Кол өнөрчүлүк

1) кол эмгегине негизделген майда өндүрүш; ири машина индустриясы пайда болгонго чейин өнөр жайы буюмдарын колго жасоо. Кол өнөрчүлүк байыркы заманда эле пайда болгон. Эмгектин коомдук бөлүнүшүнүн натыйжасында үй Кол өнөрчүлүк, өтүнүч Кол өнөрчүлүк жана базар Кол өнөрчүлүк болуп бөлүнөт. Үй Кол өнөрчүлүк өз керектөөсүн камсыз кылуу үчүн буюм жасайт. Ал чарбанын башка тармагынан бөлүнбөстөн, өндүрүштө эмгектенген адамдардын жардамчы кесиби болгон. Үй Кол өнөрчүлүк натуралай чарбага таандык болуп, анын элементтери менен өсүп-өнүккөн. Эмгектин коомдук бөлүнүшүнүн өнүгүшү натуралай чарбаны бүлүндүрүп, Кол өнөрчүлүктү көбөйтөт. Ал айыл чарбадан бөлүнүп, өтүнүч жана базар кол өнөрчүлүгүнө ажырайт. Өтүнүч кол өнөрчүлүгү — устанын же кардардын өз сырьёсунан буюм жасоо өндүрүшү. Бул учурда кол өнөрчүлөр айыл чарба ишинде көп иштегени менен өнөр жайы эмгегин аткаруучу бөтөнчө топко айланат. Базар кол өнөрчүлүгү — майда товар өндүрүшү. Кол өнөрчү буюмду керектөөчүгө жергиликтүү базарда же соодагер аркылуу сатат. Ошондой эле Россияда да дыйкан кол өнөрчүлүгү, шаар кол өнөрчүлүгү сыяктуу Кол өнөрчүлүктүн түрлөрү болгон;

2) уста, уз, зергерлердин байыртадан муундан муунга мурас катары өткөн асем буюмдарды жаратуучу кесиби; улуттук маданияттын ажырагыс бөлүгү, калктын тарыхый эстелиги, калк казынасы, чеберчиликтин натыйжасы. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү мал чарбачылыкка байланыштуу, көчмөн турмуштун негизинде өнүккөн. Кол өнөрчүлүктө жүн, тери, кыл, мүйүз, сөөк, жыгач, чий, темир, күмүш, жез, калай, акак, таш, шуру, мончок, седеп жана башкалар кеңири колдонулган. Өсүмдүк тамырынан, кабыгынан жана жалбырагынан боёк даярдап, анык чеберлер таң каларлык буюмдарды жаратышкан. Кол өнөрчүлүктүн түрлөрүнө: оймочулук (шырдак, жабык баш), саймачылык (жүз аарчы, суу жоолук, белдемчи, туш кийиз), зергерчилик (шакек, сөйкө, билерик, чолпу, кемер кур, ат жабдыктары), мүйүзчүлүк (кыз-келиндердин асем буюмдары, тарак, абалак, чакча), жыгаччылык (боз үй жасалгалары, үй эмеректери, ат жабдыктары, комуз), кырмачылык (идиш-аяктар жана башкалар), чырмакчылык (чыгдан, канат чий), темирчилик (тулга, капкан, ооздук, тогоо жана башкалар ат жабдыктары), түймөчүлүк (тегирич, чачы), өрмөчүлүк (камчы, жүгөн, куюшкан, басмайыл, көмөлдүрүк, чидер), өрмөкчүлүк (таар, шалча, чепкен, кап), бычмачылык (кийимдер), куракчылык (жер төшөк, туш кийиз, килемче жана башкалар), ташчылык (жаргылчак, тегирмен), теричилик (шири, кайыш), килемчилик (килем токуу), боёкчулук (жүн боёо), эшмечилик (чылбыр), кытаттоо (тери жана башкалар) өңдүүлөр кирет. Учурда чеберлер байыртадан келе жаткан элдик ыкмаларды кеңири пайдаланып, Кол өнөрчүлүктү андан ары өнүктүрүүдө. Борборубуздагы «Кыял» жана жер-жерлердеги Кол өнөрчүлүк бирикмелер жараткан салттык көркөм буюмдар чет өлкөлүктөрдүн кызыгуусун туудурууда.

Колдонулган адабияттар түзөтүү