыйынтыгы
Атаандашы
Жыйынтыгы
Атаандашы
Жыйынтыгы
Атаандашы
Жыйынтыгы
Атаандашы
Жыйынтыгы
Эрназар Акматалиев — 65 кг

  Б. Пуния
(IND)
У 3—3

Алдыга жылган эмес 10
Айаал Лазарев — 125 кг

  Г. Стивесон
(USA)
У 0—10

Алдыга жылган эмес

  Т. Акгүл
(TUR)
У 0—4

Алдыга жылган эмес 7

Аялдар

Эркин күрөш

Казакстандын Алмата шаарында өткөн күрөш боюнча лицензиялык мелдештен.

76 кг салмакта күрөшкөн Айпери Медет кызы Корея, Өзбекстан, Индия жана Монголия өлкөсүнүн балбандарын мөөнөтүнөн мурда жеңип, турнирдин чемпиону болгон.

68 кг салмакта күрөшкөн Мээрим Жуманазарова алгачкы беттешин кытайлык Жу Фенгге 5:7 эсебинде утулуп, экинчи атаандашын 10:3 эсебинде жеңген. Финалдык баскычта индиялык спортчуну 13:3 эсебинде жеңип финалга чыгуу менен Олимпиада оюндарына жолдомо алган.

Лицензиялык мелдеште балбан финалга жете турган болсо, автоматтык түрдө Олимпиадага жолдомо алат.

Спортчулар Категориясы 1/8 финал Чейрек финал Жарым финал Жубатуучу раунд Финал Оруну
Адаандашы
Жыйынтыгы
Атаандашы
Жыйынтыгы
Атаандашы
Жыйынтыгы
Атаандашы
Жыйынтыгы
Атаандашы
Жыйынтыгы
Айсулуу Тыныбекова — 62 кг

  А. Григорьева
(LAT)
Ж 8—0

  К. Инце
(ROU)
Ж 6F—0

  И. Коляденко
(UKR)
Ж 10—0

ж/э

  Ю. Каваи
(JPN)
У 3—4

 
Мээрим Жуманазарова — 68 кг

  М. Христова
(BUL)
Ж 7—5

  Б. Оборудуду
(NGR)
У 2—3

Алдыга жылган эмес

  Э. Маналова
(AZE)
Ж 4—1

  С. Батцэцэг
(MGL)
Ж 10F—1

 
Айпери Медет кызы — 76 кг

  Э. Сыдыкова
(KAZ)
Ж 8—1

  Н. Воробьёва
(ROC)
Ж} 12—0

  А. Грей
(USA) У
2—3

ж/э

  Я. Адар
(TUR)
У 0—4F

5

Оор атлетика түзөтүү

Бакдөөлөт Расулбеков 96 килограмм салмакта дүйнөдөгү 10 мыкты оор атлетчинин катарына кирип, Олимпиадага жолдомо алган.

Спортчу Категориясы Жулкуп Түртүп Баардыгы Оруну
Жыйынтыгы Оруну Жыйынтыгы Оруну
Бакдөөлөт Расулбеков — 96 кг 166 8 208 5 374 6

Бакдөөлөт Расулбеков 31-июлда саат 16:50 дө (UTC+6) 96 килограммга чейинки салмакта катышып, штанганы жулкуп көтөрүүнүн натыйжасында 8-орунду алган. Биринчи аракетинде 162 килограмм штанганы көтөрүп, экинчисинде 166 килограммды көтөрө албай, бирок үчүнчү аракетинде жакшы натыйжа көрсөткөн. Ал эми түртүп көтөрүүдө 200 килограмм менен ийгиликтүү баштап. Экинчи аракетинде 208 килограмм көтөргөн. Үчүнчү аракетинде 216 килограммдык штанганы көтөрө албай калган. Бардык аракеттерди кошуп эсептөөнүн (374 кг.) жыйынтыгында спортчу 14 спортчунун ичинен 6-орунду ээлеген.

