Кыргыз Мамлекеттик Курулуш, Транспорт жана Архитектура университети

Насирдин Исанов атындагы Кыргыз Мамлекеттик Курулуш, Транспорт жана Архитектура университети (КМКТАУ) - архитектура, курулуш, экономика, транспорт, экология, компьютердик жаңылануу технологиялары, жана чоң илимий борбор областынын жогорку жана профессионалдык системасындагы базалык жогорку окуу жайы болуп эсептелинет.

Кыргыз Мамлекеттик Курулуш, Транспорт жана Архитектура университети
Кыргыз Мамлекеттик Курулуш, Транспорт жана Архитектура университети
Жалпы маалымат
Эл аралык аталышы: Kyrgyz State University of Construction, Transport and Architecture n.a. N. Isanov (KSUCTA)
Девиз Хочешь быть трудоспособным всегда,
тогда поступай в университет УСТА!
Түптөлгөн жылы: 1992 жылы Бугу айынын 4дө
Тиби: Мамлекеттик
Ректор: Абдыкалыков Акымбек Абдыкалыкович
Студенттер: 14 000
Чет элдик студенттер:
Бакалавриат:
Окутуучулар:
Жайгашкан жери: Бишкек
Дареги: ул. Малдыбаева 34 «б»
Сайт: http://www.ksucta.kg/ Archived 2012-04-14 at the Wayback Machine

КМКТАУ 7 институтту, 5 факультетти,3 колледж жана 1 училищени өзүнө камтыйт. Университтте 14 000 ашык студенттер бакалавриат жана магистратура программалары менен окушат.

Университетте 46 тармак боюнча эмгектенген адистер иштейт жана 11 миңге жакын студент окуйт.

Университеттин коллективинде 600 ашык окутуучу иштейт алардын арасында алдыңкы жана Кыргызстандын беделдүү окумуштуулары, Эл аралык академия академиктери, илимдин докторлору, профессорлор, мамлекеттик жана эл аралык сыйлыктын лауреаттары, илимдин жана билим берүүнүн эмгек сиңирген ишмерлери, маданияттын жана илим кандидаттары.

Университттетин тарыхы жана өнүгүү жолу түзөтүү

Насирдин Исанов атындагы Кыргыз Мамлекеттик Курулуш, Транспорт жана Архитектура университети (КМКТАУ) 1992 жылы Бугу айынын 4дө, Кыргыз архитектура-курулуш институтунун базасында түзүлгөн, өз кезегинде Фрунзе политехникалык институтунун архитектуралык жана инженердик-курулуш факультетинин базасында түзүлгөн(ФПИ 1954 жылы түзүлгөн). 1998 жылдын Үчтүн айында Кыргыз архитектура-курулуш институту, Кыргыз Мамлекеттик Курулуш, Транспорт жана Архитектура университети болуп кайра түзүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен 2008 жылдын Тогуздун айынын 17 синде университетке эгемендүү Кыргызстандын биринчи премьер-министри Насирдин Исановдун ысымы ыйгарылган. Кадрларды даярдоо боюнча ийгиликтери үчүн, Кыргызстандын алдыңкы массалык маалымат каражаттары тарабынан КМКТАУнин ректору Азиянын мыкты ректор наамын ыйгарышкан, а университет Кыргызстандын 2007 жана 2008 жылдары Кыргызстандын мыкты ЖОЖУ, 2010 жылы болсо Борбордук Азиянын мыкты ЖОЖу болгон.

Өлкөнүн алдыңкы ЖОЖу эсептелингендей, университет динамикалуу өнүгүп жатат, заманбап материалдык-техникалык жана маалыматтык базасы, бириккен жана иштегенге жөндөмдүү профессорлук-окутуучулар курамы бар.

Бүгүнкү күндө университеттине бийлиги бири бири менен активдүү бирге иштешкен команданы тартуулайт, алар өз учурунда инициативдүү адамдардан куралган, жаңыланууга жана өз кесибинин кубаттуу професионалдары. 2005 жылдын Чын Куран айынын 1нен баштап жана Университеттин жалпы коллективинин активдүү иштеши, Университет жетишкенкендиктерине өбөлгө болду, баардык жетишкендиктер ректоратта алдын ала эле кабыл алынган чечимдери менен белгилүү болгон.

