Төрөбеков Бекжан Төрөбекович

Төрөбеков Бекжан Төрөбекович - И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин илимий иштер жана тышкы байланыштар боюнча проректор, техника илимдеринин доктору,  профессор, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер.

Туулган жылы:

20 -октябрь 1958(1958-10-20) (65 жаш)

Туулган жери:

Токтогул, Кыргызстан

Өлкө:

 Кыргызстан

Илимий чөйрөсү:

техника

Иштеген жери:

Кыргыз Мамлекеттик Техникалык Университети

Илимий даражасы:

техника илимдеринин доктору

Илимий наамы:

Профессор

Сыйлыктары


"Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкери" ардак наамы

Сайты:

kstu.kg

Кыскача өмүр таржымалы жана билими түзөтүү

Төрөбеков Бекжан Төрөбекович - 1958-жылы Кыргыз Республикасынын Токтогул районундагы Жаңы-жол айылында туулган,

  • 1981-ж. – Токтогул районунун В.Куйбышев атындагы орто мектепти алтын медаль менен бүтүргөн (учурда Мулкубат орто мектеби)
  • 1976 — 1979-ж. — Фрунзе политехникалык институтунун инженер-механик адистигинде окуган;
  • 1979-1981-ж.- Киев автоунаа-жол институтунун (КАЖИ) автоунаа факультетинде окуп, аны артыкчылык диплому менен бүтүргөн;
  • 1985-1989-ж. — Киев автоунаа-жол институтунун аспирантурасында билим алган;
  • 1992-ж. – КАЖИде илимий кандидаттык диссертациясын жактаган;
  • 1995-ж. – Автоунаа кафедрасынын доценти илимий наамы ыйгарылган;
  • 2002-ж. – ОшТУнун профессору илимий наамы ыйгарылган;
  • 2007-ж. — И.Раззаков атындагы КМТУнун профессору болуп дайындалган
  • 2017-ж.- техника илимдеринин доктору диссертациясын жактаган

Кошумча кесиптик билим жана дасыгууну жогорулатуу түзөтүү

  • 1996 - ж. - ТРАСЕКА долбоору боюнча кыска мөөнөттүү окутуу курстарынын тренерлер үчүн Б-секториалдык тренинг, Алматы ш.;
  • 2006 - ж. - Россия Федерациясынын Стандартташтыруу, метрология жана сертификация Академиясынын Кыргыз филиалында дасыгуунун жогорулатуу курсу
  • 2009 - ж. - ТРАСЕКА программасы, Транспорттук окуу боюнча тренинги. Стамбул, Түркия
  • 2009 - ж. - “Университетти жана билим берүүнүн сапатын башкаруу” программасы, такшалтма, Цинциннати ш., АКШ;
  • 2010 - ж. - Билим берүү программаларын аккредитациялоо жана жаңы муундагы негизи билим берүүнүн программаларын иштеп чыгуу программасынын алкагында дасыгуунун жогорулатуу.  Москва, НИТУ “МИСиС”
  • 2017 - ж. - Академиялык мобилдүүлүк жана эл аралык кызматташтык боюнча Евразия биримдигинин “Билим берүүдөгү инновациялык технологиялары” кошумча кесиптик программасы, Прага шаары, Чехия Республикасы

Эмгек жолу жана ишмердүүлүгү түзөтүү

Кесиптик эмгек жолун 1981-жылы Фрунзе политехникалык институтунун (ФПИ) Ош кечки окуу факультетинде  (ОКФ) окутуучу болуп иштеп баштаган.

  • 1981 – 1985-ж. – ФПИнин Ош факультетинин окутуучусу;
  • 1989 – 1990-ж. – ФПИнин Ош факультетинин окутуучусу;
  • 1990 – 1993-ж. – ФПИнин Ош факультетинин, филиалынын окутуучусу, доцент;
  • 1993-ж. – ФПИнин Ош филиалы Ош технологиялык колледжи болуп түзүлгөн, окуу бөлүмүнүн башчысы;
  • 1994-ж. – Ош технологиялык колледжи, окуу-маалыматтык борборунун башчысы;
  • 1996-ж. – Ош технологиялык университетинин (ОшТУ) унаа жана энергетика факультетинин деканы;
  • 2000-ж. – ОшТУнун экономика жана каржы проректору;
  • 2002-ж. – ОшТУнун экономика жана аралыкта окутуу проректору;
  • 2003-ж. – ОшТУнун окуу иштери боюнча биринчи проректору;
  • 2003-2010-жж. – И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин (КМТУ) “Унаа менеджменти” кафедрасынын башчысы;
  • 2004-2012-жж. – И.Раззаков атындагы КМТУнун Окуу иштери боюнча биринчи проректор;
  • 2012-2016-жж. — И.Раззаков атындагы КМТУнун Өнүгүү боюнча проректору;
  • 2016 - 2021-жж. — И.Раззаков атындагы КМТУнун Өнүгүү жана мамлекеттик тил боюнча проректору;
  • 07.07. 2021-жж. — И.Раззаков атындагы КМТУнун Илимий иштер жана тышкы байланыштар боюнча проректору;