Ок атуу түзөтүү

Аялдар арасында 10 метрден пневматикал ык мылтыктан ок атуу боюнча оффлайн жана онлайн түрүндө өткөн ВП-6 көнүгүүлөрдүн эл аралык таймашынын жыйынтыгында белгилүү болгон.Ал лицензия алууга квалификациялык чакан стандарттарды (MQS), Казакстан, Индия, Кувейт, Азербайжандагы мелдештердеги рейтингде ортодон жогорку жыйынтык көрсөтүп, Олимпиадага жолдомо алган[11].

Спортчу Мелдеш Квалификация Финал
Жыйынтыгы Оруну Аталышы
Жыйынтыгы
Оруну
Каныкей Кубанычбекова пневматикалык мылтык,10 м 612.8 48 Алдыга жылган эмес
Датасы Квалификация Оруну 1 2 3 4 5 6 Жыйынтыгы
24-июль 1-күн 48 103.4 101.0 103.0 102.5 101.1 101.8 612.8

Каныкей Кубанычбекова мелдешке 24-июлда Кыргызстан убактысы менен 05:30 (UTC+6) катышып, жалпысынан 612,8 упай топтогон, бирок алдыңкы сегиздикке кире албай калган, ал үчүн ага 16 упай жеткен эмес. Мелдешке жалпысынан 50 спортчу катышып, Каныкей 48 орунду ээлеген[12].

Сууда сүзүү түзөтүү

Эркектер

Түштүк Кореянын Кванжу шаарында сууда сүзүү боюнча XVIII Дүйнө чемпиондугу өтүп, анда Денис Петрашов брасс стилинде 100 метр аралыкка жарышка чыгып, 87 спортчунун ичинен 28-орунду ээлеген. Анын көрсөткүчү 1 мүнөт 0,94 секундду түзүп, өлкөнүн рекордун жаңыланган. Өлкөнүн буга чейинки 1 мүнөт 1,34 секунддук рекорду да Петрашовго таандык болгон. 2019-жылы 21-июлда, Денис Петрашовго 2020-жылы өтүүчү жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо берилген. Аталган лицензия жайкы Олимпиада оюндарына катышууга берилген укук, Кыргызстан үчүн эң алгачкысы болуп эсептелет.

Спортчу Аралыгы Чейрек финал Жарым финал Финал
Сүзгөнү Убактысы Оруну Сүзгөнү Убактысы Оруну Убактысы Оруну
Денис Петрашов 100 м брасс 4 жолу 1:00.23   (NR) 27 Алдыга жылган эмес
200 м брасс 2-жолу 2:10.07 16 Алдыга жылган эмес
  • 24-июлда Денис Петрашов 100 метр аралыкты брасс стилинде сууда сүзүүдө 1 мүнөт 23 миллисекундада сүзүп өтүп, 8 спортчунун ичинен 3-орунда келген. Бирок бул аралыкта жарым финалга эң жакшы убактысы бар 16 спортчу чыккан. Муну менен 100 метр аралыкта брасс стилинде сүзүүнүн жарым финалына өтпөй калган, ушул аралыкта катышкан 49 спортчунун ичинен 27-орунду ээлеген.
  • 27-июлда саат 16:42де (UTC+6) 200 метр аралыкты брасс стилинде сууда сүзүүдө 2 мүнөт 10 секунд 7 миллисекундада сүзүп өтүп, 8 спортчунун ичинен 1-орунда келген. Бирок бул аралыкта жарым финалга эң жакшы убактысы бар 16 спортчу чыккан. 40 спортчунун ичинен 18-орунду ээлеген.

Фехтование түзөтүү

2021-жылы 25-апрелде фехтование боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасынын мүчөсү Роман Петров Өзбекстандын Ташкент шаарында өткөн Азия-Тынч океан квалификациялык мелдешине катышып[13]. Мелдеште спортчу 1-орунду ээлеп, Олимпиада оюндарына лицензия алган[14].