Көп жылдык улуттук салтты улантып Инженер-техникалык кадрларрды даярдоо боюнча курулуш архитектура, экономика, мененджмент, экология, транспорт, жаңылануу жана маалыматтык технологиялар областында университет өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө көрүнүктүү салым кошуп атат.

КМШ ичиндеги Эл аралык курулуш ЖОЖ ассоциацисынын активдүү мүчөсү болуп, Бажы союзунун Бийликтер аралык келишим жана Биргеликтүү экономикалык мейкиндиктин негизиндеги гармониялашкан билим берүү стандарттар менен, окуу планы жана программалар, Болон келишиминин негизинде жогоркуквалификациялуу кадрларды даярдап атат. Окутуу 6 институттун жана 4 факультеттин 44 кафедрасында 64 адистик боюнча жана 18 багытто жолу менен өтүлүп жатат.

Униврситеттин өзгөчөлүктөрү түзөтүү

Университетте заманбап лабораторияалар жана IT- технологиялар борборлору, геомаалыматтык система, геодезия, айлана чөйрө табиятын коргоо борборлору ачлган.


КМКТАУ-нун мүчөлүгү түзөтүү

  • КМШнын улуттар аралык курулуш ассоциация ЖОЖдорунун жана анын башкармалыгы(20 жылдан ашык);
  • Евразия-тынчокеандык UNINET университеттер тармагы;
  • Шанхай организациясынын мүчөлүгүнө кирген мамлекеттердин университттер тармагы;
  • Эл аралык Курулуш мектептеринин ассоциациасы;
  • Европалык архитектура мектептеринин коомдоштугу;
  • «EdNET Билим берүү мекемелеринин» ассоциациасы;


Европа университеттеринин улуу Хартиясына кабыл алынышы түзөтүү

 
Университеттин алдыңкы жагы

2011 жылы Насирдин Исанов атындагы Кыргыз Мамлекеттик Курулуш, Транспорт жана Архитектура университети (КМКТАУ) Европа университеттеринин улуу Хартиясына кабыл алынган

Кыргызстан боюнча эң биринчилерден болуп Кыргыз-Герман информатика факультетинин бакалаврларды даярдоо боюнча багытында КМКТАУ университети Германиялык аккредитациялоочу агентсвосунан инженерия боюнча жогорку билим, информатика жана табигый - техникалык билимдер(ASIN) багытында аккредитациядан өткөн.

Институттар жана факультеттер түзөтүү

  • Архитектура жана дизайн институту;
  • Курулуш, экономика жана менеджмент институту;
  • Экология жана электрүнөмдөө институту;
  • Транспорт жана коммуникация институту;
  • Жаңылануу(Инновациялык) кесиптер институту;
  • Жаңы информацияык технологиялар институту;

КМКТАУ-нун курамында түзөтүү

  • С.А.Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм училище;
  • Бишкектик архитектура - курулуш колледжи;
  • Ысык-Көлдүк өндүрүштүк колледж;
  • КМКТАУ адындагы Балыкчыдагы колледжи;