Коомдук жана илимий-инновациялык ишмердүүлүк түзөтүү

  • 1982-1985-жж. – ФПИнин  Ош факультетинин комсомол комитетинин катчысы;
  • 2003-2007-жж. – Ош шаардык Кеңешинин депутаты;
  • 2004-жылдан баштап КР Билим берүү жана илим министрлигинин Окуу-методикалык бирикмесинин төрагасы; окуу-методикалык секциянын төрагасы;
  • 2008-2011-жж. – сертификациялоо системасы боюнча сапат менеджменттин эксперти;
  • 2008, 2011-ж. – КР Экономикалык жөнгө салуу  министрлигинин эксперти;
  • 2011-ж. ЕврАзЭСтин астында унаа саясат Кеңешинин унаа тармагындагы билим берүү жана илим боюнча жумушчу тобунун мүчөсү;
  • 2011-2013-жж. – Кыргыз Республикасынын жогорку билим берүү системасын реформалоо боюнча Улуттук команданын эксперти;
  • 2008,2011- Кыргыз Республикасынын “Жер үстүндөгү унаа каражаттарынын коопсуздугу боюнча техникалык регламенти” мыйзам-долбоорун иштеп чыгуу жана “КРнын жер үстүндөгү унаа каражаттарынын коопсуздугу боюнча жалпы техникалык регламенти” Мыйзам долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча эксперттик коммисиясынын төрагасы жана мүчөсү;
  • 2018-ж. баштап Аккредитациялоо боюнча чет элдик эки агенттиктин (Казакстан) жана КРнын эки аккредитациялык агенттиктердин эксперти ;
  • 2019-ж. баштап - КР Транспорт жана жолдор министрлигинин коомдук кеңешинин мүчөөсү.
  • "2004-2015-ж.ж. Кыргыз Республикасында инженердик билим берүү Концепциясын" иштеп чыгуу боюнча жумушчу тобунун мүчөсү;
  • "2017-ж. чейин Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү Концепциясынын" эксперттик тобунун мүчөсү;
  • 2007-ж. - "Сорос - Кыргызстан " фондунун “ЖОЖдордо сапат кепилдигинин ички системасын уюштуруу” колдонмосун иштеп чыгуу боюнча редакциялык топтун мүчөсү;
  • 2009-ж. - “Билим берүү” Улуттук долбоорунун Концепциясын иштеп чыгуу боюнча жумушчу тобунун мүчөсү;
  • 2013-2014-жж. - Бакалавр жана магистрдик программалардын III муундагы Мамлекеттик окуу стандарттарынын экспертизасына катышуу;
  • 2013-2016-жж. –PhD, магистр программаларын, жана аккредитациялоо боюнча  ченемдик базасын түзүүгө катышуу;
  • 2016-ж. - Кыргыз Республикасынын ЖОЖдордун рейтингин аныктоо боюнча Жобосун иштеп чыгуу жана ишке ашыруу. Республикада биринчи жолу мамлекеттик ЖОЖдордун рейтинг системасын түзүүнү жетектеген.
  • 2006-2015-жж. ДААД, ТАСИС, Дүйнөлүк банк, "Сорос - Кыргызстан" , ТРАСЕКА, ТЕМПУС долбоорлорунун жана программаларынын катышуучусу

180ден ашуун илимий иштердин автору, анын ичинде 1 монография, 4 окуу куралы даярдалган, 7 автордук күбөлүктүн,  2 патенттин ээси. 3 илимдин кандидатын жетекчилик кылып коргоого чыгарган. Диссертациялык кеңештин мүчөсү. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин 7 илимий гранттарынын жетекчиси жана аткаруучусу болгон. Илимий жана усулдук  изилдөөлөрдүн жыйынтыктары Кыргыз Республикасынын жогорку билим берүү системасын, ЖОЖдорду маалыматтык башкаруу ишмердүүлүгүн, унаа тармагын өнүктүрүү боюнча програмалык документтерге киргизилген.

Сыйлыктары түзөтүү

  • 1996-ж. -  “Кыргыз Республикасынын элге билим берүү мыктысы” белгиси;
  • 1999-ж.- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы;
  • 2006-ж. - Кыргыз Республикасынын автоунаа жана коммуникация министрлигинин Ардак грамотасы;
  • 2007-ж. -  Кыргыз Республикасынын баскетбол Федерациясынын Ардак грамотасы;
  • 2010-ж. - Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы;
  • 2014-ж. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин Ардак грамотасы;
  • 2014-ж. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы;
  • 2015-ж. - КРдин Президентине караштуу Улуттук тил комиссиясынын “Кыргыз тили” төш белгиси;
  • 2018-ж - КРнын Транспорт жана жолдор министрлигинин “Ардактуу автотранспортчу” белгиси.;
  • 2018-ж. - "Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкери" ардак наамы;
  • 2020-ж. - Билим берүү программаларын жана мекемелерин аккредитациялоо боюнча агенттигинин "Ардак грамотасы".