Сыны
Сыны — Кыргызстандын Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы айыл. Кара-Жыгач айыл аймагына кирет.
Айыл | |
Сыны | |
Өлкө |
Кыргызстан |
---|---|
Облус |
Жалал-Абад облусу |
If: |
Аксы району |
If:Айыл аймагыАйыл аймагы |
Кара-Жыгач айыл аймагы (Аксы району)|Кара-Жыгач |
Ички бөлүнүшү |
Кара-Ой, Өрүктү, Долоно, Көк-Тоңду, Чолок-арык, Бурана, Иригоо |
Тарыхы жана Географиясы | |
Негизделген күнү |
1930 |
Биринчи белгиленген |
1930 |
Бийиктиктиги |
1200 |
Климатынын түрү |
кескин континенталдуу |
Калкы | |
Расмий тили |
Кыргыз тили |
Калкынын саны | |
Жыштыгы |
адам/км2 |
Улуттук курамы | |
Диний курамы |
Ислам |
Этнохроним |
Сынылык, Сынылыктар |
Сандык идентификаторлор | |
Убакыт аралыгы |
+6 |
Телефон коду |
+996 |
Почта индекси |
720606 |
Автоунаа коду |
D, 04 |
ААББТ коду — 41703 211 832 03 0 [2].
Тарыхы түзөтүү
Элдик уламыштар боюнча сынчылар жана акындар айылдарды кыдырып, ар айылдын кооздугуна, жайгашкан жерине карашып ырдап, ошол эле учурда айылдарга жаңы аталышын ойлоп табышкан. Бул жердеги конушка келээр замат, таң калып карашып, колдоруна комузун алышып сындап ырдап калышат. Арадан 5 саат өтсө да эмнегедир сынчылар ал жерге ылайыктуу ат таппай кыйналышат. Жайгашкан жерине карата эч кандай ат таппай коюшат, акыркы кеңешип сында сындап бүтчүдөй эмес, жер кыдырдык эл кыдырдык, ар бир конуштун аталышын жайгашкан жерине карата ат койдук, "Сыны" - деген аталыш берели деп, ушундай аталышка токтошкон. Конуштун аталышын "сынчылар койгон" - деген ишеним, жергиликтүү жашоочулар арасында кеңири тараган.
Географиясы жана Инфраструктурасы түзөтүү
Айылда 7 участок (конуш) 30 дан ашык көчө аталыштары бар. Уасткалардын аталышы: Кара-Ой, Өрүктү, Долоно, Көк-Тоңду, Чолок-арык, Бурана, Иригоо. Ал эми айылда жалгыз гана мектеп бар, ал 1996-жылы 365 окучууга ылайыкталып салынган, азыркы учурда 650дөн ашык окуучу билим алат жана 40тай мугалим эмгектенет. Мектептин түзүлүшүнө 1 буфет, 1 спорт зал 2 корпус 1 караул кана камтылат. Ошондой эле айылда 3 дүкөн активдүү иштейт.
Калкы түзөтүү
жылы | 2009 | 2020 |
---|---|---|
адам. | ↗ 2274[3] | ↗ 2337[1] |
Булактар түзөтүү
- ↑ 1.0 1.1 2020 калкты каттоо. Жалал-Абад облусу. Текшерилген күнү 25 -август (баш оона) 2014. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.
- ↑ Государственный классификатор система обозначений объектов административно-территориальных и территориальных единиц Кыргызской республики
- ↑ 2009 калкты каттоо. Жалал-Абад облусу. Текшерилген күнү 25 -август (баш оона) 2014. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.