Дагы кара түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү

Эскертмелер түзөтүү

</references>


Китептен алынган маалыматтар
Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети КМКТАУнун тарыхы 1954-ж. 24–августта Фрунзе политехникалык институтунун негизделишинен башталат. 1992-ж. 4–майда Бишкек политехникалык институтунун архитектура­курулуш факультетинин базасында Кыргыз архитектура-курулуш институту түзүлүп, ал 1998-ж. Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети болуп уюштурулду. Университеттин курамында 4 колледж, 2 лицей бар. Университетте 46 тармак боюнча эмгектенген адистер иштейт жана 11 миңге жакын студент окуйт. Азыркы учурда университетте 403 окутуучу, анын ичинде докторлору жана профессорлору, 144 илимдин кандидаттары эмгектенет. Окуу жайды техникалык илимдердин доктору, профессор, Улуттук илимдер академиясынын корреспондент мүчөсү, Кыргыз Республикасынын Инженердик академиясынын академиги Жумабек Тентиевич Тентиев жетектейт. Университет өз алдынча жогорку окуу жайы катары бөлүнүп чыккан күндөн баштап өлкөбүздөгү билим берүү тармагында реформалардын нугунда өнүгүп келе жатат. Университеттин коллективи билим берүү мейкиндигинде интеграция жолунда окутуу менен КМШ өлкөлөрүндөгү архитектура-курулуш боюнча жогорку окуу жайларынын арасында айрым параметрлери боюнча орчундуу орунду ээлейт. Университеттин бирдиктүү чыгармачыл коллективи Фрунзе политехникалык институтунун, Бишкек архитектура-курулуш колледжинин, Бишкектеги К. Көлбаев атындагы автомобиль-жол колледжинин, С. А. Чуйков атындагы мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайларынын салтка айланган иштерин чыгармачылык менен улантууда. КМКТАУда улуттук архитектура жана дизайн мектеби, 7 институт, кыргыз-араб факультети иштейт. Улуттук архитектура жана дизайн мектеби 1965-ж. архитектура кафедрасында архитектура адистигине биринчилерден болуп 25 адам кабыл алынган. Бул кафедранын базасында 1970-ж. архитектура факультети, ал эми 2001-ж. улуттук архитектура жана дизайн мектеби (институту) түзүлгөн. Бул институтта чыгыш архитектурасы, шаар куруу, ландшафттык архитектура жана дизайн, архитектуралык чөйрөнүн дизайны, реставрация, текстиль жана жеңил өнөр жай буюмдарын көркөм долборлоо, көркөм кол өнөрчүлүк, сүрөт, живопись жана скульпторлук, көркөм искусствонун теориясы жана тарых, сызма геометрия жана курулуш графикасы, Архитектоника кафедралары иштейт. Улуттук архитектура жана дизайн мектеби, архитектура, архитектуралык чөйрөнүн дизайны, архитектуралык мурастардын реставрациясы жана реконструкциясы, костюмду көркөм долборлоо, көркөм кол өнөрчүлүк жана элдик өнөр, живопись, сүрөт искусствосунун теориясы жана тарыхы адистиктери боюнча адистерди даярдайт. КМШдагы 56 архитектуралык институттар менен факультеттердин ичинен Кыргыз архитектура мектеби Москва мамлекеттик архитектура академиясынан кийинки мыкты деп эсептелинген бешөөнүн бири болуп саналат. Архитектуралык чөйрөнүн дизайнын өз кесиби кылып алгысы келген жаштар үчүн эң кызыктуу чөйрөлөр: ички жасалга (интерьер) дизайны, шаар мейкиндигинин дизайны, ландшафттык дизайн бар жана ошондой эле жасалга-колдонмо көркөм искусствосу менен элдик өнөргө байланыштуу жаңы бөлүмдөр ачылган. Алар керамика боюнча сүрөтчү, айнек боюнча сүрөтчү, кездемелер боюнча сүрөтчү, буюмдарды көркөм долбоорлоо жана кийимдерди моделдештирүү сүрөтчүлөрүн даярдайт. Акыркы жылдары институттун башка архитектуралык жана дизайнердик илимий-изилдөө борбору менен болгон эл аралык байланыштары өсүүдө. Кыргыз архитектуралык мектебинин, архитектуралык мектептердин EAAE, ACSA ассоциацияларынын эл аралык уюмдарына КМКТАУ мүчө болуп кирген. Бул мезгилде Кыргыз архитектура факультети жыл сайын өтүүчү архитектуралык мектептердин педагогдор Ассоциациясынын эл аралык кароо-конкурсуна дипломдук иштер боюнча 30 жылдан бери катышып (1971-ж-дан баштап), «Гран-при» сыйлыгынын, 1–даражадагы 49 дипломду жана I, III даражадагы 14 дипломду жеңип алды. КМКТАУ-КМШдагы 180 архитектура-курулуш жогорку окуу жайларынын ассоциациясынын тең укуктуу мүчөсү.