Спортчу Мелдеш 1/32 финал 1/16 финал 1/8 финал Чейрек финал Жарым финал Финал Оруну
Атаандашы
Жыйынтыгы
Атаандашы
Жыйынтыгы
Атаандашы
Жыйынтыгы
Атаандашы
Жыйынтыгы
Атаандашы
Жыйынтыгы
Атаандашы
Жыйынтыгы
Роман Петров (7)

  С. Ма
(KOR)
Ж 15–7

  М. Ямада
(JPN)
У 13–15

Алдыга жылган эмес 32

25-июлда саат 6:30да (UTC+6) Роман Петров Олимпиададагы алгачкы жүрүшүн 1/32 финалда баштап, анда Түштүк Кореялык Сегеон Ма аттуу спортчу менен кез келип, атаандашын 15:7 эсебинде жеңген, 10:10до (UTC+6) 1/16 финалда Жапониялык спортчу Ямада Масаруну менен кез келип, атаандашына 13:15 эсебинде утулуп калган. Жыйынтыгында 32-орунду ээлеген.

Кошмча маалыматтар түзөтүү

Олимпиададан алтын уткандарга 10 миллион, күмүшкө 7 миллион, коло байге үчүн 5 миллион сом берилерин Улукбек Марипов 2021-жылы 15-июлда билдирген.

Ал эми башкы машыктыруучусуна спорчтуга берилген сый акынын 30 пайызына, улук жана жеке машыктыруучусуна 25 пайызына барабар суммада төлөнөт. Биринчи машыктыруучусу менен дарыгерине 10 пайыз өлчөмүндө сый акы берилет.

Дагы караңыз түзөтүү

Эскермелер түзөтүү

  1. Токиодогу Олимпиада оюндарына 16 кыргыз спортчусу барат. Kloop.asia. Текшерилген күнү 19 -июль (теке) 2021. Түп булактан архивделген күнү 18 -июль (теке) 2021.
  2. Joint Statement from the International Olympic Committee and the Tokyo 2020 Organising Committee, Olympics (24 March 2020).
  3. Олимпиада: Кыргыз желегин К.Кубанычбекова менен Д.Петрашов көтөрүп чыгат. barakelde.org. Текшерилген күнү 8 -июль (теке) 2021.
  4. МОК: на ОИ-2020 в Токио каждая сборная сможет заявить двух знаменосцев (орусча). «Р-Спорт» (4 -март (жалган куран) 2020).
  5. Жайкы Олимпиада оюндарында Кыргыздын желегин балбан Атабек Азисбеков көтөрүп чыгат. Super.kg. Текшерилген күнү 8 -июль (теке) 2021.
  6. Токио Олимпиадасына Кыргызстандан 16 спортчу барат. Акыркы тизме. Sputnik.kg. Текшерилген күнү 19 -июль (теке) 2021.
  7. Дзюдочу Владимир Золоев Олимпиада оюндарына жолдомо утту. Sputnik.kg. Текшерилген күнү 19 -июль (теке) 2021.
  8. Российский дзюдоист Алан Хубецов выиграл стартовую схватку на Олимпиаде (орусча). «Риа Новости-Спорт» (27 -июль (теке) 2021).
  9. Дагы бир лицензия! Дарья Маслова Токио-2020 Олимпиадасына жолдомо утту. Super.kg. Текшерилген күнү 19 -июль (теке) 2021.
  10. Айаал Лазарев получил официальное приглашение на Олимпиаду в Токио. Спорт Якутии. Текшерилген күнү 19 -июль (теке) 2021.  (орусча)
  11. Каныкей Кубанычбекова завоевала лицензию на Олимпиаду в Токио. КТРК. Текшерилген күнү 19 -июль (теке) 2021. Түп булактан архивделген күнү 23 -июль (теке) 2021.  (орусча)
  12. Олимпиада в Токио. Каныкей Кубанычбекова заняла 48-е место по пулевой стрельбе. 24.kg. Текшерилген күнү 24 -июль (теке) 2021.
  13. Fencing Zonal Qualifying Event for Asia-Oceania Finishes in Tashkent, International Fencing Federation (26 апрель 2021).
  14. Фехтование боюнча спортчу Роман Петров Олимпиада оюндарына жолдомо алды. Sputnik.kg. Текшерилген күнү 26 Апрель 2021.

Шилтемелер түзөтүү